Аллах Таалага эсепсиз мактоо айтып, пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-дубай жолдогондон кийин ата-эне тууралуу кебибизди кайра улантабыз. Өткөндө ата-энени сыйлоо тууралуу Аллах Тааланын буйруктарын, ата-энени сыйлоо жөнөкөй адамга эмес, пайгамбарлардын өзүнө да буйрук болгонун жана ата-энени сыйлоо тууралуу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир хадистерине токтолгонбуз. Эми, Кудай буйруса, ушул жаатта абалкы такыба кишилердин айткандарына учкай токтолуп, анан ата-энени сыйлаган адам кандай жакшылыктарга марырын кеп кылабыз.
Анда алгач сахабалардын жана алардан кийинки такыбаардын айткандарына токтололу:
1. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: “Пендени Аллахка жакындата турган амалдардын ичинен ата-энеге жакшылык кылуудан өткөн сооптуу амалды көрө албадым” (Сахих ал-Адаб ал-Муфрад, 35\6).
2. Абдуразак (аны Аллах ырайым кылсын) айтат: Хасан Басиринен (аны Аллах ырайым кылсын) бирөө: “Ата-энеге жакшылык кылуу дегенди кантип түшүнөбүз?” – деп сурады эле, ал: “Колуңда бардын баары аларга тиешелүү деп бил, алар эмне буйруса, аны аткарууга шашыл, мындай кылбасаң күнөөкөрсүң”, - деп жооп берди (Муснаф Абдуразак, 5\176).
3. Тайсала бин Мияс (аны Аллах ырайым кылсын) кеп кылат: Бирде Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) менден: “Тозоктон оолактап, бейишке кирүүнү каалайсыңбы?” – деп сурап калды. “Ооба, Аллахка ант болсун, самаганым ушул да”, - дедим. Ал: “Ата-энең тирүү барбы?” – деди. “Энем тирүү”, - дедим мен. “Анда, ага жылуу-жумшак сүйлө, тамагын тактап бер, ошондо эгер чоң күнөөлөргө барбасаң, бейишке кирүүң жеңил болот”, - деди (Сахих ал-Адаб ал-Муфрад, 34\3).
4. Абдуллах бин Умар (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: “Ата-энени сыздатуу алардын каргышына калды деген сөз” (Ибн Жавази, Ал-бирру вас-Силату, 59\30).
5. Хишам бин Урва (аны Аллах ырайым кылсын) айтат: Бир жолу Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өтүп бара жаткан эки адам менен учурашып, алардын жашыраагына кайрылып: “Бул киши сага ким болот?” – деп сурады. Тиги: “Бул менин атам”, - деди. “Анда аны атынан атаба жана андан алдын баспа”, - деди Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) (Сахих ал-Адаб ал-Муфрад, 32).
6. Лукман Аким уулуна минтип насаат айткан экен: “Уулум, ким ата-энесин ыраазы кылса, Аллахты ыраазы кылат. Ким ата-энесин ачууландырса, Аллахты ачууландырат” (Абу Бакр ат-Тартуши, Бирр ал-Ваалидайн, 37).
7. Лукман Аким дагы бир насаатында: “Балам, ата-эне бейиштин эшиги, аларды ыраазы кылсаң, ачылат, нааразы кылсаң жабылат” – деген (Ибн Жавзи, Ал-Бирру вас-Силату, 80).
8. Таус бин Кийсан (аны Аллах ырайым кылсын) минтип айтат: “Төрт түрдүү кишини сыйлоо сүннөттүн жолу: аалымды, аксакалды, жол башчыны жана атаны. Атасын атынан айтуу адепсиздиктин белгиси” (Абдуразак, Мусаннаф, 11\20133).
9. Хишам бин Хассан (аны Аллах ырайым кылсын) кеп кылат: Бир жолу Хасан Басири (аны Аллах ырайым кылсын) менен баарлашып отуруп: “Мен Куран окуп бүткөнчө энем кечки тамагын ичпей күтүп отурат”, - десем, ал: “Энеңди күттүрбөй чогуу тамактан, мунуң анын көңүлүн көтөрөт жана сага напил ажылык кылгандай эле сооп болот”, - деди (Ибн Жавзи, Ал-Бирру вас-Силату, 73).
10. Ияс бин Муавия (аны Аллах ырайым кылсын) энеси жарык дүйнөдөн өткөндө өтө кайгырып, эчкирип ыйлаптыр. Бирөөлөр анын себебин сураса, ал: “Мага бейиштин эки эшиги ачык турат эле, эми анын бири жабылып калды”, - деп жооп берген экен жарыктык киши (Ибн Жавзи, Ал-Бирру вас-Силату, 72).
11. Макхул аш-Шами минтип айткан: “Ата-энеге жакшылык кылуу күнөөлөрдү өчүрөт” (Ал-Багави, Шарх ас-Сунна, 13\13).
12. Суфян бин Уайна минтип айткан: “Беш убак намазын окуган адам Аллахка шүгүр кылып, ыраазылык билдирген болот. Ата-энесинин көзү өтүп кеткенден кийин аларга дуба кылган адам аларга шүгүр кылып, ыраазылык билдирген болот” (Ибн Хажар ал-Аскалани, Фатх ал-Бари, 2\10).
Атанын дубасы - атылган ок
Ыймандуу атанын баласына берген дубасы да, каргышы да аткан октой тиет. Ошон үчүн ата-эненин каргышына калуудан өткөн коркунуч жок. Бала колунан келишинче, мүмкүнчүлүгү жетишинче атаны ыраазы кылып, анын жакшы бата-дубасын алууга аракет жасоого тийиш. Атанын балага берген батасынын кабыл болуусу бул атага да, балага да Аллах Тааланын берген белеги. Муну ата да, бала да туура пайдаланып калуусу кажет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Үч түрдүү адамдын дубасы токтоосуз кабыл болот: зыян тарткан кишинин дубасы, мусапырдын дубасы жана атанын баласына берген дубасы” – деген (Сахих ал-Адаб ал-Муфрад, 488).
Ата ыраазы болсо, Аллах ыраазы
Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Жаратуучунун ыраазылыгы атанын ыраазылыгында, Жаратуучунун нааразылыгы атанын нааразылыгында” (Сахих ат-Тирмизи, 1549). Бул хадистен атаны ыраазы кылуу уулдун моюнундагы ыйык милдет экенин баамдайбыз. Анткени, атаны ыраазы кылмайынча Аллахты ыраазы кылуу мүмкүн эмес. Албетте, бул салих, ыймандуу атага тиешелүү. А эгер ата уулун шариятка каршы ишке буйруса, анда ага баш ийүүгө болбойт.
Атанын ыраазылыгы балага кандай зарыл экенин пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ата – бейиштин ортоңку эшиги” – деген хадисинен да байкасак болот (Сахих ат-Тирмизи, 1548).
Энеге жакшылык кылуу атадан илгери турат
“Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну өкүм кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөгөн соң) аны (эмчектен) ажыратуу (убагы) эки жыл. (О, инсан!) Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!” (Лукман сүрөсү, 14-15-аяттар).
“...жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрдү, кыйналып төрөдү. Аны көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай...” (Ахкаф сүрөсү, 15-аят). Бул аяттарда көрүнүп тургандай, Аллах Таала ата-энеге жакшылык кылууну буйруп, андан ары биринчи эне жөнүндө сөз кылган. Куран чечмелеген аалымдар муну энеге жакшылык кылуу атага жакшылык кылуудан да жогору турат деп чечмелешкен. Буга пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадиси да далил. Анда, бирөө келип пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мен кимге жакшы мамиле кылууга милдеттүүмүн?” – деп сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Энеңе”, - деп жооп берет. Тиги киши: “Андан кийинчи?”, - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы: “Энеңе”, - деп жооп берет. Тиги үчүнчү жолу: “Андан кийини?” - деп сурайт. Дагы: “Энеңе”, - деп жооп берет. Төртүнчү жолу: “Андан кийинчи?” – деп сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Андан кийин атаңа”, - деп жооп берет (Имам Бухари, 5971, Имам Муслим, 2548).
Муавия бин Жаахима айтат: Жаахима Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: “Мен казатка чыксам деп турам, сиз менен кеңешейин дедим эле”, - дейт. “Сенин энең тирүү барбы?”, - деп сурайт пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). “Ооба”, - дейт тиги. “Анда ага кызмат кыл, бейиш анын кадамынын астында”, - дейт пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (Сахих ан-Насаи, 2908).
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Уктап, өзүмдү бейиште жүргөнүмдү көрдүм. Кокустан Куран окуган бирөөнүн үнүн угуп калдым. “Бул ким?” – десем, “Хаариса бин Нуьман” – дешти”. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн улай: “Жакшылык кылуунун сыйы ушул, жакшылык кылуунун сыйы ушул, энесине жакшылык кылууда Хаариса алдына эч кимди салчу эмес”, - деди (Муснад Ахмад, 42\25182).
Ата-энесине жакшылык кылган баланын дубасы дайыма кабыл болот
Абдуллах бин Умар (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын кеп салат: “Бирде үч жолоочу жамгырда калып, тоо түбүндөгү үңкүргө корголошот. Кашайып, тоодон ылдый сүрүлгөн килейген таш үңкүрдүн оозун жаап калат. Үчөө ары түртөт, бери түртөт майнап чыкпайт. Акыры, бири: “Келгиле, ким Аллах үчүн кайсы бир жакшы ишти аткарган болсо, ошонусун эстеп, ортого коюп дуба кылалы, дубабыз кабыл болсо ажеп эмес” – дейт. Бир азга үчөө тең ойлонуп калат. Анан бири сөз баштайт: “Мен бирөөнү жалдап иштеткен элем. Кийин иш акысын албай кетип калыптыр. Мен анын акысын сактап жүрдүм. Арадан бир канча жыл өтүп баягы киши акысын сурап келди. Мен ага өрөөн толо малды көрсөтүп, мына ушул сенин акың дедим. Ал сүйүнүп малдын бирин калтырбай айдап кетти. Аллахым, менин ушул кылганым Сенин ыраазылыгың үчүн болсо, бизди мына бу балээден сакта”, - деп дуба кылат. Дубасы кабыл болуп таш ордунан козголот, бирок адам батып чыга албай тургандай эле жылчык пайда болот да токтоп калат. Анан экинчиси сөз баштайт: “Мен туугандарымдын бирөөсүнүн кызына ашык болуп жүргөм. Бир жылы элди жут басып, ачарчылык болду. Жанагы кыз менден тамак сурап келди. Мен ага максатымды айтып, эгер макул болсоң сураганыңды аласың деп шарт койдум. Ал аргасыз макул болду. Бирок, мен арам оюмду ишке ашырууга киришмекчи болгонумда, кыз: “Кудайдан коркпойсузбу!” – деди. Мен ордумдан ыргып турдум, кызга сураганын бердим да, жолобой алыс кеттим. Аллахым, ушул кылганым Сенин ыраазылыгың үчүн болсо, анда бизди куткара көр”, - деп дуба кылды. Таш дагы жылды, бирок дагы эле адам батып чыкчудай болбоду. Кезек үчүнчүсүнө келди: “Менин картайган ата-энем бар эле. Койлорду саап сүтүн аларга берчүмүн. Бир күнү жумуштан кечигип, үйгө кеч келип калдым. Сүттү саап кирсем, атам менен апам уктап калыптыр. Алардын ойгонушун күтүп отурудум. Чиедей балдарым ызылдап ыйласа да бербей, ата-энемди күттүм. Акыры алар ойгонгондо сүтүн берип, батасын алдым. Аллахым, ушул кылганым Сенин ыраазылыгың үчүн болсо, бизди бул жерден аман чыгар”, - деп дуба кылат. Таш ордунан козголуп, үчөө үңкүрдөн аман-эсен чыгып кетет” (Имам Бухари, 5974; Имам Муслим, 2743).
Бул хадистен кайсы бир жакшы амалды Аллах ыраазылыгы үчүн аткарган киши, ошол амалын эскерип анан дуба кылса шариятка каршы эместигин биле алабыз. Ошондой эле ата-энеге жакшылык кылуу мындай амалдардын эң абзели экенин жана ата-энени сыйлаган баланын дубасы кабыл болорун да аңдайбыз.