Багымдат намазынын 10 пайдасы

Багымдат намазынын 10 пайдасы

 

Жараткан Аллахка мактоо айтып, пайгамбарыбыз Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-дубай жолдоймун.

Чынында, Аллах Таала бизге берген нээмат, жакшылыктар эсепсиз. Муну Аллах Өзү касиеттүү китеби Куранда: “Эгер Аллахтын нээматтарын санасаңар, түбүнө жетпейсиңер”[1]деп айтып койгон. Мен бүгүн мына ушул эсепсиз нээматтардын бири багымдат намазы тууралуу эки ооз кеп кылууну эп көрдүм.

Аллахка чын ыкыласы менен берилген такыба кишилерге багымдат намазы намаздардын эң жеңили, анткени ал болгону эки ирекет, анан да, адам эс алып күч-кубаты толуп турган убакта окулат. Ал эми жалкоораак мусулмандарга багымдат намазы өтө оор. Анткени, жылуу төшөк менен таттуу уйку, анан да шайтандын азгырыгы мындай адамдарга багымдатты кыйын көрсөтөт. Ошондуктан, тээ пайгамбарыбыздын заманында эле эки жүздүүлөр багымдатка келе алчу эмес экен. “Эки жүздүүлөр үчүн эң эле оор намаз багымдат менен куптан” деп пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ошондон айтса керек.

Кепти узартпай, багымдат намазын окуган, айрыкча жамаат менен окуган адам жете турган сооп-сый жана нээмат-жакшылыктардын кээ бирине токтолоюн:

1. Багымдат намазын окуган адам Аллахтын коргоосунда болот. Аллахтын коргоосу бул дүйнөдө да, акыретте да болорун эсибизден чыгарбообуз керек. Бул тууралуу Жундуб бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким таңкы намазын окуса, ал Аллахтын коргоосунда...”[2] – деген.

2. Багымдат намазы пенденин тозок отунан кутулуусуна себеп болот. Бул тууралуу Аммара бин Рувайба (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Күн чыгардан жана күн батардан мурда намаз окуган кишини тозок оту жалмабайт”[3] – деген.  

3. Багымдат намазы пенденин бейишке кирүүсүнө себеп болот. Бул тууралуу Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким таңкы жана кечки намазды окуса, бейишке кирет”,[4] - деген.

4. Багымдат намазын окуган адамга периштелер күбө болуп, аны жети кабат асмандын үстүнө мактап чыгышат. Бул тууралуу Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Периштелер кечинде жана күндүз силерди карап жүрөт. Багымдат жана дигер намаздарында алар чогулушат жана түндө болгондору асманга көтөрүлөт. Аллах Таала Өзү билип туруп, алардан: “Пенделерим эмне кылып калышты?” - деп сурайт. Алар: “Биз барганда алар намаз окуп жатышкан экен, кайтканда да намаз окуп калышты”, - дешет”[5] Хадисте периштелер багымдат жана дигер убактысында кезек алмашары айтылган. Түнү пенделерди көзөмөлдөгөн периштелер багымдатта, күндүзү көзөмөлдөгөндөр дигер убактысында асманга көтөрүлөт.

5. Багымдат намазын такай окуган адамга Кыямат күнү анысы нур болот. Бул тууралуу Сахл бин Саьд (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Караңгыда мечитке каттаган адамдарга Кыяматта нур болорун сүйүнчүлө”,[6] - деп айткан.

6. Багымдат намазын окуган адамга түнкү намазды окугандай сооп болот. Бул тууралуу Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Куптан намазын жамаат менен окуган адам түндүн жарымына чейин тургандай болот, ал эми багымдатты да жамаат менен окуган адам түндү толук тургандай болот”.[7]

7. Багымдат намазын такай окуган адам эки жүздүүлүк сыпаттардан арылат. Бул тууралуу Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Эки жүздүүлөргө намаздардын эң кыйыны багымдат менен куптан. Эгер бул эки намаздын сооп-сыйын билгениңерде жөрмөлөп болсо да келмексиңер...”[8]

8. Багымдаттын эки ирекети дүйнө жана андагылардын баарынан баалуу. Муну Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Таңкы намаздын эки ирекети дүйнө жана андагылардын баарынан жакшы”,[9] - деген.  Хадисте багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү жөнүндө кеп болгон. Багымдаттын сүннөтү ушундай сооптуу болгон соң, парзы айтпаса да түшүнүктүү.

9. Багымдатты такай окуган адам бейиште Аллахтын жүзүн көрөрү айтылган. Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында болчубуз. Ал толуп турган айга карап, анан: “Чынында силер Жаратуучуңарды мына ушул айды көрүп тургандай көрөсүңөр, андан күмөн санабагыла. Эгер күн чыгаардан жана күн батаардан мурдагы намазды жеткиликтүү окуу колуңардан келсе, ошого аракет кылгыла”, - деди да: “Күн чыгаардан жана күн батаардан мурда Жаратуучуңа мактоо айтуу менен аруула” деген аятты окуду.[10]  Айды көргөндөй көрөсүңөр дегени, Аллах Таала ай сыяктуу деген сөз эмес, эч нерсе тоскоол болбой айды ачык-анык көрүп турганыңардай Аллахты да ачык-айкын көрөсүңөр деген маани.

10. Багымдатка турган адам көңүлү куунак, сергек, чыйрак болуп, иши да илгери жылат. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) баяндаган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Силер уктап жатканда шайтан башыңарга үч түйүн түйүп, ар бир түйүнгө “Түнүң узун болсун, жата бер” деп дем салат. Адам ойгонуп Аллахты эстесе түйүндүн бири чечилет. Даарат алса экинчи түйүн чечилет. Намаз окуса баары чечилет. Ошентип таңды сергек, көңүлү куунак атырат. А эгер турбаса, жан дүйнөсү жабыркап, жалкоолонуп атырат”.[11]

Булар багымдат намазынын артыкчылыктарынын кээ бирлери. Дүйнө жашоосу да бактылуу, акырети да абад болуусун каалаган ар бир мусулман багымдатты калтырбай жамаат менен окууга катуу бел байлоосу керек. Багымдатты жамаат менен окуган адам кечке дейре башка намаздарын да жеңил окуйт. Ал эми багымдатты окубай койгон адамдарга мунун тескерисинче күнөө болору жана бир топ зыянга кабылары айтылган. Кудай буйруса буга да жакын арада токтолобуз. Азырынча жогоруда айтылгандарга амал кыла туралы.   

Алайчы Сеитбеков.



[1] Ибрахим сурөсү, 34-аят.

[2] Сахих Муслим, 657-хадис.

[3] Сахих Муслим, 634-хадис.

[4] Сахих Бухари, 574-хадис.

[5] Сахих Бухари, 555-хадис.

[6] Сунан Ибн Мажа, 633-хадис.

[7] Сахих Муслим, 656-хадис.

[8] Сахих Муслим, 651-хадис.

[9] Сахих Муслим, 725-хадис.

[10] Сахих Муслим, 633-хадис.

[11] Сахих Муслим, 776-хадис.

2022-02-14 10:30:43
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз