Умар бин Хаттаб

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун)

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аттын кашкасындай таанымал, эң бир көрүнүктүү сахабасы, досу, коомдук жана саясий ишмер, момундардын экинчи халифи. Атасы Хаттаб ибн Нуфайл, энеси Хантама.

             Ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды так ажыратканы үчүн “Ал-Фаарук” (Ажыратуучу) деген атка конгон. Эң улуу перзенти Хафса болгондуктан, «Абу Хафса» (Хафсанын атасы) деп да аташкан. Ал тарых баракчаларында «Пил» жылы аталып калган окуядан 13-жыл кийин, болжол менен 585-жылы Меккеде туулган.

Умар узун бойлуу, кең далылуу, балбан денелүү, эч нерседен кайтпаган эр жүрөк адам болгон. Пайгамбарыбыз Аллахка кайрылып: "Исламды ушул экөөнүн Сага сүйүктүү болгону менен кубаттандыр" - деп дуба кылат. Ал экөө - Абу Жахл менен Умар болгон. Дуба кабыл болуп, Умар динди кабыл алат. Ошол убакта ал 33 жашта болгон. Умардан алдын 39 эркек, 11 аял динге кирген эле. Динге киргенге чейин мусулмандарга абдан көп тоскоолдуктарды жараткан адам болгон. Ал мусулмандарга аябай кордук, зордук-зомбулук көрсөткөн.

Умар алгач кой баккан, кийин соода иштери мене алек болгон. Анын Исламга кирүүсү мусулмандар үчүн күтүлбөгөн жаңылык, кайрат болот. Абдулла бин Масуд: "Умар динге киргенче Каабанын жанында намаз окуй алчу эмеспиз" – деп эскерген.  Умар динди кабыл алгандыгын эл арасына ачык жарыя кылат. Анын динге кирүүсү дин душмандары үчүн чоң жоготуу болот. Ошол күндөн баштап мусулмандардын жүрөгүнөн коркунуч кете баштайт.

Умар Исламды кабыл алган күндөн баштап, дин үчүн өз жанын аябастан күрөшүүнү баштаган. Анын коомчулуктагы орду бийик болгондуктан, дин душмандары мурдагыдай каршылык көрсөтө албай калышкан.

Ал ар дайым пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында жүргөн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, Абу Бакрдын халифалыгында да Умар саясий ишмер катары көптөгөн эмгектерди кылган. Абу Бакр Сыддык дүйнөдөн өтөрдө ордуна Умардын халифа болорун айтып, осуят калтырган. Ошентип, хижранын он үчүнчу жылы (634-жылы) Умар халифа болуп дайындалат. Ал халифаттын коомдук жана саясий тарыхында чоң ийгиликтерди жараткан. Анын аскердик күчтөрү Византия жана Иран аскерлери менен болгон согушта жеңишке жетишкен. Халифаттын бийлиги Жакынкы Чыгыш, Иран, Египет жана Түндүк Африкага чейин кулач жайган.  

Бир күнү Умар адаттагыдай эле адамдарды багымдат намазына чакырып, намаз жаңы гана башталган учурда, Абу Лулуа деген отпарас (мажуси) канжарын сууруп чыгып, Умарды бир канча жолу сайып алат. Ал канжарын мурда эле алып келип мечит ичине катып койгон болчу. Анын канжары ортосунда сабы бар, учу эки жагынан чыгып турган, атайын жасалган канжар эле. Ал Умарды сайып жыгыткандан кийин сапта турган адамдарды оңду-солду карабай сайгылай баштайт. Эмне болуп кеткенин билбей калган адамдар бир азга эсин жоготуп туруп калышат. Анан Абу Лулуанын үстүнө шырдакты жаба салып кармап калышат. Бирок, ал канжары менен өзүн сайып жиберүүгө үлгүрүп калат. Ошентип, анын колунан 7 адам каза болуп, 6 адам жаракат алат.

Умар оорунун катуулугуна карабастан Абдурахман бин Ауфту имам кылып, намаз окуйт. Намаздан соң үйүнө алып келишет. Жараатынан кан токтобойт. Бир эсине келсе, кайра эсинен танып калат. Эсине келген учурда бул ишти ким жасаганын сурайт. Абу Лулуанын жасаганын угуп: "Менин өлүмүмө мусулман эмес адамды себеп кылган Аллахка мактоо болсун" деп ыраазы болгондугун билдирет. Кайра эсинен танат. Эсине келген учурда ага курманын шербетин ичиришет, бирок ал курсагынан агып чыгат. Канжар ичегилерин кесип кеткен экен. Баласы Абдуллага карыздарын төлөөнү осуят кылат да, Айша энебизге жөнөтүп, эки жолдошунун жанына сөөгүн коюуга уруксат сурайт. Айша энебиз уруксат берет. Ошол күнү Зуль хиджа айынын аякташына 4 күн калганда, хижранын 23-жылы, 63 жашында бул дүйнө менен кош айтышат.

Умар 10 жыл, 6 ай халифалык кылат. Ал буга чейин болбогон жакырларга жөлөк акча берүү, төрөлгөн балдарга сүйүнчү акы берүү сыяктуу бир канча иштерди ишке киргизген. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң жакын сахабасы катары андан 537 хадис риваят кылган.

Умардын Куран менен шайкеш келген ой-пикирлери

1. Каабанын жанындагы Ибрахим пайгамбар турган орунга намаз окууга болбойт эле. Умар "Ушул жерди намаз окуй турган орун кылсак жакшы болот эле" – деп айтып калчу. Анын оюн кубаттоо иретинде Аллах Таала аят түшүрөт. Аятта:

وَإِذْ جَعَلْنَا الْبَيْتَ مَثَابَةً لِّلنَّاسِ وَأَمْناً وَاتَّخِذُواْ مِن مَّقَامِ إِبْرَاهِيمَ مُصَلًّى وَعَهِدْنَا إِلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ أَن طَهِّرَا بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْعَاكِفِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ 

"Эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: "Ибрахимдин ордун ибадат жайы кылып алгыла" (деп буюрдук)" – деп айтылган болчу. (Куран, 2/125).

2. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)  үйүнө өтө көптөгөн адамдар келчү. Алар дин маселелери тууралуу суроо үчүн келишет эле. Ошол себептен Умар пайгамбарыбызга кайрылып: “Сиз аялдарыңызды жамынып жүрүүгө буйрусаңыз жакшы болот эле, анткени, сиздин үйүңүзгө ар түрдүү адамдар келет” – деп айтат. Анын сөзүн колдоп, Аллах Таала аят түшүрөт. Аятта:

يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُل لِّأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاء الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِن جَلَابِيبِهِنَّ ذَلِكَ أَدْنَى أَن يُعْرَفْنَ فَلَا يُؤْذَيْنَ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًا 

"Оо, пайгамбар! Аялдарыңа жана момундардын аялдарына айткын: оромолдорун (жоолуктарын) өзүнө жакындатып (көкүрөк баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн айырмаланып)  таанымал болуусуна жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакын (болот). Алла Кечиримдүү, Ырайымдуу" – деп айтылган эле (Куран, 33/59).

3. Бадр согушунда туткунга түшкөн душмандарды акы төлөө менен бошотуп жиберүү керек экендигин Абу Бакр баштаган бир топ сахабалар айтышкан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да алардын оюна макул болгон. Бирок, Умар аларды өлтүрүү сунушун айткан. Алла Таала анын оюн колдоп аят түшүргөн:

مَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَن يَكُونَ لَهُ أَسْرَى حَتَّى يُثْخِنَ فِي الأَرْضِ تُرِيدُونَ عَرَضَ الدُّنْيَا وَاللّهُ يُرِيدُ الآخِرَةَ وَاللّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ 

"Качан жер бетинде (Исламга душмандык кылгандар калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча, эч бир пайгамбардын алдында туткундардын болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман" (Куран, 8/67).

4. Умар арак ичүү мусулмандарга оор зыян экенин сезип: "Аллах, арактын зыяны тууралуу кабар бер" – деп дуба кылчу. Кийин Аллах Таала арактын зыян жана арам экендигин айтып аяттарды түшүрдү. Бул аяттар адамдардын абалына жараша мөнөт-мөөнөт менен түшүрүлгөн. Биринчи:

يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ قُلْ فِيهِمَا إِثْمٌ كَبِيرٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَإِثْمُهُمَا أَكْبَرُ مِن نَّفْعِهِمَا وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ كَذَلِكَ يُبيِّنُ اللّهُ لَكُمُ الآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ 

 "Сенден "хамр" (арак) жана "майсир" (кумар ойноо) жөнүндө сурашат. (Сен) айткын: "Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайдалар бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак..." – деген аят түшөт. (Куран, 2/219).

 Бул аяттан соң көптөгөн адамдар аракты ташташат. Экинчи:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَقْرَبُواْ الصَّلاَةَ وَأَنتُمْ سُكَارَى حَتَّىَ تَعْلَمُواْ مَا تَقُولُونَ

"Оо, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча мас (соо болмоюнча) абалда намазга жакындашпагыла..." – деген аят түшөт. (Куран, 4/43).

Ал эми үчүнчү жолу, арактын арам экендигин толук баяндаган аят түшөт. Анда:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالأَنصَابُ وَالأَزْلاَمُ رِجْسٌ مِّنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ 

"Оо, ыймандуулар! Арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган таштар жана "азлам" (таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын иштеринен болгон ыпластык. Андан сак болгула, балким (тозоктон) кутуларсыңар"деп айтылган (Куран, 5/90).

5. Дин жаңы жайылып жаткан мезгилде, мусулмандарга мунафыктар көп зыян берчү. Алар сыртынан мусулман көрүнгөнү менен өз ара мусулмандарга каршы көптөгөн жаман иштерди жасоочу. Алардын жол башчысы Абдуллах бин Убай эле. Умар эгер бул адам каза болсо, ага жаназа окулбайт болуусу керек деп ойлоп жүрчү. Бирок, ал каза болгондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаназа окуйт. Анткени, ал сыртынан келме айтып, мечитке келип жүрчү. Ошол учурда Аллах Таала:

وَلاَ تُصَلِّ عَلَى أَحَدٍ مِّنْهُم مَّاتَ أَبَدًا وَلاَ تَقُمْ عَلَىَ قَبْرِهِ إِنَّهُمْ كَفَرُواْ بِاللّهِ وَرَسُولِهِ وَمَاتُواْ وَهُمْ فَاسِقُونَ 

"Эгер алардын бири өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллах жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өтүштү" – деген аятты түшүргөн (Куран, 9/84).    

Умардын балсы Абдулла: "Эгерде адамдар кайсы бир иште өз пикирлерин билдирип, Умар да өз пикирин айтса, Куран анын пикирин колдоп түшчү, - дейт". Чындыгында, Умар акылдуу, сезимтал жана иштин көзүн билген адам болчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллах Таала акыйкатты Умардын тилине жана жүрөгүнө салган" – деп айтчу. Дагы бир сөзүндө: "Силерден мурдагы коомдордо (Аллах тарабынан) илхам берилген адамдар болгон. Ал эми бул үммөттүн андай адамы – Умар" – деп айткан.

Алайчы Сеитбеков

2022-03-08 12:12:42
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз