Аллах Таала кандай сөздү жактырат?

Аллах Таала кайсы сөздөрдү жакшы көрөт?

Самура бин Жундуб (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллах Тааланын эң жакшы көргөн сөздөрү – “Субханаллах”, “Алхмаду лиллах”, “Аллаху Акбар” жана “Лаа илааха иллаллах”. Булардын кайсынысын биринчи баштасаң да айырмасы жок” деп айткан. (Имам Муслим, Адаб, 3985; Имам Ахмад, Муснад, 19248).

Тилге жеңил, таразага оор, Аллахка жагымдуу болгон бул сөздөрдү эртели-кеч, күнү-түнү тилге алып айта жүрүү зарыл. Анткени, Аллахты зикир кылуу менен, тил айтканды жүрөк тастыктап, пенденин Аллахка болгон ишеними уламдан-улам артат.

Субханаллах – бардык кемчиликтен аруу, Аллахамду лиллах – мактоо, даңазалоо Аллахка гана ылайык, Аллаху Акбар – Аллах Улук, Лаа илааха иллаллах – Аллахтан бөлөк сыйынууга ылайык кудай жок деген маанидеги бул сөздөрдү айткан адамды Аллах Таала жакшы көрөт. Ошону менен катар, бул адам эсепсиз сооп-сыйлыктарга ээ болот. Умму Хани (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: “Бир жолу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин ал-абалымды сурап келгенде мен: О, Аллахтын элчиси, Мен картайдым, мага отуруп алып аткарчу бир иш айтсаңыз жакшы болот эле, - деп өтүндүм. Ошондо ал мага: “Жүз жолу “Субханаллах”, - деп айт. Чынында, бул Ысмайыл урпагынан арасынан жүз кулду азат кылгандай соопко барабар болот. Жүз жолу “Алхамду лиллах” деп айт. Анткени, бул Аллах жолунда казат кылган менен барабар соопко ээ кылат. Жүз жолу “Аллаху Акбар” деп айт. Анткени бул жүз төөнү курбандыкка атагандай соопко ээ кылат. Жүз жолу “Лаа илааха иллаллах” деп айт. Чынында, бул сөздүн сообу асман-жердин ортосун толтурат. Мына ушуларды айтып жүрсөң, бул күнү сенден өткөн сооптуу иш жасаган адам болбойт. Ушул сөздөрдү айткан киши гана мындай соопторго жете алат”, - деди. (Имам Ахмад, Муснад, 25675). 

Алайчы Сеитбеков

 

2022-02-22 16:19:15
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз