Ата-энең - бейишиң же тозогуң, 3-бөлүм

Ата-энең сенин – бейишиң же тозогуң

 

Аллах Таалага эсепсиз мактоо айтып, пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  салам-дубай жолдоймун.

Ата-энеге жакшы мамиле кылуу тууралуу макалабыздын үчүнчү бөлүгүндө, алгач ата-эненин  көзү өтүп кеткенден кийин биз аларга кандай пайдабызды тийгизе алабыз деген суроого токтолуп, андан ары тээ пайгамбарлар, анан сахабалардан бери карай ата-энесине жакшылык кылган ыймандуу инсандардын окуяларына токтолобуз.

 

Ата-эненин көзү өтүп кеткенден кийин аларга кандай жакшылык кылабыз?

 

Ата-энеге жакшылык кылуу алардын көзү тирүүсүндө эле болуп, көзү өткөндөн кийин токтоп калбайт. Динде көзү өтүп кеткен ата-энеге жакшылык кылуунун бир канча жолу көрсөтүлгөн. Алардын кээ бирине төмөндө токтолобуз:

1. Көзү өткөн ата-энеге бат-бат дуба кылуу зарыл. Анткени, ыймандуу баланын дубасы ата-энеге пайдасын тийгизет. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Инсан көз жумганда, анын иш-амалдары бүтүндөй токтойт. Бирок, үч амалы токтобой уланат: жасаган сообу агып туруучу садагасы, үйрөткөн пайдалуу илими жана ыймандуу баласынын дубасы” (Имам Муслим, 1631).

2. Ата-энеге кечирим тилөө керек. Ыймандуу баланын кечирим тилөөсүн Аллах кабыл кылат. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Кээ бир кишилердин бейиштеги даражасы өзүнөн-өзү көтөрүлөт. Буга таң калышып: “Эмнеге мындай болду? –деп сурашканда: “Балаңдын сага кечирим тилегени үчүн” деп айтылат” (Сахих Ибн Маажа, 2953). 

3. Ата-эне көз жумган соң алардын жакындары менен жакшы мамиледе болуу керек. Абдуллах бин Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте ал Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын минтип айтат: “Ата-энеге жакшылык кылуунун эң абзели, алардын козү өткөн соң алардын жакындарына жакшылык кылуу” (Миркат ал-Мафаатих, 7\3083). 

Абдуллах бин Динар (ага Аллах ыраазы болсун) кеп салат: Бир жолу Умардын уулу Адуллах (ага Аллах ыраазы болсун) менен бирге Меккеге сапар тарттык. Анын төө минтип чарчаганда минип алчу кыдыңдаган эшеги бар эле. Жолдо бир чөлдүк кишиге жолугуп калдык. Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) андан: “Сиз баланчанын уулу баланча эмессизби?” – деп сурады. Тиги: “Ооба, ошол менмин”, - деди. Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) дароо аны эшегине мингизип, башына өзү оронуп жүргөн селдесин узатты. Биз буга таңданып: “Аллах кечирсин, эшегиңди берип, селдеңди кийгизип узаткыдай бул ким эле?” – деп сурасак, ал: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ата-энеге жакшылык кылуунун эң абзели, алардын көзү өткөн соң алардын жакындарына жакшылык кылуу”, - дегенин уккам, бул киши атамдын жакын санаалаш досу эле”, - деп жооп кайтарды (Имам Муслим, Китаб ал-Бирр, 13).  

 

Ата-энени сыйлаган ыймандуулардын жашоосунан бир үзүм:

 

1. Ибрахим пайгамбардын атасы каапыр болчу, баласынын динине такыр ишенчү эмес, бирок Ибрахим пайгамбар ага эч катуу айтпады, аны жылуу-жумшак, даанышмандык менен даават кылды. Бул тууралуу Куранда мындай баяндалат: “Китептеги Ибрахимди эстегин, ал чынчыл пайгамбар эле. Бир кезде ал атасына: “Атаке, эмне үчүн укпаган, көрбөгөн, өзүңүзгө түк пайдасы тийбеген “кудайларга” сыйынасыз. Ата, Мага сизге келбеген илим келген. Эми (таш кудайларды таштап) мага ээрчиңиз, сизди туура жолго баштайм. Атаке, шайтанга сыйынбаңыз, чынында, шайтан Рахманга каршы чыгуучу. Атаке, сизди Рахмандын азабына кириптер болобу деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз. (Анда атасы) айтты: “Ибрахим, эмне сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү!? Эгер мунуңду токтотпосоң, таш менен уруп (өлтүрүп) коём. Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!” (Ибрахим) айтты: “Саламат болуңуз, бирок мен Жаратуучума дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу” (Мариям сүрөсү, 41-47-аяттар).

