Аллах жакшы көргөн 6 амал

Аллах Таала жактырган 6 амал

Аллах Таала Өзүнүн буйругу, пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү менен аткарылган бардык амалдарды жакшы көрөт жана андай амалды аткаргандарды сооп-сыйы менен сыйлайт. Бирок, шариятта кээ бир амалдарга өзгөчө баа берилип, Куран аяттарында жана хадисте мына ушул амалды Аллах жакшы көрөт деп айтылган учурлар бар. Төмөндө Аллахка жагымдуу болгон ушундай амалдардын кээ бирин айтып өтмөкчүбүз. Имам Ахмад (аны Аллах ырайымына болөсүн): “Эгерде Аллах Таала сени ар дайым жакшы көрүүсүн кааласаң, анда Аллах Таала жакшы көргөн амалдарды дайыма аткар”, - деген экен. Аллах Таала баарыбызды ушундай амалдарды аткаруучу пенделеринен кылсын.

1. Парыз амалдарды аткаруу.  Бул тууралуу Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн кудуси хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Аллах Таала айтты: “Ким менин досума душмандык кылса, ага согуш жарыялайм. Пендемди мага жакындаткан - Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн жагымдуу амал жок. А эгер пендем мага напил амалдар менен жакындаса, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, уга турган кулагы, карай турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Менден эмнени сураса берем, жардам сураса, жардам кылам” (Имам Бухари).

2. Намазды убагында окуу, ата-энеге жакшылык кылуу жана Аллах жолундагы казат. Бул тууралуу Абдуллах бин Масуьд (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте, ал пайгамбарыбыздан  (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллах Таалага жагымдуу амалдар кайсылар?”, - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоосу болсун): “Өз убагында окулган намаз, ата-энеге жакшылык кылуу жана Аллах жолунда казатка чыгуу”, - деп жооп берген (Имам Бухари жана Имам Муслим).

3. Түнкү намаздар. Бул тууралуу Абдуллах бин Амир бин Аас (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Аллах Таала эң жагымдуу намаз Дауд алайхи саламдын намазы, ошондой эле Аллах Таалага эң жагымдуу орозо Дауд алайхи саламдын орозосу, ал түндүн биринчи жарым бөлүгүндө уктап, анан туруп намаз окуйт эле, андан кийин багымдатка чейин дагы уктайт эле. Орозону болсо, бир күн кармап, бир күн оозу ачык жүрчү” (Имам Бухари, 1131; Имам Муслим, 1159).

4. Тил менен зикир чалуу. Бул тууралуу Самрата бин Жундуб (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Аллах Таалага жагымдуу болгон сөздөр төртөө: Субханаллах, Алхамду лиллах, Ва лаа илааха иллааллааху, Валлааху Акбар, булардын кайсынысын биринчи баштасаң зыяны жок” (Имам Муслим, 4079).

5. Ишти чын көңүлдөн, майын чыгара аткаруу. Бул тууралуу Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадитсе пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында Аллах Таала ишти майын чыгара аткарганыңарды жакшы көрөт”, - деген.

6. Амалды аз болсо да дайыма аткарып туруу. Бул тууралуу Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аз болсо да такай аткарылып турган амалды Аллах Таала жакшы көрөт”, - деген.  (Имам Бухари, 6465).

Алайчы Сеитбеков

2022-02-22 16:26:18
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз