Шайтанга жүрөк эшиги ачылган 7 учур

Шайтанга жүрөк эшиги ачылган 7 учур

Шайтан Адам баласынын жүрөгүн өзүнө түнөк кылып алууга ар дайым жан алакетте. Бирок, ага жүрөгүнөн түнөк берүү же бербөө пенденин өзүнүн ыктыяры. Көп учурда пенде шайтанга жүрөк эшиги ачыла турган учурларды билбегендиктен, аны оңой эле киргизип алат. Биз мындай учурларды аңдап билгенибизде гана шайтанга каршы туруп, аны жакын жолотпой кууга кудуретибиз жетет. Төмөндө шайтан адамга үстөмдүк кылып кетүүчү учурлардын кээ бирине токтолобуз:

1.  Ачуулануу

Адам ачууга алдырган мезгилде шайтанга жүрөк эшигин толук ачат. Шайтан анын жүрөгүнөн жай алып, анан аны каалагандай башкара баштайт. Ачууланган адамды шайтан ушунчалык катуу азгыргандыктан, адам ачуусу тараганда өзүнүн эмне кылганын билбей калган учурлар да болот. Ачууга алдырган адамды шайтан аялына талак айттырат, ата-энесине кол көтөртөт, бир тууганын сөктүрөт, ачууланган адамын өлтүртүп коюсу да мүмкүн. Ошондуктан ачуулануудан этият болуу зарыл. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чыныгы баатыр – ачуусун баса алган адам” - деп, бекеринен айткан эмес.

2. Көралбастык

Көралбастык инсандагы руханий оорулардын бири. Аллахтын тагдырына ыраазы болбогон, тагыраагы, Аллахты эсинен чыгарган адам көралбастык кылат. Ошол себептен адам көралбастык кылган учурда шайтан анын жүрөгүн ээлейт, көралбастыгын күчөтөт, ичин тарытат. Ошентип отуруп адамды ооруга чалдыктырат, сооп-сыйлыктуу иштерин жок кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Отунду от жалмаган сыяктуу, көралбастык жакшы иш-амалдарды күйгүзүп жок кылат” – деген.

3. Көп тамактануу

Тамактанса да шайтанга жол ачылабы деген суроо туулуусу мүмкүн. Албетте, адам ашыкча тамактанганда шайтан аны оңой азгырат. Көп тоюп алган адам ибадат кылуудан зеригет. Ошентип Аллахтан алыстай баштайт. Күнөө иштерге кадам таштайт. Ошондуктан тамакты чени менен ичкен оң. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Адамдын  денесинде ашказандан өткөн жаман идиш жок...” - деп айткан.

4. Шашылуу

Инсан шашып аткарган иштин баарынын артында шайтан турат. Шашылуунун айынан кандай кырсыктар болуп жатканын көрүп эле жатабыз. Ошондуктан пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Шашылуу - шайтандан, сабырдуулук - Аллахтан” деген хадисине көңүл буруп, ар дайым сабырдуу болууга аракет кылуубуз керек.

5. Кедейликтен коркуу

Аллах Таала Куранда: “Шайтан силерди кембагалдык менен коркутат жана бузукулукка буйруйт” деп айткан. Адамдардын көбү кедей болуп калуудан чочулап, шайтанга жол ачып берет. Шайтанга баш ийип, Аллахтын ырыскы берүүчү сыпатын унутуп, бүт аракетин бир гана мал топтоо үчүн жумшап калышат.

6. Динде чектен ашуу

Кээ бирөөлөр Аллахтын ыраазылыгы үчүн же сооп топтоо үчүн деген ниети менен ибадатта шарият талабынан аша чабат. Мына ушул учур да шайтанга табылгыс учур. Ал адамдын жүрөгүнө кирип, анан аны “туура ишип кылып жатасың” деп күчөтө берет. Натыйжада, динде ар түрдүү агымдар пайда болуп, кээси туура жолдон адашып да кетет. Ошон үчүн пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): “Иштердин эң жакшысы – орточосу” деген хадисин иш жүзүндө аткарып, ушул жолду гана кармануу керек.

7. Башкаларга жаман күмөн саноо

Куранда: “Эй, ыйман келтиргендер! Көп күмөн саноодон этият болгула, чынында кээбир күмөндөр күнөө” деп айтылган. Инсан экинчи бир адамдан күмөн санаар замат, шайтан аны азгыра баштайт. Натыйжада, күмөн саноонун аягы аңдып, тыңчылык кылууга, анан барып кыйбат, ушак кылууга алып барат. Аяттын уландысында да дал ушул тууралуу айтылган. Башкаларга жаман күмөндө болгон адам, алар менен бирге өзүнө да залым кылып туура жолдон адашат.   

Алайчы Сеитбеков               

2022-02-14 10:52:42
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз