Үмүт шооласы үзүлбөсүн
Көптөн бери ооруп төшөктө жаткан кыз:
- Эже, бул дарактын түшө элек канча жалбырагы калды? – деп сурады эжесинен.
Сиңдисинин эмнени ойлогонун жүрөк тереңинен сезген эжеси, көзүнө тегеренген жашын ага көрсөтпөөгө аракет кылып, тескери бурулду:
- Алтыным, аны эмнеге сурап жатасың?
- Мунун акыркы жалбырагы түшкөн күнү менин да акыркы күнүм бүтөт, - деди, кыз муңайым. Эжесинин жүзү нурданды:
- Анда жакшы экен, ага чейин экөөбүз көп бактылуу күндөрдү жашайбыз.
Күндөр өтө берди. Күн өткөн сайын жалбырактар да азайды. Кыз бир күнү жалгыз калган акыркы жалбыракты көрдү. Бул анын акыркы үмүтү эле. Бирок, жалбырак бул күнү түшпөдү, эртеси да... Күз артынан кыш келди. Эже-сиңдинин бактылуу жашоосу улана берди.
Күн артынан күн өтүп, кыз айыгып, төшөктөн турду. Эч кимге, эч нерсеге көңүл бурбай, түз эле даракка басып барып, андагы жалгыз жалбыракка колун созду. Акыркы жалбырак кадимки эле желим жалбырак экен, аны бутакка байлап коюптур...
Өзүңдө үмүт болбосо да, башканын үмүтүн өчүрбө...
Үмүт шооласы эч качан үзүлбөсүн...
Алайчы Сетитбеков