2. Ысмайыл пайгамбар атасынын буйругун кыңк этпей аткаргандыгы жөнүндө Куранда мындай баяндалат: “Мен Жаратуучума кетемин, Ал мени туура жолго баштайт” деди (Ибрахим). (Анан Шам жергесине кетип, ошондо жашап калды. Жашы өтүп баратса да перзент көрбөгөндөн Жаратуучусуна дуба кылды): “О, Жараткан, мага таза (инсандардан болчу перзент) бер”. Анан биз ага пейили жумшак перзент сүйүнчү кабарын бердик. Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, ага “Балам, түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрдүм. Ойлонуп көр, эмне дейсиң? деди. “Атаке, - деди уулу, - буйрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабырдуулардан экенимди көрөсүз”. Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда... “О, Ибрахим!” – деп добуш салдык – сен түшүңдү туура билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучуларды ушинтип сынайбыз”. Чынында, бул анык сыноо болду жана Ысмайылдын ордуна улук курмандыкты (көк кочкорду) бердик” (Саффат сүрөсү, 99-107-аяттар).

3. Абу Мурра деген киши кеп кылат: “Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) менен бирге анын энесин зыярат кылганы бардык. Үйүнө жетип-жетпей эле Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун): “Энеке сизге Аллахтын тынчтыгы, ырайым жана берекеси жаасын” деп бийик үндө салам айтты. Энеси: “Сага да Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун” – деп алик алды. Абу Хурайра: “Мени кичинемде мээримиңизге бөлөгөнүңүзгө Аллах сизге ырайым кылсын”, - деди. Энеси: “Чоңойгонуңда мага кызмат кылганың үчүн сага да Аллах мээримин төксүн”, - деп жооп кайтарды” (Сахих ал-Адаб ал-Муфрад, 11).

4.  Али бин Хасан (ага Аллах ырайым кылсын) энеси менен бирге отуруп тамактангандан коркчу экен. Мунун сырын сурашканда, ал: “Коркконум мындай, энем кайсы бир нерсени жегенге ниеттенип ага көзүн салганда, мен аны билбестен алып жеп койсом эмне болот?” – дептир (Ибн Жавзи, Ал-Бирру вас-Силату, 86). 

5. Мисаьр бин Кидам айтат: “Бир түнү энем ичкенге суу алып келчи деп жумшады. Суу алып келсем энем уктап калыптыр. Кетип калайын десем, кокус ойгонсо мени таппай калат, ойготоюн десем, анын таттуу уйкусун бузам. Ошентип энем таңга жуук ойгонгончо кесени кармап күтүп отурдум” (Ибн Абу ад-Дуня, Макаарим ал-Ахлак, 63).

6. Саиьд  бин Суфян ас-Саури айтат: “Атам чакырганда дайыма чуркап жетчүмүн, ал тургай напил окуп жатканымда чакырса, намазды токтотуп чуркап барчумун” (Ибн Абу ад-Дуня, Макаарим ал-Ахлак, 64).

7. Халиф ал-Маьмун кеп салат: “Яхиянын уулу ал-Фадлдан өткөн атасын сыйлаган кишин уккан да, көргөн да жокмун. Айтымда, Яхия суук сууга даарат ала алчу эмес экен. Кийин ата-бала зынданга салынат. Зынданда суу жылытканга кароолдор уруксат бербейт. Айласы кеткен ал-Фадл түнү менен идишке сууну куюп алып, аны шам чырактын табына жылытып, атасынын таңкы дааратына суу камдап турчу экен (Ад-Динуури, Ал-Мажааласа ва Жаваахир ал-Илму, 3\1098).

8. Талка бин Хубайб дайыма энесин бешенесинен өөп таазим кылчу. Энеси үйдө отурганда, үйдүн үстүнө чыкчу эмес (Абу Бакр ат-Тартуши, Бирр ал-Ваалидайн, 38).

2022-01-06 14:01:35
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз