Дуба кабыл болчу убактар

Шарттары, адеп-тартиптери талаптагыдай болгон дубаларыбыздын баары Аллах кааласа кабыл болот. Буга ишенебиз. Ошол эле учурда дубанын кабыл болуусуна дагы көбүрөөк ишеним артылган учурлар бар. Мындай учурлардагы дуба-лар эч шек-күмөнсүз кабыл болору айтылган. Пенделерине мээрими чексиз Аллах Таала мындай убактарды бизге Куран жана сүннөт аркылуу бил-дирген.

1. Кадыр түнү. Кадыр түнүнүн көп артыкчылыктары бар. Ошол артыкчылык-тарынын бири бул түндөгү дуба-тилектердин ка-был болушу. Аллах Таала бул түндүн артык-чылыгы тууралуу буларга токтолгон: “Чынында, Биз аны Кадыр түнүндө түшүрдүк. Кадыр түн эмне экенин сен кайдан билмек элең? Кадыр түн миң айдан артык. Бул түнү Раббисинин уруксаты менен түрдүү иштер үчүн периште-лер жана Жебиреил жер бетине түшөт. Ал таңга чейин тынчтык түнү”.[1]   

Айша энебиз  айтат: Аллахтын элчисине : “Эгер Кадыр кечеси кайсы түн экенин билип калсам, ал түнү эмне кылайын?” – деп сурасам, ал: “Аллахым, Сен Кечиримдүү, Берешенсиң, кечиримдүүлүктү жакшы көрөсүң, мени кечиргин” деп дуба кылгын – деди.[2]  

2. Парз намаздары окулуп бүткөндөн кийинки убакыт. Беш убак парз намаздын кайсы бири болбосун, окулуп бүтөр замат дароо дуба кылган жакшы.

Абу Умама Баахили  айтат: Бирөөлөр Аллахтын элчисинен : “Кайсы убактагы дуба уккулуктуу?”[3] – деп сурашты эле, Аллахтын элчиси : “Түндүн акыркы бөлүгүндөгү жана парзнамаздарынан кийинки дубалар”[4] – деп жооп берди.

3. Түндүн акыркы бөлүгү. Негизи түндөгү ибадаттын, дубанын күндүзгүгө караганда артык-чылыгы бар. Айрыкча, түн ичиндеги напил намаз-дар күндүзгү парз намаздардан кийинки эле орун-дагы сооп-сыйлуу намаздар. Ошондой эле түн ичиндеги дубалар да кабыл болуусу ишеничтүү. Бул тууралуу жогорудагы хадисте да айтылды.

Аллах Таала Куранда түн оогондон кийин истигфар айтып, кечирим тилегендерди мактап мындай деген: “Такыбалар бейиштерде, булак-тарда, Раббиси берген сыйлыктарды алышат. (Анткени) алар буга чейин жакшылык кылуучу болгон. Алар түндө бир аз эле укташкан. Таңга жуук кечирим сурашкан...”.[5]

Амр бин Уьсба  айтат: Аллахтын элчиси : “Аллахтын пендесине эң жакын болгон учуру түндүн акыркы бөлүгү, ушул убакта Аллахты эстөөчүлөрдөн болууга алың жетсе, анда ошондой кыл”[6] – дегенин уккам.

Абу Хурайранын  айтымында, Аллахтын элчиси  минтип айткан: “Улуу, Берекелүү Раббибиз ар бир түндө, түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асма-нына түшөт да: “Ким Мага дуба кылса, жооп берем, ким Менден сураса, сураганын берем, ким Менден кечирим тилесе, аны кечиремин” деп айтат”.[7]

Усман бин Абу Аастын  айтымында, пайгамбар  минтип айткан: “Түн жа-рымынан оогондо асман эшиктери ачылып: “Дуба кылуучу болсо, ага жооп берилет, суроочу болсо, ага сураганы берилет, кыйналган болсо, ага жеңилдик берилет” деп жар салынат. Ушул убакта дуба кылган мусулмандын дубасы кабыл болбой калбайт. Бир гана абийирин са-тып зына кылган аял, анан элдин мал-мүлкүн залымдык кылып алган кишинин дубасы кабыл  болбойт”.[8]  

4. Азан менен икооматтын ортосундагы убакыт. Азан айтылып бүткөндөн кийин икоомат айтылганга чейинки ортодогу бир аз убакытта бе-кер отурбай дуба кылып отуруу жакшы. Анткени, ушул учурдагы дубалардын да кабыл болуу ише-ними жогору.

Анас бин Маликтин  айтымында, Аллахтын элчиси  “Азан менен икоматтын ортосундагы дуба кайра кайта-рылбайт, ушул убакта дуба кылгыла”[9] – деп айткан.

5. Намазга икомат айтылган учур. Жогоруда азан менен икоматтын ортосундагы дубалар ка-был болору тууралуу айтылды. Башка хадистерде азан айтылып жаткан учурда, азанчынын айтка-нын кайталап, анан пайгамбаргы салам-салават айтып, бейиштеги “Васила” деп аталган орунду пайгамбарга бергин деп дуба кылган адамга ша-паат-колдоо көрсөтөрү айтылган. Демек, азан ай-тылып баштагандан тартып, икоомат айтылып намаз башталганга чейин дуба менен алектенүү зарыл. Ушул убактардагы дубаларды Аллах каала-са артка кайтарбай кабыл кылат.

Сахлдын  айтымында, Аллахтын элчиси : “Эки учур бар, бул учурдагы дубалар артка кайтарылбайт: намазга  икоо-мат айтылган учур, Аллах жолундагы казат-ка аттанып сапта турган учур”[10] – деген.

6. Жамгыр жаап жаткан учур.

Сах бин Саьд  айтат: Аллахтын элчиси  минтип айткан: “Эки учур бар, бул учурдагы дубалар артка кайтарылбайт: на-мазга икоомат айтылган учур жана жамгыр жаап жаткан учур”.[11]

7. Түн ичиндеги бир аз убакыт. Кечки шам намазы окулгандан тартып, таң сүргөнгө чейинки аралык түн деп эсептелет. Мына ушул аралыкта кайсы учур экени так айтылбаган бир аз убакыт бар, ошол убакта дуба кылынса, кабыл болот.

Жаабир  айтат: Аллахтын элчиси : “Түн ичинде бир убакыт бар, мусулман кишинин дүйнө жана акырет жак-шылыгын тилеген дубасы ушул убакка туш келип калса, тилегени берилет, бул убакыт ар бир түндө бар” – деп айтканын уккам.[12]

8. Жума күнүндөгү убакыт. Бейшембинин дигери бүткөндөн баштап, Жуманын дигерине чейин Жума күнү деп эсептелет. Мына ушул бир сутканын ичинде кайсы учур экени так айтыл-баган бир учур бар, ошол учурдагы дубалар да кынтыксыз кабыл болот. Кээ бир аалымдар дуба кабыл боло турган бул убакыт Жума күнүнүн күндүзүнө тиешелүү, б.а. күндүзгү он эки сааттын ичинде деп айтышкан.

Абу Хурайранын  айтымында, Аллах-тын элчиси  Жума күнү тууралуу сөз козгоп: “Бул күнү бир учур бар, мусулман пенде туруп намаз окуп, анан Аллахка дуба кылып суранган дубасы ушул учурга туш келип калса, анда ага сураганын берет”[13] – деген.

Абу Хурайра  айтат: Пайгамбар : “Жума күнү бир учур бар, мусулман пенде Аллахтан жакшылык тилеп кылган дубасы ушул учурга туш келсе, анда ага сура-ганын берет. Бул учур Дигерден кийин”[14] – деп айткан. 

Жаабирдин  айтымында, Пайгамбар  мындай деген: “Жума күнү он эки сааттан турат, анда бир учур бар, ушул учурда мусулман Аллахтан эмнени сураса, Аллах берет. Бул учурда Дигердин акыркы сааттарынан издегиле”.[15]

Абу Бурда бин Абу Муса Ашари айтат: Абдуллах бин Умар  менден: “Сенин атаң Аллахтын элчисинен Жума күндөгү дуба кабыл боло турган убак жөнүндө айтканын уккан бекен?” – деп сурады. Мен: “Ооба, Аллахтын элчиси : “Ал убак имам отурган учурдан баштап, намаз окулуп бүткөнгө чейин ара-лыкта” дегенин уккам деп, атам мага айткан” – дедим.[16]

9. Жакшы ниет менен “Замзам” суусун ичкен учур. Замзам суусун ичерде айтыла турган атайын дайындалган дуба тууралуу пайгамбар-ыбыздан  ишенимдүү хадис келген эмес. Бирок, Замзам суусун эмне ниет менен ичсе, ошол ниетиндегидей болору айтылган.

Жаабирдин  айтымында, пайгамбар : “Замзам суусу эмне ниетте ичилсе ошондой болот”[17] – деген.

10. Намазда сажадага жыгылган учур. Парзбы, напилби, кайсы намаз болбосун, саждага жыгылып, бешенени жерге койгон учурдагы дуба кабыл болот. Ошон үчүн саждада көбүрөөк дуба кылууга тырышуу керек.

Абу Хурайранын  айтымында, Аллах-тын элчиси : “Пенде Раббисине эң жакын болгон учур анын саждадагы учуру, ушул учурда көбүрөөк дуба кылгыла” – деп айткан.[18] 

 11. Юнус пайгамбардын дубасын айткан учур. Юнус пайгамбарды кит жутуп алганда киттин ичинде Аллахка дуба кылат. Аллах анын дубасын кабыл кылып, кит аны жээкке бүркүп таштайт. Ал бүтүндөй себептин баарынан үзүлүп, бир гана Аллахтан башка эч ким аны сактай албас-тыгын даана билип, бекем ишеним менен дуба кылган. Дуба кылганда алгач Аллахты жалгыздап, анан Аны аруулап, анан өзүнүн кемчилигин моюн-дап дуба кылган.

Саьд бин Сахл  айтат: Аллахтын элчи-си  минтип айт-кан: “Зиннундун кит-тин ичиндеги дубасы мындай: “Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок, бардык кем-чиликтен аруусуң, мен өзүнө-өзү залым кылуу-чулардан болдум”, мусулман киши ушул дубаны айтып эмнени сураса, Аллах ага жооп берет”.[19]  

12. Жакынынан айрылып, же башына кыйынчылык, балээ түшкөн учур.

Адам кыйын-чылыкка кабылып, башына кандайдыр бир балээ келгенде, жайчылыкка караганда жүрөгү жум-шарып, дубага ыкласы күчөйт. Мына ушул учурда жакшылык тилеп дуба кылуу зарыл.

Умму Салама  айтат: Аллахтын элчиси : “Мусулмандын башына кыйынчы-лык түшкөндө: “Баарыбыз Аллахка таандык-пыз, барыбыз Ага кайтабыз. Аллахым, бул кыйынчылыктын ордуна сооп бер, (жогот-конумду) мындан жакшысына алмаштыр” деп дуба кылса, Аллах андан жакшысына алмаш-тырат”[20] – дегенин уккам.

13. Адам каза болгон учур.

Умму Салама  айтат: Аллахтын элчиси  Абу Саламага кирди. Анын көзү шыпты карап калды эле, колу менен сылап көзүн жум-дурду да: “Жан денеден чыкканда аны көз ээрчийт” – деди. Аны уккан үй-бүлөсү чуру-чуу боло баштады эле: “Жалаң гана жакшылыкты дуба кылгыла, анткени периштелер айтка-ныңарга “амиин” деп турат” – деп эскертти да, анан дуба кылды...”.[21]

14. Намазда үрүкүдөн өйдө болгон учур.

Абу Хурайранын  айтымында, Аллах-тын элчиси минтип айткан: “Имам: “Самиьал-Лааху лима хамида” дегенде, милер: “Аллахумма, Роббанаа ва лакал хамду” дегиле. Анткени, кимдин ушул айтканы периштелер-дин айтканына туш келип калса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет”.[22]

15. Намазда акыркы ташахуддан соң пайгамбарга салават айткандан кийинки учур.

Эки дүүрүт-салаватты айткандан кийин салам берүүдөн мурда айтылган дуба кабыл болот.

Абдуллах бин Масуьд  айтат: Мен намаз окуп жаткам, Аллахтын элчиси , Абу Бакр жана Умар бар болчу. Отурганымда Аллахка мактоо айтуу менен баштадым, анан пай-гамбарга салават айттым, анан өзүмө дуба кыла баштадым. Ошондо пайгамбарыбыз : “Сура, сураганың берилет, сура, сураганың берилет”[23] – деди. 

Фазаала  айтат: Пайгамбар  бир кишинин намаз окуп, Аллахты улуктап, Ага мактоо айтып, анан пайгамбарга салават айтка-нын угуп: “Дуба кыл, дубаң кабыл болот, сура, сураганың берилет”[24] – деди.

16. Даарат алгандан кийин.

Умар бин Хаттаб  айтат: Пайгамбар  мындай деген: “Силердин кимиңер болсо да талаптагыдай жеткиликтүү даарат алып, анан: “Аллахтан башка ибадатка тат-ыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем” десе, ага бейиштин сегиз эшиги ачылат да, каалаганынан кирет”.[25]  

17. Бешимден мурда күн чак түштөн оой баштаган учур.

