Дуба кабыл болчу жайлар

Дубанын кабыл болуусу үчүн атайын кайсы бир жерге баруунун зарылдыгы жок. Туура эмес ишеним жана туура эмес түшүнүктөн мазар-ларды, кабырларды, тоо-таштарды, бак-дарак-тарды ж.б. дуба кабыл боло турган орун катары эсептеп, атайын ошол жерге келип дуба кылган адамдар бар. Бул динде жок, дубасынын кабыл болгону ары турсун, адамдын ишенимин бузуп ширк кылууга түрткү боло турган жаман иш. Ошондуктан сүннөттө айтылбаган жерлерге ата-йын дуба кылуу үчүн баруунун зарылдыгы жок. Ал эми сүннөттө айтылган, дубанын кабыл болчу орундар төмөнкүлөр.

1. Ажы же умра амалын аткарып жаткан кишинин “Сафа” жана “Марва” тоосундагы дубасы. “Сафа” жана “Марва” тоо деп аталганы менен азыр Харам мечитинин ичинде калган. Ажы же умраны аткарганы барганда ушул эки тоонун ортосунда жети жолу басуу важыб. Ошондо “Сафага” чык-канда да, “Марвага” чыкканда да дуба кылынат.

Жаабир  пайгамбарыбыздын  ажылыгы тууралуу узун сабак хадис айтып, анын ичинде буларга токтолгон: “... анан эшиктен “Сафа” тарапка чыгып, “Сафага” жакын-даганда: “Сафа жана Марва Аллахтын (дининин) белгилеринен...”[1] деген аятты окуду да: “Мен дагы Аллах биринчи атаган жерден баштайм” – деп, Сафадан баштады. Ага көтөрүлүп, Кааба көрүнгөндө, ошол тарапка жүзүн буруп: “Аллах-тан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал – Жалгыз, Анын шериги жок, мүлк жана мактоо Ага таандык. Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү. Аллахтан башка ибадатка татык-туу кудай жок, Ал – убадасын аткарган, пендесине жардам берген, башкаларды жеңген Жалгыз Аллах” – деп үч жолу дуба кылды... Андан кийин Марвага чыкканда да ушинтти”.[2]  

2. Арафаттагы дуба.

Амр бин Шуьайб чоң атасынан уккан айтат, анын айтымында, Аллахтын элчиси  минтип айткан: “Дубанын эң жакшысы – Арафаттагы дуба. Менин жана менден мурдагы пайгамбарлардын (бул жерде) айткан эң жакшы сөзү: “Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал – Жалгыз, Анын шериги жок, мүлк жана мактоо Ага таандык. Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү”.[3]

3. Каабанын же Хижрдин ичиндеги дуба. Хижр деп Каабанын бир жагындагы така сыяктуу дубалды айтат. Башында ошол Каабанын бир дубалы болгон. Кийин оңдоп-түзөгөндө дубалды көтөргөнгө адал каражат жетишсиз болуп, Кааба кичирейтилип, бир жак пайдубалы калып калган. Ал Каабанын бир жак дубалы болгондуктан Кааба деп эсептелет да, Каабаны айланып тооп кылган-да, анын сыртынан айланышат.

Усама бин Зайд  айтат: Аллахтын элчиси  Каабага киргенде анын туш тарабына карап дуба кылган”.[4]

Абдуллах бин Амр  айтат: Аллахтын элчиси  Каабага киргенде аны менен Усама бин Зайд, Билал жана Усман бин Талха кошо кирди. Анан эшикти жаап коюшту. Эшикти ачкан-да, мен биринчи Билалды көрдүм. “Аллахтын элчиси анын ичинде намаз окудубу?” – деп сура-дым. Ал: “Ооба, Йемен тараптагы эки түркүктүн ортосунда намаз окуду” – деди.[5]

Айша энебиз  айтат: Аллахтын элчисинен “Хижрди” сурап: “Бул да Каабадан бо-луп эсептелеби? “ – десем, ал: “Ооба” – деди. “Анда аны эмнеге Каабага кошподуңуздар?” – десем, “Сенин коомуң напаканы азыраак беришти” – деди. [6]



[1] Бакара сүрөсү, 158-аят.

[2] Имам Муслим, 2/888, 1218-катар сандагы хадис.

[3] Имам Тирмизи, 3585-катар сандагы хадис.

[4] Имам Бухари, 2/194.

[5] Имам Муслим, 2/967, 1339-катар сандагы хадис.

[6] Имам Муслим, 2/973, 1333-катар сандагы хадис.

2021-12-31 14:36:00
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз