Малды шарияттын талабындай сойо аласызбы?
Базардан эт аларда: - адалбы? – деп сурап калам. Жооптун дээрлик баары окшош: – адал, адал, сиздикиндей сакалы бар адам сойот; - намаз окуган адам сойот; - малды сойордо даарат алам ж.б.у.с.
Бир караган адамга элдин басымдуу бөлүгү адал менен арамды ажыратып, айрыкча, эт тандаганда адалга көбүрөөк көңүл буруп калгандай сезилет. Ооба, бул чындык. Жалаң эле мусулмандар эмес, башкалар да эттин адалдыгына кызыга баштаганын, бирде орус кемпирдин сатуучунан “это халяль да?” деп сурап жатканынан кулагым чалган. Халал же адал деген сөздүн түпкү маанисине түшүнө албасак да, анын кайсы бир деңгээлде пайдалуу экенин билип, эт алганда бир ооз сурап коюуну адатка айлантып алганыбыз чын. Бирок, жогорудагыдай жоопторду угуп туруп, аа, анда адал турбайбы деп кудуңдамыш болуп алып кете бергенибиз, али адал түшүнүгүн толук биле элегибизди айгинелеп турат. Сакалдуу киши сойсо адал болчу болсо, анда тиги арактан башы чыкпаган, диндин “д” тамгасын билбеген Андрейдин да сакалы бар эмеспи...
Кыскасын айтканда, шариятта малдын адал болуусуна сакалдын да, даараттын да тиешеси жок. Малдын адал болуусу үчүн шарияттын талабы башка. Куранда: “Силерге: өлүмтүк, мууздаганда агып чыккан кан, чочконун эти жана Алладан башканын аты менен мууздалган мал арам кылынды. Ошондой эле муунуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн малдар жана жыркычтар жарып өлтүргөн мал арам...” деп айтылат. Буларды жегенге болбойт, “...бирок (жаны чыга элегинде) мууздалгандардан башка” - деп айтылат. Демек, жаны чыкканча мууздап жетишсе жана мууздагандан кийин жан берсе, бул адал болот. Бирок, мууздаганда да анын адал болуусу үчүн керектүү шарттары бар.
Биринчи шарт: Малды мууздаган адам – акыл-эси толук, балакат жашына толгон мусулман киши болуусу керек. Мал союучу акылы толо элек жаш бала болсо, мууздаганы адал болбойт. Бирок, жети жаштан ашып, мал союнун маанисин билген бала болсо, анда адал. Акыл-эси жайында эмес кишинин мууздаганы да адал эмес. Христиан жана жөөттөрдөн, эгер китептерине ишенген, өз дининдеги мал союу шартын билген адамдар болсо, алардын мууздаганы да адал. Ал эми азыркы учурдагы өзүн христиан эсептеп, бирок дининен такыр кабары жок жүргөндөрдүн мууздаганы адал болбойт.
Экинчи шарт: Малды мууздамакчы болгон киши “Бисмиллаахи” деп баштоосу зарыл. “Бисмиллаахи, Аллаху Акбар” десе андан да жакшы. “Бисмилланы” бычакты малдын кекиртегине тийгизерде айтканы оң. Бир киши бир канча малды мууздаса, ар бирине өзүнчө “Бисмилланы” айтат. Эгер бир малды эки-үч киши мууздаса, ар бири “Бисмилланы” айтканы жакшы. Мусулман киши адатта “Бисмилланы” айтып мууздап жүрүп, кокустан унутуп калса, шарт аткарылган болуп эсептелет б.а. мал адал боло берет. А эгер “Бисмилланы” айтуу зарыл экенин билип туруп атайлап айтпай койсо, адал болбойт.
Жогорудагы эки шарт менен мууздалган мал адал болот. Бирок, буга кошумча мал сойгон адамдар билип ала турган дагы бир канча маанилүү иштер бар.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Алла Таала бардык ишти жакшылап аткарууну буйруду. Ошондуктан малды сойсоңор да, жакшылап сойгула, бычакты алдын-ала курчутуп алгыла, малдын көз алдында курчутпагыла” – деген. Демек, мал союуда буларга көңүл буруубуз керек:
- Малды кыйнабай союуга, курч бычак менен мууздоого;
- Малдын көзүнчө бычакты курчутпоого;
- Малды башка малдын көзүнчө муздабоого;
- Малды же канаттууларды балта менен урууга, ток урдурууга ж.б. ушундай жолдор менен өлтүрүүгө болбойт;
- Малдын кекиртегиндеги эки күрөө тамырын кесүү керек, жаны чыкканча моюнун кайрып сындырууга болбойт жана жүлүнүн да кеспей туруу керек;
- Жаны чыкканча терисин сыйрууга болбойт;
- Жаны чыкканча кайсы бир мүчөсүн кескелөөгө болбойт;
- Малдын каны толук агып чыкканча күтүп туруу керек;
- Малды мууздарда көзүн чүпүрөк менен жаап койгон жакшы, кулагы узун кой болсо, кулагы менен көзүн жаап, анан мууздаган жакшы;
- Малды кыбылага каратып, сол тарабы менен жаткызуу керек;
- Мууздоо каны агып түшүү үчүн жерди казып койсо болот, майда жандык болсо атайын чылапчынга канды агызган жакшы, кан жерде тебеленип калбоосу үчүн;
- Мууздоо каны чачыраган кийим менен намаз окууга болбойт, ал нажасат болуп эсептелет;
- Мууздоо каны арам жана нажасат болгону үчүн, аны быжы же башка тамакка кошууга болбойт. Кээ бир аалымдар аны итке берүү да жакшы эмес, чукур казып көмүп салуу керек дешкен.
Мал союуда мына ушундай иштерге көңүл буруу зарыл. Чынында, Алла Таала мал-жандыктарды бизге, адамдарга азык катары ыроологон. Алланын бул нээмат белегин шарият талабындай таза, адал кылып жеш биздин милдет. Кыяматта ар бир ишке жооп берүү болорун эстеп, мал союда да этият болуу зарыл.
Алайчы Сеитбеков