Абдуллах бин Жалал кеп кылат: Бир жолу көчөдө бара жатсам, алдымдан бир христиан кыз өтүп калды. Ага бир тигилип карасам, ушунчалык сулуу экен, мен андан көзүмдү кайра ала албай карап калдым. Ошол учурда Абдуллах бин Балхи менин жаныма келип калды. Ал:
- Бул жерде эмне кылып турасың? - деп сурады.
- Хазрат, мына бул сулуу кызды көрүп, Аллах Таала ушундай кооз жанды да тозокко таштап жибереби деп ойлонуп калдым.
- Азыр кылган күнөөңдүн кесепетин кийинчерээк көрөсүң, - деди ал, мени көкүрөккө муштап. Анын сөзүнө анча деле маани бербей, артынан бастым. Арадан жыл өтпөй, канча жыл мээнет кылып жаттаган Кураным эсимден чыгып кетсе боло... Ошондо гана хазраттын алиги сөзүн эстедим, чыны, мындай жазага ылайык ошол күнкү күнөөмдөн башка эч бир күнөөмдү эстей албадым...