Абдулла бин Сааиб  айтат: Аллахтын элчиси  Бешимден мурда күн чак түш-төн оогондо төрт ирекет намаз окуп: “Ушул учур-да асман эшиктери ачылат, ошондуктан, бул учурда жакшы амалдарым асманга көтөрү-лүшүн каалайм”[26] – деди.

18. Рамазан айында. Рамазан айы киргенден баштап чыкканга чейин кайсы убакта болсо да дуба кылуу жакшы. Көп аалымдар айтымдарга таянып орозо туткан кишинин ооз ачаар мезгил-деги дубасы кабыл болот деп айткан. Бирок, пайгамбарыбыздын  Рамазандын ар-тыкчылыгы тууралуу хадистеринен улам, Рамазан айында кайсы убак болсо да дубанын кабыл болуусу ишеимдүү экенин билебиз. Анткени, бул айда асман эшиктери ачылып, адамдар тозоктон азат кылынып, Аллахтын ырайым-мээри жаайт.

   Абу Хурайранын  айтымында, Аллах-тын элчиси : “Рамазан айы киргенде бейиштин эшиктери ачылат, тозок-тун эшиктери жабылат, шайтандар кишенде-лет” – деген.[27]  

19. Адамдар чогулуп Аллахты эстеп отурган учур. Мечитте болобу, же башка жердеби, айтор чогулган адамдар Аллахты эстеп, Аллахтын аятарын окуп, пайгамбардын хадис-терин айтып, дин тууралуу сөз кылып отурушса, бири-бирин жамандык тыйып, жакшылыкка үндө-сө, аларды периштелер ороп алат жана алардын дубасын Аллах кабыл кылат.

Абу Хурайра  кеп кылат, анын айты-мында бирде пайгамбарыбыз  минтип айткан: “Аллах Тааланын Аны эстеп зикир кылгандарды издеп кезип жүргөн периште-лери бар. Эгер Аллахты эстеп отурган жамаатты көрүп калышса: “Бияка келгиле, издегениңер ушул жакта экен” – дешет. Анан алар зикир кылуучуларды дүйнө асманына чейин канаттары менен ороп алышат. Аллах Таала Өзү билип турупалардан: “Пендем эмне деп жатат?” – деп сурайт. Алара: “Сени аруулап, улуктап, мактап, даңазалап жаты-шат...” – дейт. “Алар Мени көрүшүппү?” – деп сурайт. “Жок, ант берип айтабыз, алар Сени көргөн эмес”- дешет. “Алар Мени көргөндө эмне кылышмак?” – дейт. “Эгер Сени көргөндө, анда мындан да көп аруулап, мындан да көп улуктап, мындан да көп мактап жана мындан көбүрөөк даңазалашмак”- дешет. Аллах Таала: “Алар эмнени каалайт экен?” – деп сурайт. “Алар Сенден бейишти сурашат” – дейт периш-телер. “Алар бейишти көрүптүрбү?” – дейт. “Жок, ант берип айтабыз, алар бейишти көргөн эмес” – дешет. “Эгер бейишти көргөндө эмне кылышмак?” – дейт. “Эгер бейишти көр-гөндө, аны көбүрөөк сагынып, бекемирээк суранып, ага кирүүгө катуураак аракет кылышмак” – дешет. “Алар эмнеден сактонну суранышат?” – деп сурайт. “Алар Сенден тозок-тон сактоону суранышат” – дешет. “Алар тозокту көрүптүрбү?” – дейт. “Жок, ант берип айтабыз, тозокту көргөн эмес” – дешет. “Эгер тозокту көргөндө эмне кылышмак?” – деп сурайт. “Эгер тозокту көрүшкөндө, андан көбүрөөк сактанып, андан алыс болууга көбү-рөөк аракет кылышмак” – дешет. “Анда силердин күбөлүгүңөрдө аларды кечирдим” – дейт Аллах. Периштелерден бири: “Алардын арасында “баланча” деген бирөө өзүнүн кажети үчүн эле келген болчу” – дейт. “Алар чогуу отурушат, алардын эч бири куру калбайт” – дейт Аллах Таала”.[28]    

Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз  мындай деген: “Адамдар Аллахты эстеп отурушса, аларды периштелер курчап алат, Аллахтын ырайымы оройт, аларга бейпилдик түшөт жана Аллах аларды периш-телердин жанында эстейт”.[29]  

20. Короз кыйкырган учур.

Абу Хурайранын  айтымында, Аллах-тын элчиси : “Эгер короздун кыйкы-рыгын уксаңар, Аллахтын артыкчылыгынан сурангыла, анткени ал периштелерди көрөт. А эгер эшектин аңгыраганын уксаңар, анда Аллахтан шайтандан сактоосун сурангыла, анткени ал шайтанды көрөт”[30] – деген.

21. Зулхиджа айынын башкы он күнүндө. Бул айдын тогузунан баштап ажы амалы башталат, онунда Курман айт болот. Ушуга чейинки он күндө аткарылган бардык ибадат-тардын артыкчылыгы бар, б.а. бул күндөрдөгү амалдарды Аллах Таала өзгөчө жактырат. Анын ичинде бул күндөрү дуба кылуу да жакшы.

Ибн Аббастын  айтымында, пайгам-барыбыз : “Жакшы амалдар Аллах Таалага өтө жагымдуу болгон мына ушул он күндөн башка учур жок”  – деди эле, бирөөлөр: “О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби?” – деп сурады. “Аллах жолундагы жихад да жетпейт, бирок малы-жаны менен жихадга чыгып, өзү да, малы да кайтпай калган киши гана жетет”[31] – деди пайгам-барыбыз .



[1] Кадыр сүрөсү, 1-5-аяттар.

[2] Имам Тирмизи, 5/526, 3513-катар сандагы хадис; Имам Ахмад, 6/182, 25384-катар сандагы хадис.

[3] Уккулуктуу дегени, Аллахка бат жетчү, бат кабыл болчу деген маани.

[4] Имам Тирмизи, 5/526, 3499-катар сандагы хадис.

[5] Зарият сүрөсү, 17-18-аяттар.

[6] Имам Тирмизи, 5/569, 3579-катар сандагы хадис; Насааи, 572-хадис.

[7] Имам Бухари, 2/59, 1145-катар сандагы хадис; Имам Муслим, 1/521, 758-катар сандагы хадис.

[8] Табарини, “Муьжам ал-Авсат”, 3/173. 

[9] Имам Тирмизи, 1/415, 212-катар сандагы хадис; Абу Дауд, 1/144, 521-катар сандагы хадис.

[10] Ибн Хаббан, 1740-катар сандагы хадис.

[11] Абу Дауд, 3/12, 2540-катар сандагы хадис; Хааким, 2/114.

[12] Имам Муслим, 1/521, 757-катар сандагы хадис.

[13] Имам Бухари, 1/353, 935-катар сандагы хадис; Имам Муслим, 2/583,852-катар сандагы хадис.

[14] Имам Ахмад, 2/272, 7151-катар сандагы хадис.

[15] Абу Дауд, 1/275, 1048-катар сандагы хадис; Насааи, 3/99-100, 1389-катар сандагы хадис.

[16] Имам Муслим, 1/584, 853-катар сандагы хадис.

[17] Ибн Маажа, 2/1018, 3062-катар сандагы хадис; Имам Ахмад, 3/357, 14849-катар сандагы хадис.

[18] Имам Муслим, 1/350, 482-катр сандагы хадис.

[19] Имам Тирмизи, 5/529, 3505-катар сандагы хадис; Имам Ахмад

[20] Имам Муслим, 2/632-633, 918-катар сандагы хадис.

[21]  Имам Муслим, 2/634, 920-катар сандагы хадис.

[22] Имам Бухари, 1/193, 796-катар сандагы хадис; Имам Муслим, 1/306, 409-катар сандагы хадис. Мааниси: “Аллахым, Раббибиз, Сага мактоолор болсун”.

[23] Имам Тирмизи, 2/488, 593-катар сандагы хадис; Имам Ахмад, 1/26, 174-катар сандагы хадис.

[24] Насааи, 3/44, 1284-катар сандагы хадис.

[25] Имам Муслим, 1/210, 234-катар сандагы хадис; Имам Ахмад, 4/146, 12611-катар сандагы хадис.

[26] Имам Тирмизи, 2/342, 478-катар сандагы хадис.

[27] Имам Бухари, 6/336, 1899-катар сандагы хадис; Имам Муслим, 2/758, 1079-катар сандагы хадис.

[28] Имам Бухари, 7/167, 6408-катар сандагы хадис; Имам Муслим, 4/2069, 2689-катар сандагы хадис.

[29] Имам Муслим, 4/2074, 2700-катар сандагы хадис.

[30] Имам Бухари, 4/89, 3303-катар сандагы хадис, Имам Муслим, 4/2092, 2729-катар сандагы хадис.

[31] Имам Бухари, 969-катар сандагы хадис; Абу Дауд, 2437-катар сандагы хадис. 

2021-12-31 14:39:00
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз