Кулпу
Биринчи же экинчи класстамын. Үйүбүздүн арт жагындагы кошунанын короо-жайынын четинде ойноп жүрүп бир кулпу таап алдым. Көптөн бери жерде жатып дат басып калыптыр. Чөп-чар жыйган кепенин эшигинде салынып турган ачкычы жок эски кулпу жоголуп кеткени тууралуу сөз болуп жатканын кечинде чай үстүндө кулагым чалган. Карасам, кулпу ошого жарачудай. Алып эле үйгө чуркадым. Алтын таап келгенсип шаңыраңдап апама мактандым: “Апа, кулпу таап алдым, чөп капага салып коёюнбу?!” Апамды сүйүнөт го деп ойлогом. Анча сүйүнбөдү. “Кайдан таптың?” – деди апам. “Ыса аканин короосунан” – дедим, шаңыраңдап. “Кайра алпарып кой” – деди апам. “Бул олордуку эмес болсо керек” – деп кыйыштым. “Кайсы жерден алсаң шол жерге коюп кел!” – деди апам. Апам мага эзели катуу сүйлөчү эмес. Үнү өктөмүрөөк чыкканга, дароо жөнөдүм. Кулпуну алган жериме алпарып таштап, кайра келдим. “Алпарып койдум” – дедим, баягыдай шаңыраңдабай, маанайым пас. Апам башымдан сылап: “Бирөөнүн эшигинде жаткан буюмун экинчи алба, сурак-жообу болот” – деди, бир ооз. Сурак-жообуна да түшүнгөн жокмун, керексиз дат басып жаткан кулпуну бирөөнүкү деп кайра алпартканына да түшүнгөн жокмун.
Кулпу муздак чалаптан жутуп сыртка чыгарым менен эле эстен чыкты. Бирок ошол ошо болду “бирөөнүн” буюмуна кол созбодум. Топуракка буланып,дат баскан баягы кулпуну кийин далай көрдүм. Бирок ал мага биринчи жолу көргөнүмдөй “баалуу” сезилбеди. Азыр ойлосом, ошол дат баскан кулпуну таап алган күнү апам менин жашоомдогу уруулукка, паракорлукка, ач көздүккө, тойбостукка, алдоочулукка жаңыдан ачылып келе жаткан эшикке кулпу салып койгон экен...