Бейишке кирүүгө себеп болгон 8 иш

Бейишке кирүүгө себеп болгон жеңил иштер

 

Оболу, Аллах Таалага мактоо айтып, Анын акыркы элчиси Мухаммад пайгамбарга Аллахтын салам-дубасын тилейм.

Ар бир мусулмандын максаты жана тилеги акыретте бейишке кирүү. Мусулман адам бул дүйнөдө ошол акырети үчүн азык топтойт. Албетте, бейишке кирүү жеңил иш эмес, бейишке Аллахтын ырайымы менен гана кире алабыз, бирок пенденин бейишке кирүүсүнө себеп болгон амалдар көп. Мунун биринчиси жана эң маанилүү, зарылы ыймандуу болуу, тагыраагы, ыйман келмесин айтып, ага жүрөгү менен ишенип, ошого жараша амал кылып, мусулман болуу. Ал эми төмөндө, биз мисал катары айтчу амалдар, мына ошол ыйманы бар адамдын бейишке кирүүсүнө себеп боло турган амалдардын кээ бирлери гана:

1. Жетимге жакшылык кылуу, тагыраак айтканда, жетимди кепилдигине алып, багып чоңойтуу. Шарият боюнча жетим деп атасы каза болуп калган балакат жашына жете элек бала же кызга айтылат. Сахл бин Саьд (ага Аллах ыраазы болсун) кеп салат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз" – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн бири-биринен ажыратып көрсөттү”.[1]  

2. Ата-энени сыйлап, алардын айтканын аткарып, урмат көрсөтүү. Ата-энесин сыйлап алардын батасын алган адамга Аллах бейиш жолун жеңил кылат. Буга “Бейиш энелердин кадам астында”, “Ата бейиштин ортоңку дарбазасы” деген хадистер далил. Ал эми ата-эненин каргышына калган адам бейишке кирбейт. Бирде сахабалары менен отуруп пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мурду менен жер сүзсүн, мурду менен жер сүзсүн, мурду менен жер сүзсүн" – деп үч жолу кайталайт. Ошондо сахабалардын бири: Кимди айтып жатасыз? – деп сурайт. "Ата-энесинин бири же алардын экөө тең колунда картайып, бирок (аларга жакшылык кылбаганы үчүн) Бейишке кире албай калган адамды"[2] – деп жооп берет.

3. Тилди жана уяттуу мүчөлөрдү күнөөдөн сактоо. Негизи мусулман адам күнөөнүн бардык түрүнөн сактанууга тийиш, анткени кыяматта кылган күнөөсүнө жараша азапталат. Ал эми күнөөлөрдүн арасынан адамдар көбүрөөк берилгени тил жана аврет мүчөлөрү менен жасалчу күнөөлөр, тагыраак айтканда, тил менен болчу ушак, жалганчылык, сөгүнүү ж.б. ал эми аврет жерлер менен болуучу зына адамдын тозокко кириптер болуусуна себеп болот. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Ким эки эрининин жана эки бутунун арасындагы мүчөлөрүн күнөөдөн сактайм деп убада берсе, мен анын Бейишке кирүүсүн убада беремин"[3] – деп айткан.

4. Эртең мененки жана кечиндеги намаздарды толук кандуу аткаруу. Мусулман адам беш убак намазын калтырбай, өз убактысында окууга милдеттүү. Ал эми хадисте айтылган эки намаз багымдат менен дигер намазы, багымдат намазы эртең менен уйку кызыган убакта, ал эми дигер күндүзгү иш кызыган убакта болгону үчүн бул эки намазды өз убагында, жамаат менен кемчиликсиз окуу көп адамдарга кыйын. А эгер ушул эки намазды толук кандуу окуса, анда башкаларын окуу жеңил болот. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким эртең менен жана кечиндеги намаздарды толук окуса, бейишке кирет".[4]

5. Салам айтуу б.а. тааныганга да, тааныбаганга да ислам саламдашуусу менен салам айтуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуу болмоюнча, бейишке кирбейсиңер. Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө, ыймандуу боло албайсыңар. Бири-бириңерди жакшы көрүүгө түрткү болуучу амалды айтып берейинби? Саламыңарды жеткиликтүү айткыла!"[5]

6. Ар бир парыз намаздан соң "Аят ал-Курси" деп аталган аятты окуу. “Аят ал-Курси” Бакара сүрөсүнүн 255-аяты.  Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ар бир парыз намазынан кийин "Аят ал-Курсини" окуган адамды бейишке кирүүдөн өлүм гана тосуп турат".[6]

7. Беш убак намазды өз убактысында окуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Беш убак намазын өз убактысында окуп жүргөн адамды Бейишке киргизүүгө Аллах Таала убада берген".[7]

8. Даараттан кийин зикир кылуу б.а. төмөнкү дубаны окуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин кимиңер болсо да, толук даарат алып, анан: "Ашхаду аллаа илаха ил-лаллааху вахдаху лаа шариикалах, ва ашхаду анна Мухаммадан аьбдуху ва расуулух" деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылат да, алардын каалаганынан кирет".[8]  

Албетте, бейишке кирүүгө себеп болуучу амалдар өтө көп. Биз алардын аткарылуусу жеңил болгон кээ бирлерине гана токтолдук. Жогоруда айтылгандай, эч ким бейишке аткарган амалы менен кире албайт, Аллахтын ырайымы менен гана кирет. Ошон үчүн ар дайым Аллахка дуба кылып, бейишке киргизип, тозоктон сактоосун сурануубуз кажет.

Аллахым баарыбызга бейишке кирүүгө себеп болчу амалдарды аткарууну насип кылсын жана түбөлүк бейишти буйрусун.

                                                                                              Алайчы Сеитбеков. 

 

 

 



[1] Сахих Бухари, 1467-хадис. 

[2] Сахих Муслим, 2551-хадис.

[3] Сахих Бухари, 6109-хадис.

[4] Сахих Бухари, 574-хадис.

[5] Сахих Муслим, 74-хадис.

[6] Сунан Насааи, 9848-хадис.

[7] Сунан Абу Дауд, 487-хадис.

[8] Сахих Муслим, 234-хадис.

2022-02-14 10:44:41
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз