Абу Бакр Сыддык

Абу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун)

Абу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун)  Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) улуу сахабасы жана досу, эң бир көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер, эң биринчи халиф. Пайгамбар аны Абдулла, ал-Атик жана ас-Сыддык деп атаган. Абу Бакрдын атасы Абу Хулафа Усман, энеси Уммул-Хайр Салма.

Абу Бакр эркек кишилердин арасынан Исламды эң биринчи кабыл алган жана калган өмүрүн бүт динге арнаган. Ал "Пил" окуясынан 2-жыл мурда туулган. Тайм уруусунан болот.            Бакр – эртелеп, обол, алгачкы, эрте деген маанини билдирет. Айтымда, Исламды биринчилерден болуп кабыл алгандыгы үчүн ушинтип аталып калган. Минтип аталашына башка себептер бар экени да айтылат. Ал эми Сыддык – тастыктоочу деген маанини билдирет. Бардык иштерде пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан-дегенин эч бир токтоосуз, олку-солкусуз тастыктагандыгы, ишенгендиги үчүн, айрыкча, Исра жана Мираж кечесиндеги пайгамбардын  (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) окуясына болгон ишениминен кийин ушундай аталып калган. Тарыхта Исра жана Мираж кечеси деп аталып калган бул түндө пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Акса мечитине келип, жети кабат асмандын үстүнө көтөрүлүп, кайра келген. Бул окуя ошол кездеги адамдардын акылына сыйбаган иш болгон, ошондуктан көпчүлүк буга ишенген эмес. Ошондо адамдар Абу Бакрга келип, болгон окуяны айтышканда, ал: "Эгер бул сөздү Мухаммад айтса, анда ал чын айтыптыр" –  деп, экиленбестен дароо тастыктаган. Ошондой эле аны "Атийк" деп да аташкан. Анын мааниси – көп кулду азат кылуучу, жакшы иштерди көп жасоочу, жанын (өзүн) тозоктон азат кылуучу (сактоочу) деген маанилерди билдирет.

Уруусу: Курайш уруусундагы Тайм тобунан болот. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен алтынчы атадан кошулатт. Атасы Усман "Абу Кухафа" деген лакап ат менен таанымал. Энеси – Сальма, аны "Уммул Хайр" деп аташкан, ал "Жакшылыктын Энеси" деген маанини билдирет. 

Төрөлүүсү: Пил жылы деп аталган жылдан эки жылдан кийин Мекке шаарында төрөлгөн. Бул жыл 573-жылга туура келет. Абу Бакр пайгамбардан эки жаш, бир канча айга кичүү болгон.

Үй-бүлөсү: Исламга чейинки доордо Абу Бакр Сыдык эки аялга үйлөнгөн. Алардын биринчиси, Абдул Узза кызы Кутайла деген аял болгон. Андан Абдулла деген уулдуу жана Асма деген кыздуу болот. Экинчи аялы, Аамир кызы Умму Румаан. Андан Абдурахман аттуу уулдуу жана Айша аттуу кыздуу болгон. Исламга киргенден кийин Умайс кызы Асмаага үйлөнгөн. Андан Мухаммад аттуу балалуу болгон. Кийинчерээк Меккеден Мединага келген кезде Харижа кызы Хабибага үйлөнгөн. Андан Умму Күлсүм аттуу кыздуу болгон.

Кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы: Абу Бакр Сыддык өтө акылдуу болгон. Исламга чейинки бузулган доордо да башка замандаштары сыяктуу эстеликтерге сыйынган эмес, атүгүл арак да ичкен эмес. Мүнөзү жумшак, абдан сылык, боорукер адам болгон. Жолдошторунун арасында чечкиндүүлүгү менен айырмаланып турган. Куран жана сүннөттү жакшы билгендигине карабастан ар дайым жолдоштору менен кеңешип, алардан кеңеш сураган. Жашка да, карыга да бирдей кичи пейил болгон. Жоомарттыгы жана берешендиги менен адамдардын баарын аң-таң кылып, суктандырган.

 Сырткы кебетеси: Ак жүздүү, тармал чачтуу, көздөрү бир аз ичине кирип турган, кырдач мурун, жазы маңдайына жарашып, маанайы жарык, бою шыңга, арык адам болгон.

Өлүмү: Хижранын он үчүнчү жылынын акырында (634-жылы) алтымыш үч жаш курагында каза болгон.

2022-03-08 12:10:21
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз