Мусулман пенденин жаны оозунан чыгар замат анын амалдары токтойт, ошондой эле амалдарынын сооп-сыйы да токтойт. “Өлүмгө чейин тирүүлүктүн баркын бил” дегендин мааниси ушу. Ажал жетип, күн бүтүп, ичэр суу, көрөр күн түгөнгөндө, адамдын кылган иши кошо токтоп, эми ал амал кылуудан эсеп берүүгө өтөт. Бирок, мээрими Аллах Таала адам өткөндөн кийин да анын кээ бир иштерине сооп-сыйын бере берет. Мындай амалдар тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адам өлгөндө анын амалдары кошо токтойт, бирок үч түрдүү амалы токтобой улана берет: сооп-сыйы токтобогон садагасы, башкалар пайда көргөн илими, артынан бата тилеген ыймандуу баласы” (Имам Муслим, 3084).
Эми бул хадисте айтылгандарга кененирээк токтололу.
Биринчи садага тууралуу сөз болду. Сооп-сыйы уланчу садага деп, адамдар көпкө чейин пайдасын көрө турган иштерге айтылат. Мындайларга мечит куруу, медресе салуу, оорукана куруу, мектеп салуу, көпүрө салуу, жол оңдоо, бак тигүү, кыскасы, бирөөлөр андан пайдалана турган иштердин баары кирет кирет. Ошондой эле буга дагы “вакф” иштери да тиешелүү. Мусулман өлкөлөрүндө “Вакф” деп аталган, эл өз ыктыяры менен каалаган нерсени садага катары бере турган уюмдар бар. Ага кээ бирөө жер берет, кээ бирөө акча берет, кыскасы, вакфка чогулган нерселер кедей-кембагал, муктаждарга жардам иретинде, же жогоруда айтылгандай иштерге жумшалат. Мисалы, бирөөнүн вакфка берген жерине эгин эгип, бак тигип жыл сайын анын түшүмүн жакырларга бөлүп берет. Бул ошонун сообу жыл сайын тиги вакфка жер берген кишиге жетип турат деген сөз. Ошол сыяктуу эле салган көпүрөсүнөн күнүнө канча киши басып өтсө, ошого жараша ага сооп жазыла берет, качан ошол көпүрө ишке жараксыз болуп, адамдар пайдаланбай калганча. Бирок, мында бир шартты эске алуу зарыл, садага болобу, башка болобу, аткарылган иш Аллахтын ыраазылыгы жана сооп табуу ниетинде болуусу зарыл. Мындан башка ниет менен болсо, андан пайдаланган адамдардын алкыш, ырахматы болуусу мүмкүн, бирок сооп-сыйы түгөнбөгөн амалдардын катарына кирбей калат.
Экинчиси: башкаларга пайдасын тийгизген илим. Бул илим шарият илимиби, дүйнө илимдерине да тиешелүүбү деген маселеде аалымдар ортосунда кайчы пикирлер бар. Кээлери, бул адамды туура жолго багыттап, ыйманды, ибадатты үйрөтө турган илим дешет. Анткени, пай гамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) башка хадисинде: “Ким бирөөнү туура жолго багыттаса, багытталган кишинин тапкан сооптору багыттоочуга да агып келе берет, бирок мындан тигинин тапкан сообу кемип калбайт”, - деген (Имам Муслим, 4831). Демек, ким бирөөгө дининде пайдасы тие турган тапсир, хадис, фикх ж.б. илимдерди окутуп, ак-караны ажыратып берсе, анын кылган жакшылыктарына дайыма шериктеш болот. Илим берүүгө жалаң эле окутуу эмес, китеп жазып калтыруу да тиешелүү. Жазылган китепти канча адам окуса, ошонун баарынын сообу жетип турат. А эгер бул окуткан адам дагы бирөөнү окутса, анын сообу да буга жетип турат.
Ал эми кээ бир аалымдар буга дүйнө илимдери да, тагыраагы, медициналык, техникалык ж.б. шарият тыюу салбаган илимдер да кирет дешкен. Алардын айтымында эгер бир адам экинчи бирөөгө адамды дарылоону үйрөтсө, ал канча адамды дарылап айыктырса, ошонун баарынын сооп-сыйы буга жетет деп айтышат. Бирок мында да, жогоруда айтылгандай Аллахтын ыраазылыгы жана соопту үмүт кылуу ниети шарт.
Үчүнчүсү, ата-эненин артында калган ыймандуу балдары. Албетте, бала ыймандуу болуп, ата-энесине дуба кылып бата тарткандай болуусу керек. Ыймандуу баланын өтүп кеткен ата-энесине кылган дубасы дайыма жетип турат. Анткени, баланы ыймандуу кылып тарбиялаган анын ата-энеси, алардын ушул кылганы жакшы амал эсептелип, анын жемишин акыретинде көрөт. Ыймандуу балдар өтүп кеткен ата-энеси үчүн бир канча сооп-сыйлуу иштерди аткара алат:
Биринчиден, дуба кылат, бул Аллахтын буйругу, анткени Аллах Таала: “Раббим, алар мага кичинекейимде мээрим төккөндөй Сен да аларга ырайым кыл” деп айт” – деген (Исра сүрөсү, 24-аят). Ошондуктан, ар бир ыйманы бар уул-кыз ата-энесине дуба кылууну унутпоосу керек.
Экинчиден, ата-энесинин атынан, тагыраагы, сооп-сыйын ата-энесине багыштап садага берет. Сабд бин Убаада (ага Аллах ыраазы болсун) четте жүргөндө апасы кайтыш болуп калат. Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Мен жокто апам кайтыш болуп калыптыр, анын атынан садага кылсам ага пайдасы тиеби? – деп сураганда, ал: “Ооба”, - деп жооп берген (Имам Бухари, 2556).
Үчүнчүдөн, ата-энеси үчүн ажы амалын аткара алат. Бирде пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жухайна деген уруудан бир аял келип: Энем өмүрү өткөнчө ажы кылам деп назири кылган эле, бирок ажы кыла албай өтүп кетти, эми мен анын атынан ажы кылсам болобу? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: “Ооба, анын атынан ажылык кыл дейт” (Имам Бухари, 1720).
Алайчы Сеитбеков