Шыпаанын көбү Куранда
Куран адамдын руханий жан дүйнөсүнө эле эмес, дене ооруларына да шыпаа. Курандын шыпаасы ага ишенген, андагы өкүмдөргө моюн сунган такыбаларга тиет. Куранга ишенбеген, ишенсе да анын өкүмдөрүнө моюн сунгусу келбегендерге Курандын шыпаасы жок. Муну Аллах Таала Курандын өзүндө баяндаган. "Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран) заалымдардын зыяндарын гана көбөйтөт" (Исра сүрөсү, 82-аят). Аятта көрүнүп тургандай, Курандын туура жолго баштаган ырайымы да, оору-сыркоого шыпаалыгы да ыймандуулар үчүн.
Курандын ар бир аятын, ар бир сөзүн, атүгүл, ар бир тамгасын окуган адам сооп-сый табары белгилүү. Сооп-сый менен катар Куран окуган адам эгер бекем ишеним менен окуп, шыпаа үмүт кылса, оорусуна шыпаа да табат. Куран аяттарынын баары шыпаа. Анын ичинде даба аяты катары ооруган адамга атайын окула турган аяттар да бар. Шыпаа табуу үчүн ооруган адамда бекем ишеним болуусу керектигин бардык дарыгерлер саймедирешет. Бул чындык. Ишеним болбосо шыпаа болбойт. Куран аяттарын окуганда, же окуп дем салганда дабиринчи кезекте ишеним зарыл. Белгилүү Ислам аалымы Ибн Кайюумдун: "Куран шыпаа бербеген адамга Аллах шыпаа бербейт" – дегени бар. Демек, ишеними жок кишиге эч нерседе шыпаа жок.
Төмөндө Курандагы шыпаа тууралуу айтылган жана шыпаа болчу аяттарды тизмектейбиз. Мына ушул аяттарды окуп өзүнө, же башкага дем салса, Аллах кааласа, шыпаа болот:
1-аяттар:
"الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ. الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ. مَالِكِ يَوْمِ الدِّينِ. إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ. اهْدِنَا الصِّرَاطَ الْمُسْتَقِيمَ. صِرَاطَ الَّذِينَ أَنْعَمْتَ عَلَيْهِمْ غَيْرِ الْمَغْضُوبِ عَلَيْهِمْ وَلَا الضَّالِّينَ".
Окулушу: “Алхамду лил-лаахи Роббил аьлаамийн. Ар-Рохмаанир-Рохиийм. Маалики явмиддиин. Ийяка наьбуду, ва ийяка настаьийн. Ихдинас-сироотол мустакыйм. Сиротол-лазиина ан аьмта ьлайхим гойрил магзууби алайхим валаз-зоолийн”.
Мааниси: “Ааламдардын Раббисине мактоо болсун. (Ал) Мээримдүү жана Ырайымдуу. Кыямат күндүн падышасы. Сага гана ибадат кылабыз, Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди түз жолго баштагын: Өзүң нээмат кылып берген адамдардын жолуна. Каарга калгандардын жана адашкандардын жолуна эмес” (Фатиха сүрөсү, 1-7-аяттар).
2-аят:
"قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنْصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُؤْمِنِينَ"
Окулушу: “Коотилуухум юьаззибхумул-лооху би айдиикум, ва юхзихим ва яңсуркум алайхим, ва яшфии судууро ковмим муьминиин”.
Мааниси: "Алар менен согушкула! Аллах аларды силердин колуңар менен азаптап, шерменде кылып, силерге жардам берет жана Ал ыйман келтирген коомдун көкүрөгүн айыктырат" (Тообо сүрөсү, 14-аят).
3-аят:
⠀"يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ".
Окулушу: “Яаа айюхан-наасу код жаа-аткум мавьизатум мир-Роббикум, ва шифааул-лимаа фис-судуури, ва худдав-ва рохматул-лил муминиин”.
Мааниси: "О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү ооруларга шыпаа, Туура жол жана ырайым келди" (Юнус сүрөсү, 57-аят).
4-аят:
"ثُمَّ كُلِي مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ فَاسْلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا ۚ يَخْرُجُ مِنْ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ فِيهِ شِفَاءٌ لِلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ".
Окулушу: “Сумма кулии миң куллис-самарооти фас лукии субула Роббики залала, яхружу мимм бутуунихаа шарообум-мухталифун алваануху фиихи шифааун лин-нааси, инна фии заалика ааяаталь ли ковмий ятафаккаруун”.
Мааниси: “Андан кийин түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой жолдордон (учуп) жүрө бер. Анын (аарынын) ичинен ичиле турган түрдүү бал чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында пикир кылуучулар үчүн сабак бар” (Нахл сүрөсү, 69-аят).
5-аят:
⠀"وَنُنَزِّلُ مِنَ الْقُرْآنِ مَا هُوَ شِفَاءٌ وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ ۙ وَلَا يَزِيدُ الظَّالِمِينَ إِلَّا خَسَارًا".
Окулушу: “Ва нуназзилу минал Кураани, маа хува шифааув-ва рохматул-лил муминиина ва лаа язиидуз-зоолимиина иллаа хосаароо”.
Мааниси: "Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран) заалымдардын зыяндарын гана көбөйтөт" (Исра сүрөсү, 82-аят).
6-аят:
"⠀وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ".
Окулушу: “Ва изаа маризту фа хува яшфиин”.
Мааниси: "Ооруп калсам, Өзү мага шыпаа берет" (Шуара сүрөсү, 80-аят).
7-аят:
⠀"وَلَوْ جَعَلْنَاهُ قُرْآنًا أَعْجَمِيًّا لَقَالُوا لَوْلَا فُصِّلَتْ آيَاتُهُ ۖ أَأَعْجَمِيٌّ وَعَرَبِيٌّ ۗ قُلْ هُوَ لِلَّذِينَ آمَنُوا هُدًى وَشِفَاءٌ ۖ وَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ فِي آذَانِهِمْ وَقْرٌ وَهُوَ عَلَيْهِمْ عَمًى أُولَٰئِكَ يُنَادَوْنَ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ".
Окулушу: “Ва лав жаальнааху Кураанан ажамийял-лакоолуу лавлаа фуссилат ааяаатухуу ажамийяв-ва аробий. Кул хува лильлазиина аамануу худав-ва шифаа. Вальлазиина лаа юминууна фии аазаанихим вакрув-ва хува алайхим аьмаа, улааика юнаадавна мим-макааним баьиид”.
Мааниси: "Эгер Биз аны башка тилде Куран кылганыбызда, албетте алар: "Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!" - дешмек. Айткын:"Бул (Куран) ыймандуу адамдарга Туура жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Куранды угушпайт)" (Фуссилат сүрөсү, 44-аят).