Сыйга татыктуу болуунун 7 жолу

Сыйга татыктуу болуунун 7 жолу

Сыйлуу болууну ким жактырбасын. Сый-урматка татыктуу болуунун да жолу ар түрдүү. Бирөө байлыгы, бирөө таланты, дагы бирөө жакшы мүнөзү менен сый топтойт. Төмөндө эл алдында сиздин кадырыңызды көтөрүп, сыйга татыктуу кылчу кээ бир эрежелерге токтолобуз:

1. Сыйласаң сыйлуу болосуң

Ушул эрежени эсиңизден түк чыгарбаңыз. Эң биринчи өзүңүз башкаларды сыйлаганды билиңиз. Сыйлоо – бул, ден-соолук сурап, салам айтып коюу эмес. Сыйлоо башкаларды түшүнө билүүдөн башталат. Бул ар бир адамга бирдей назар таштап, колдоо көрсөтө билүү керек деген сөз. Сиздин сый мамилеңизди бирөөлөр, алсыздык же коркоктук деп түшүнүшү да мүмкүн. Мейли, ким кандай түшүнсө, ошондой түшүнсүн. Ага көңүл бурбай эле коюңуз. Сыйыңызды уланта бериңиз. Сиз сыйлаган адам сизди сыйлабаса да, башкалардан сый көрөсүз. Бул анык экенин жакында сезе баштайсыз.

2. Көңүлүңүздү бир калыпта көтөрүңкү алып жүрүүгө тырышыңыз

Кайгыртып, жашоодон түңүлдүрө турган жагдайларда да, көңүл чөгөрбөгөнгө аракет кылыңыз. Жашоо ушуну менен бутпөйт да. Башыңызга түшкөн жагдайдын жакшы жагын издеңиз, жаман жагы ансыз да көрүнүп турат. Кандай болсо да жагдайды жөнгөрүп, көңүл чөгөттүккө алдырбай, куунак жүрсөңүз, айланадагылар сизге суктанып, сыйлай баштайт.

3. Үй-бүлөңүзгө, досторуңузга жана башка жакындарыңызга бирдей адил болуңуз

Жактырган адамдарга гана эмес, баарына бирдей чынчыл болуп, адилеттүү мамиле кылыңыз. Адилеттүү, ишенимдүү болуп, бул касиетиңизд сактай билсеңиз, чала тааныш адамдар да сизди мактап, сыйлай баштайт. Жакшы сөз сиздин беделиңизди көтөрөт.

4. Башкаларды жамандабаңыз

Жакындарыңыз болобу, башка болобу айта турган сын-пикириңиз болсо, алардын жеке өзүнө айтыңыз. Эч качан жакпаган адамды же адамдын жакпаган сапатын башкаларга жарыялабаңыз. Дубалдын кулагы бар дегени чын, эртең эле сиз жамандаган адам сизди жамандап чыгат. Эгер сизге башка бирөөнү жамандашса, аларга кошулуп албаңыз. Биз баарыбыз ар түрдүү мүнөздөгү, ар кандай кемчилиги бар пенделербиз.

5. Сөзүңүз да, өзүңүз да сыпайы болуңуз

Бирөөнү кемсинтүүдөн жана шылдыңдоодон алыс болуңуз. Чоңбу-кичикпи баарына сыпайы сүйлөп, сыпайы мамиле кылыңыз. Ичи-тышыңыз бирдей болсун. Сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка болгон адамдан сый кетет. Башкаларга үлгү болууга тырышыңыз. Дайыма башкаларга жардам берүүгө, көйгөйүн чечүүгө аракет кылыңыз. А кара баштын айласы жеңил.

6. Кайсы учурда сүйлөө орундуу экенин билиңиз

Сүйөөгө эмес, угууга көнүңүз. Сөздү орду келгенде айта билиңиз. Орунсуз айтылган сөз сиздин акмактыгыңызды эле билгизип тим болбостон сыйыңызды да кетирет.

7. Убадага бек болуңуз, кемчилигиңизди көрө билиңиз

Убадагы так болуу адамдын кадырын арттырат. Аткара албасыңызды билсеңиз, убада бербеңиз. Эгер бирөө катааңызды айтса, чычалабай моюнуңузга алыңыз. Кемчилигин моюнуна алган адам бат оңолот.

2022-02-14 10:07:00
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз