Ата-энең сенин – бейишиң же тозогуң
Аллах Таалага эсепсиз мактоо айтып, пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-дубай жолдоймун.
Ата-энеге жакшылык кылуу тууралуу макалабыздын акыркы бөлүгүндө, ата-энеге жакшы мамиле кылбай, аларга тил тийгизип, моюн толгоп, а түгүл, кудай бетин ары кылсын, аларга кол көтөрүп, кыскасы, ата-энени нааразы кылып, алардын ак батасынын ордуна наалат-каргышын алган адамдын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги абалы жөнүндө сөз козгойбуз.
Арап тилинде “Уькуук ал-ваалидайн” деген сөз бар. Бул, баланын ата-энеге кандайдыр бир тийгизген зыяны, аларга каршы сүйлөгөнү, аларды жекиргени, аларга моюн сунбаганы, аларды бакпаганы, аларды сыздатканы, кейиткени, ыйлатканы ж.б. карата айтылган сөз. Элибизде “баласын ак кылыптыр” деген сөз бар, балалыгынан кечип, сенин мени балам эмессиң, сендей балам жок деген сыяктуу сөздөр менен баласын жекирип, андан жүз бурган маани. Ушул “ак” сөзү араптын “аьк” деген сөзүнөн келип чыккан. Ата-энеге ак болуу деген ушул. “Уькуук ал-ваалидайн” дегенди кээде ата-эненин каргышына калуу деп да айтып жүрүшөт. Кандай айтылса да түпкү мааниси туура.
Аалымдар, ата-эне баланын пайда болуусуна себеп болсо, аны багып чоңойтсо, анан эмне үчүн бала чоңойгондо ата-энеге кыр көрсөтүп, моюн толгойт деген суроого бир канча жоопторду беришкен. Төмөндө мына ушулардын кээ бирине токтолуп, андан кийин сөз улайбыз.
1. Билбестик. Балада ата-энени сыйлоонун, аларды сыйлап жете турган жакшылыктар тууралуу жана аларга жамандык кылганда кабыла турган азап-тозок тууралуу илимдин жоктугу, ата-энеге моюн толгоого себеп болот. Анткени, адамдагы ыйман аны ар бир иште туура эмес тарапка бут шилтөөдөн тыйып, чектен чыгарбай кармап турат. Эгер уул-кыз, ата-эненин сыйласа бейишке кирерин, сыйлабай каргышына калса, тозоку болорун жана бул дүйнөдө эле мунун азабын тарта баштарын билип, ага ишенсе, анда эч качан ата-энеге жаман мамиле кылмак эмес. Ошон үчүн ата-эне уул-кызга алар кичинесинен тартып динди үйрөтүп, амалдардын акшы жаманын дээрине куюп чоңойтуусу кажет.
2. Жаман тарбия. Жогоруда айтылгандай эле ата-эне балага дин тарбиясын берүүсү зарыл. Көбүнчө, картайганда карыялар үйүнөн төр издеген ата-энелер баласына жакшы тарбия бере албагандар. Алар ата-энелик милдетин аткара алган эмес жана ата-эненин кадыр-баркынын баасын балардарына жеткире алган эмес. Балдарын ашыкча эркелетип өстүргөн же тескерисинче аларга мээрим төкпөй, араны суутуп алган.
3. Ата менен эненин ынтымаксыздыгы. Бул дагы тарбияга тиешелүү иш. Көбүнчө, баланы тил менен айтып, деп тарбиялаганга караганда, иш жүзүндө көрсөтүп, үлгү, өрнөк болуп тарбиялоо жакшы жемишин берет. Үйдө дайыма уруш-талаш болуп, ызы чууну көп көргөн бала, жүрөгү сенек, мээримсиз болору бышык.
4. Ата-эне өздөрү ата-энесин сыйлаган эмес. Колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың деген кеп. Ата-энесин сыздатып, аларга жаман мамиле кылган уул-кыз, эртең эле өзүнүн перзенттеринен ушундай мамилени көрөрү турган иш.
Ата-энеге ак болгон баланын акыбети кандай болот?
1. Аллах Таала ага ачууланат. Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Жаратуучунун ыраазылыгы атанын ыраазылыгында. Жаратуучунун ачуусу атанын ачуусунда”, - деген (Сахих ат-Тирмизи, 1549).
2. Чоң күнөөкөр болот. Абу Бакрата (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Силерге чоң күнөөлөрдүн чоңун айтайынбы?” – деп үч жолу кайталады. “Ооба, айтыңыз”, – дешти сахабалар. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу”, - деди да, жамбаштап отурган жеринен өйдө болуп түзөлө калып: “Көңүл бургула, жалган күбөлүк берүү”, - деп бир канча жолу кайталады эле, биз эми токтоп калса экен деп кыжаалат болуп кеттик” (Имам Бухари, 2654).
Мугира бин Шуьба (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, Аллах Таала энелерге ак болууну силерге арам кылды” , - дегени айткан (Имам Бухари, 5975).
Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бирде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Күнөөлөрдүн эң чоңу ата-энесине акаарат кылып сөгүү”, - деди эле, бирөө: “О, Аллахтын элчиси, ата-энесин сөккөн да адам болобу?”, - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Киши бирөөнүн атасын сөксө, ал анын атасын сөгөт, бирөөнүн энесин сөксө, ал анын энесин сөгөт”, - деди (Имам Бухари, 5973).
3. Тозокко кирүүсүнө себеп болот. Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Үч түрдүү адамга Аллах Таала Кыяматта мээримин төгүп карабайт: ата-энесине ак болгон киши, эркек кейиптенген аял жана аялы, кызы, эже-карындашы жаман жолго басса ага кызганбаган эркек. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесине ак болгон киши, араккеч жана бергенин кайра колко кылган адам” (Сахих ан-Насаи, 2402).
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Тумшугу менен жерге кирсин, тумшугу менен жерге кирсин, тумшугу менен жерге кирсин” – деп кайталады эле, бирөөлөр: “Кимди айтып жатасыз?” – деп сурады. “Ата-энеси же алардын бири колунда картайып, ошондо да бейишке кире албаган кишини айтып жатам”, - деди пайгамбарыбыз (Имам Муслим, 2551).
4. Жакшы амалдардын кабыл болуусуна тоскоол болот. Абу Умаама ал-Баахили (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Үч түрдүү адам бар, Аллах Таала алардын напилин да, парзын да кабыл кылбайт. Алар: ата-энеге ак болгон, бергенин колко кылган жана тагдырга ишенбеген адамдар” (Сахих ал-Жаамиь, 1\3065).
5. Зыянын бул дүйнөдө эле тартат. Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Эки иш бар, булардын жаман акыбети бул дүйнөдө эле кайтат: залым кылуу жана ата-энеге ак болуу”, - деген (Сахих ал-Жаамиь, 2810).
Аллах Таала баарыбызды ата-энесин сыйлап, алардын ак батасын алып, акыретте да алар менен бирге бейиштин төрүндө болууну насип кылсын.