Оболу, Жараткан Аллахка мактоо айтып, Аллахтын акыркы пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-дубай жолдоймун.
Арап тилинде «бирр» деген сөз бар. Жылуу-жумшак сүйлөө, сылыктык, айтканды аткаруу, жардам берүү, ыраазы кылуу, баш ийүү сыяктуу жакшылыктын баары ушул сөздүн ичинде. Ошол себептен бул сөздү көбүнчө “бирр ал-ваалидайн” “ата-энеге жакшылык кылуу” деп, ата-энеге карата колдонушат. Аллах Тааланын “ал-Барр” деген ысымы бар. “Чынында Ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу” (Туур сүрөсү, 28-аят) деген аяттагы “жакшылык кылуучу” деген сөз ушул “ал-Барр” деген ысымынын мааниси. Аллах Таала пенделерине жакшылык кылуучу, Анын жакшылыктарына эсеп жетпейт деген маани.
“Бирр ал-ваалидайн” тагыраак айтканда, “ата-энеге жакшылык кылуу” жогоруда айтылган жакшылыктын баарын камтыйт. Ата-энени сыйлоо деген түшүнүк, ата-энени сыйлоого кайра-кайра үндөө, тээ Адам ата менен Обо эненин ак никеси кыйылып, очор-бачар болуп, бала-чака күткөндө эле пайда болгон. Анткени, бала кашайгыр, ата-эненин мээнетин, алардын алдындагы милдетин билип турса деле моюн жоондугуна салып, алардын көңүлүн оорутуп, өзүм билемдик кылып, моюн толгоп чыга келет экен. Бир ата, бир энеден чыккан эки эгиздин пейили, кыял-жоругу эки башка чыгып, бири ата-эненин сөзүн сөз кылып, аларга баш ийсе, экинчиси текейден тескери кеткен учурлар көп. Бул тээтиги Адам атабыздын эгиз уулдары Кабыл менен Хабилдин бизге калтырган кешиги. Бири ата-энесин сыйлап, жакшы мамиле кылса, экинчиси тескери басып, атанын тилин укпай, акыры бир тууганын өлтүрүп тынат. Ата-энеге жаман карап, аларга моюн толгоп, кагып-силкип, тил тийгизип, кол көтөрүп, кууп чыгып, умшак айтканда карыялар үйүнө жеткирип коюу ошол замандан бери карай адам баласына мурас болуп келе жатат. Эгер бала ата-энесине эч качан жаман мамиле жасабаганда, анда эч бир динде ата-энеге жакшылык кылуу жөнүндө сөз болмок эмес. Тескерисинче, балдар ата-энеге жамандык кылганы көп болгону үчүн бардык диндерде, тагыраагы, бардык пайгамбарларга үммөттөрүнө ата-энеге жакшылык кылуу осятын жеткирүү жүктөлгөн.
Башка “ыйык” китептерге убакыт коротпой, а дегенде эле Касиеттүү Куранга кайрылалы. Куранда Аллах Таала жыйырмадан ашуун жерде ата-энеге жакшылык кылуу, аларга дуба кылуу жөнүндөгү аяттарды айткан. Бул аяттарды бир четинен карап чыгалы:
1. “Эстегиле, Биз Исирайил урпактарынан “Аллахтан башка кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сүйлөгүлө, намазды толук окугула жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер – бир аз кишиден башкаңар – жүз үйрүп кеттиңер” (Бакара сүрөсү, 83-аят).
Аятта Исрайил урпактары б.а. жөөттөр тууралуу сөз козголуп, аларга пайгамбары жогоруда айтылгандарды аткарууга ант-убада алганы баяндалган. Бул ант-убаданын биринчи пунктунда Аллахтан башкага сыйынбоо, шерик кошпоо, башка бир нерсени кудай деп ишенип албоо айтылса, ага удаа ата-энеге жакшылык кылуу айтылган. Демек, аларда да ата-энеге моюн толгогондор көп болгон. Ошон үчүн Аллах Таала Өзүнө сыйынуудан кийинки эле ишти ата-энеге жакшылык кылуу деп белгилеген.
2. “Аллахка ибадат кылгыла жана ага бирээр нерсени шерик кыла көрбөгүлө. Ата-энеңерге, тууган-туушкандарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга, тууганчылыгы бар кошуналарга, бөтөн кошуналарга, жаныңардагы жолдошуңарга, карып-мусапырларга жана кол астыңардагы адамдарга жакшылык кылгыла. Аллах текбер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт” (Ниса сүрөсү, 36-аят).
Бул аятта да диндеги эң маанилүү иш - жалгыз Аллахка сыйынуудан соң эле, ата-энеге жакшылык кылуу айтылган.
3. “Айткын: “Келгиле мен силерге Жаратуучуңар тыюу салган нерселерди окуп берейин: “Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла! Акыңар жок туруп, Аллах (өлтүрүүнү) тыюу салган адамдарды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди силерге буйруду” (Анаьм сүрөсү, 151-аят).
Бул аятта Аллах Таала күнөөлөрдүн эң оору ширктен тыйылуу менен ата-энеге жакшылык кылууну бир катар келтирген б.а. сени Жараткан Аллахка эч нерсени шерик кылба жана сенин жаралууңа себепкер болгон ата-энеңе да жакшы мамиле кыл деген сөз.
4. “Жаратуучуң бир гана Анын Өзүнө сыйынууга жана ата-энеге жакшылык кылууга буйруду, алардын бири же экөө тең сенин колуңда картайса, аларга “уф-ф” деп үшкүрбө, аларды кагып-силкпе, аларга жылуу-жумшак сүйлө. Аларга ырайым эшигин ачып: “Аллахым, мени кичинемде мээримиңе бөлөгөндөй аларга ырайым кыл” деп дуба кыл...” (Исра сүрөсү, 23-25-аяттар).
Көп учурда ата-эненин бири эрте дүйнө салып, бири калат, кээде Аллах өмүр берсе, экөө чогуу картаят. Мына ушул учурда аларга жакшылык кылуу өтө маанилүү, анткени ата-эне колунда күчү бар маалда уул-кыздын кызматына деле муктаж болбойт. Кептин баары ал-күчтөн тайып, колдон кубат, көздөн нур кеткенде башталат. Бул убакта адам бирөөнүн жардамына муктаж, тамагын ондоп жей албайт, дааратына жөндөп бара албайт. Мына ушул учурда уул-кыздын ыйманы текшерилет. Ата-эне жаш кезде баардык эле уул-кыз аларга жакшы мамиле жасагандай болот, бири келип алардын тамагын жеп кетет, дагы бири кара торпогун саттырып кетет, дагы бири ай аягында келип пенсиясын алып кетет. Бул учурда ким жакшылык кылып жатат, ким кылбай жатат анча деле маани берилбейт жана билинбейт. А карылык келгенде иштин баары ачыкка чыгат. Жогоруда айтылгандай дааратына бара албай төшөктөп калганда уул-кыздын кызматы абадай керек. Ушул учурда “уф-ф” деп жийиркенбей, ары карап ыйлап, бери карап күлбөй, чын ыкыласы менен тазалап, жууп-тарап, тамагын ичирип, кийимин кийдирген уул-кыздан садага кетсең болот. Басса-турса: “Аллахым, мен ымыркай кезде булар мага кандай мээримин төксө, Сен да буларга ошондой мээримиң төк” деп дуба кылган уул-кыздан айланса болот...
5. “(Иса пайгамбар) айтты: “Мен – Аллахтын пендесимин”. Ал мага китеп берип, пайгамбар кылды. Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага тирүүмдө намаз окуп, зекет берүүнү, энеме жакшылык кылууну буйруду. Ал мени таалайсыз таш боор кылбады” (Мариям сүрөсү, 30-32-аяттар).
Бул аятта Иса пайгамбардын айткандары баяндалган. Ал пайгамбар болгонуна карабастан, Аллах Таала аны апасына жакшылык кылууга буйруган. Мындан да ата-энеге жакшылык кылуунун маанилүүлүгүн түшүнсөк болот.
6. “Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буйрудук...” (Анкабут сүрөсү, 8-аят).
7. Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну өкүм кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөгөн соң) аны (эмчектен) ажыратуу (убагы) эки жыл. (О, инсан!) Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!” (Лукман сүрөсү, 14-15-аяттар).
8. “...жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрдү, кыйналып төрөдү. Аны көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай...” (Ахкаф сүрөсү, 15-аят).
Бул аяттарда да ата-энеге жакшылык кылуу айтылып, анан эненин бала төрөөдөгү, аны эмизүүдөгү башынан өткөргөн кыйынчылыктарын айткан.
Ата-энени сыйлоо жөнөкөй пенделер эмес пайгамбарларга да буйрулган, ата-энеге жакшылык кылуу пайгамбарлардын сапаттарынан. Бул тууралуу бир канча аяттарда кабар берилген. Мисалы:
1. “Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал – такыба, ата-энесине кайрымдуу болду. Текебер жана каршы чыгуучу болбоду” (Мариям сүрөсү, 13-14-аяттар).
Бул аятта Яхия пайгамбар тууралуу сөз болуп, ал ата-энесине кайрымдуу пенде болгондугу айтылган.
2. “(Иса пайгамбар) айтты: “Мен – Аллахтын пендесимин”. Ал мага китеп берип, пайгамбар кылды. Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага тирүүмдө намаз окуп, зекет берүүнү, энеме жакшылык кылууну буйруду. Ал мени таалайсыз таш боор кылбады” (Мариям сүрөсү, 30-32-аяттар).
Бул аяттарда Иса пайгамбар тууралуу баяндалган. Иса пайгамбардын атасы болгон эмес, ошон үчүн “энесине жакшылык кылууга” деп айтылган.
Ал эми пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келсек, анын өмүрү ата-энеге жакшылык кылууга чакыруу менен өткөн. Бул тууралуу жүздөгөн хадистерди айткан. Алты жашында ажырап калган апасынын кабырына барып, көз жашы сакалынан ылдый тамчылап ыйлап, ата-эненин кадыры бийик экенин иш жүзүндө көрсөткөн. Төмөндө ата-энеге сый болуу тууралуу кээ бир хадистерге токтолуп, анан сөздү улайлы.
1. Ибн Масуьд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчисинен: “Амалдардын эң абзели кайсы?” – деп сурасам, ал: “Убагында окулган намаз”, - деди. “Андан кийин кайсы?” – деп сурасам, ал: “Ата-энеге жакшылык кылуу”, - деп жооп берди... (Имам Бухари, 527; Имам Муслим, 85).
2. Абдуллах бин Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн хижрат кылууга жана казатка чыгууга сизге ант бергени келдим, - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ата-энеңдин бирөө жарымы тирүүбү?” – деп сурады. Тиги: “Ооба, экөө тең тирүү”, - деди. “Сен чындап Аллахтын ыраазылыгын табууну каалайсыңбы?” – деди пайгамбарыбыз. Тиги: “Ооба”, - деди эле, пайгамбарыбыз(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Анда дароо кайтып, аларга жакшылап кызмат кыл”, - деди. (Имам Муслим, Китаб ал-Бирр, 6).
3. Абдуллах бин Амир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисине келип, казатка чыгууга уруксат сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ата-энең тирүү барбы?” - деп сурады андан. Ал: “Ооба”, - деди. “Анда сен ошолорго казат кыл”, - деди Аллахтын элчиси. (Имам Бухари, 3004; Имам Муслим, 2549). “Ошолорго казат кыл” дегени, ата-энеңе жакшы карап, кызматын кыл деген маани.
4. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Бала атанын акысынан эгерим кутула албайт. Эгер атасы кул болсо, аны сатып алып, анан башын азат кылып жиберсе гана кутулат” (Имам Муслим, 1510).
5. Абу Саиьд ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Йеменден хижрат кылып көчүп келди. Пайгамбарыбыз(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Тиякта Йеменде туугандарыңдан калдыбы?” – деп сурады. “Ооба, ата-энем бар”, - деди тиги. “Сенин көчүп кеткениңе уруксат бериштиби?” – деп сурады. “Жок”, - деди тиги. “Анда аларга барып уруксат сура, уруксат берсе, кел, бербесе аларга кызмат кыл”, - деди пайгамбарыбыз (Абу Дауд, 2207).
6. Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисине келип: “О, Аллахтын элчиси, менде малым бар, балам бар, бирок атам менин малымдан алгысы келип жатат?” – деп сурады эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Сен өзүң да, малың да атаңа тиешелүүсүңөр”, - деди (Ибн Маажа, 1855).