Талакты оозуңа алба, же ажырашам дегендерге 7 насаат
Аял менен эркектин баш кошуп, түтүн булатып жашоо кечирүүсү тээ Адам ата менен Хава энеден бери карай уланып келе жаткан адат. Үйлөнүү аркылуу тукум уланат, тек сакталат, бузуку, ыплас иштерге жол берилбейт. Тилекке каршы, адам баласы алгачкы ата-энесинен калган бул адаттан чектеп, үйлөнүп, баш кошуудагы негизги максатты четке калтырып, туура эмес максатта колдоно баштады. Мен тээ батыштагы үй-бүлө, аял-эркек маселесин айтып отургум жок, аларың жерге кирсин, мен мына бу үй-бүлө маселесин өтө жогору баалаган өзүбүздөгү, кыргыздардагы көйгөйдү айтып жатам. Жашыруун эмес, үй-бүлөнүн бузулганы көбөйдү. Муфтият, молдолорго келгендердин дээрлик баары талак маселесин сурап жүрөт. Талагын берип алып, анан кайра жарашуунун айласын таппай жүргөндөр. Аракка тоюп алып, же ачууга алдырып болор-болбос нерсе үчүн аялына талак айтып, анан соолукканда эмне кыларын билбей молдого чуркайт.
Талак ойной турган нерсе эмес, аны менен бир үй-бүлөнүн тагдыры чечилет. Жерде талак айтылса, асманда Аллахтын аршы титирейт. Ошон үчүн Аллах Таала талакты эркектерге тапшырган, аялдарга тапшырса, алар күнүнө он жолу талак айтмак. Эркек оор басырыктуу, чыдамкай, көйгөй-машакатты көтөрө билет, аялдын азарына чыдайт. Тилекке каршы, азыр эркектер аялдардан да шашма, жеңил.
Исламда үй-бүлө куруу жана аны сактоого өзгөчө маани берилген. Жар тандоо, үй-бүлө куруу, үй-бүлөдөгү аял-эркектин укук-милдеттери ж.б. тууралуу бул жерде сөз козгобоймун. Мында аял-эркектин оту күйүшпөй, ажырашууну ниеттене баштагандарга тиешелүү насааттарга токтолоюн.
1. Талакты такыр оюна албоосу зарыл. Тамаша иретинде да талак айтууга болбойт. Пенденин оозунда, Алланын кулагында деген сөз бар элде. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун): “Үч иштин чыны да – чын, тамашасы да – чын: нике, талак жана кулду азат кылуу” – деген. Кээ бир аалымдардын пикиринде киши аялын тамашалап талак айтса да, талак түшөт. Кээ бирлердин пикиринде ниетине жараша болот, эмнеси болсо да, эркек киши “талак” деген сөздү такыр оозуна албоого өзүн тарбиялап, үйрөнүүсү керек.
2. Кемчиликти ар ким өзүнөн издөөгө тийиш. “Өзгөлөрдү тууралыкка үндөп, а өзүңөрдү унутуп каласыңарбы...?” – дейт Аллах Таала Куранда (Бакара,44-аят). Адам өзүнүн кемчилигине карабай, башкалардын кемчилигин издей баштаганда, ага өзүнөн башканын баары туура эместей сезилет. Көбүнчө аял менен эркектин бири-бирин күнөөлөгөнү ушундан улам. Эгер адам оболу өзүнүн кемчилигин көрө билсе, анда башкалардын кемчилиги ага билинбейт. Ошондуктан үй-бүлө ээлери, тагыраагы, аял менен эркек бири-бирине айып тагуудан мурда өздөрүнө жакшылап кароосу зарыл.
3. Адамдагы жакшы мүнөздү, жакшы касиетти көрө билүү керек. Күйөө болобу, аял болобу, канчалык жаман адам болсо да, анда башкаларда кезикпеген кандайдыр бир жакшы сапаты болот. Мына ошол сапатты көрө билип, ошол жакшы сапаты аркылуу үй-бүлөнү сактап калууга тырышуу керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ыймандуу эркек эч убакта ыймандуу аялды жаман көрбөсүн. Эгер ал аялдын кайсы бир мүнөзү көңүлүнө жакпаса, башка бир мүнөзү жагат, мына ошол мүнөзүн сыйласын”, - деген.
4. Кандай жакшы иш болбосун, аны аткарууну бири-бирине таңуулабай, өздөрү биринчи аткаруусу керек. Эркек аялдан кандай мамилени күтсө, өзү да аялына ошондой мамиле жасоосу керек. Аял да ушундай. Мына ошондо ортодо мамиле өзгөрүп, жашоо бейпил болот.
5. Ажырашууга, талак берүүгө такыр шашылбоо керек. Ага убакыт табылат жана бул эң акыркы кадам болууга тийиш. Ага чейин кандай оор маселе болсо да, аны чечүүнүн жолу кенен. Башка толгон жолдор бар. Мына ошолорду издөө керек. Убакыт өзү дары. Убакыт өтүп ажырашуу маселеси өзүнөн-өзү жоголот.
6. Эркек киши көтөрүмдүү болуп, аялына жакшы мамиле кылууга тийиш. Эгер чын көңүлүнөн мындай кыла албаса да, ары карап ыйлап, бери карап күлүп аялына жакшы сөз айтып, ортодогу келишпестик тагын акырындык менен өчүрүүгө аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле кылгандарыңар” – деген.
7. Ажырашуудан мурда аял да, эркек да балдардын тагдыры кандай болорун ойлонуусу зарыл. Эркекке аял, аялга эркек табылат. Бирок, балага ата-эне табылбайт. Тирүүлөй жетим калган баланын шагы сынат, башы жер карайт, бири атанын тарбиясына, дагы бири эненин мээримине зар болот. Чоңдор өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлобостон, балдарынын келечегин ойлоого милдеттүү.
Кудай сактасын, эч кимдин башына ажырашуу түшпөсүн. Кокус, кимдир бирөө ушундай абалга келип калса, анда жогорудагы насааттарды эске алып, аларды иш жүзүндө аткарса, Аллах кааласа, ага жардам болот. Үй-бүлөнү сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин эстен чыгарбайлы.
Алайчы Сеитбеков