Өзгөлөрдүн айыбын жашырууну үйрөнөлү
Мээримдүү, Боорукер Аллахтын аты менен баштаймын.
Оболу, Аллах Таалага чексиз мактоо айтып, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-салават жолдоймун.
“Өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы көөнү көрүптүр” дейт элибиз. Өзүндөгү кемчилик менен иши жок, башка бирөөнүн болор-болбос кемчилигин көрө калса, аны дароо ашкере кылып, жалпыга жар салган жаман адат учурда аябай күчөп барат. Эл арасында бул адат канга сиңип, көнүмүшкө айланып, муну эч ким деле эрөөн көрбөй калгансыйт. А чынында бул адамдын бир эле дүйнө жашоосуна эмес, акыретине да олуттуу зыянын тийгизе турган жаман иш. Исламда буга өзгөчө көңүл бурулуп, катуу тыюу салынган. “Аллах ар кандай жаман сөздүн ашкере айтылуусун жактырбайт” деп айтылат Ыйык Куранда (Ниса сүрөсү, 148-аят). Кандай жаман сөз болсо, аны жарыя кылып жиберүүнү Аллах Таала жаман көрөт. Мусулмандын кемчилигин жаап-жашыруу, айыбын ачпоо тууралуу көптөгөн хадистер айтылып, осуят кылынган. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтып кеткен хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтет: “Ким мусулман бир тууганынын айыбын жашырса, Кыямат күнү Аллах анын айыбын жашырат. Ким мусулман бир тууганынын айыбын ачса, Кыямат күнү Аллах анын айыбын ашкере кылат” (Ибн Маажа, 850\2). Бул жерде “айып” жалпы мааниде айтылууда б.а. бирөөнүн келбетиндеги айып болобу, ишиндеги айып болобу, сөзүндөгү айып болобу, эмнеси болсо да аны жашырып, эл-журтка ашкере кылып жибербеген адамды Кыяматта Аллах айыптарын жаап-жашырып коёт. Аллах Таала жашыруучу, жашыруучуларды жакшы көрөт. Динибизде тирүү адамдын айыбын ачуу ары турсун, өлгөн адамдын кемчилигин жарыя кылууга да тыюу салынат. Мусулман тирүүсүндө кандай барктуу болсо, өлгөндө да ошондой барктуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Ким сөөктү жууп жатканда, анын кандайдыр бир айыбын көрүп калса жана эч кимге айтпай жаап-жашырса, Аллах аны кырк жолу кечирет” (Ал-Хааким, 505\1; ат-Табарани, 315\1; ал-Байхаки, 395\3, Муслимдин шартына ылайык ишенимдүү деп айтылган).
Өлгөн адамдын айыбын жашыруу ушунчалык зарыл болсо, анда тирүүнүкү өзүнөн-өзү түшүнүктүү эмеспи?!
Исламда ар бир жаман, күнөө иштин алдын алууга өзгөчө маани берилет. Мисал катары айтсак, никесиз ойноштуктан сактануу үчүн жат аялдарга көз багып кароого тыюу салынган. Ошол сыяктуу эле бирөөнүн айыбын жарыя кылуу күнөөсүнө кириптер болбоо үчүн алдын алчу иштер бар. Куранда Аллах Таала адамдарды бири-бирин аңдып тыңчылык кылуудан тыйып: “...жана бири-бириңерди аңдыбагыла” деп айткан (Хужурат сүрөсү, 12-аят). Айыбы жок адам болбойт. “Ар бир адам баласы ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн түзүгү – тообо кылуучулар” деп айтылган хадисте. Демек, артынан түшүп аңдысаң ар бир эле адамдын кемчилигин табасың. Ошон үчүн Аллах аңдып, тыңчылык кылуудан тыйган. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ““Кол үзбөгүлө, жүз бурбагыла, жек көрбөгүлө, ичи тардык кылбагыла! Алланын пенделери, бир тууган болгула!” деп айтканы бар. Мына ушул төрт сапат ар бир мусулманда болууга тийиш. Эгер жок болсо, буга жетүүгө тырышуу зарыл. Анткени мындай сапаты бар адам, башканын айыбын көңүл сыртынан кетирет, көзүнө чалдыккан айыбын жашыра билет. Бир тууган болуп, кетирген кемчиликтерин кечирип, айыбын жаап-жашырып жашоо кечиргенде гана мусулмандар чыныгы жашоодогу максатын таап, бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да ийгиликке жете алат. Ошондуктан бири-бирибиздин айыбыбызды жашырып, кемчилик, каталарды кечиргенди үйрөнүүбүз кажет.
Алайчы Сеитбеков