Усман ибн Аффан

Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун)

Усман бин Аффан Мухаммад пайгамбардын тууганы жана сахабасы, саясий жана коомдук ишмер, момундардын үчүнчү халифи. Атасы Аффан ибн Абул-Ас ибн Умаййа ибн Абду Шамс ибн Абду Манаф ал-Курайши. Энеси Арва бинт Курайз бинт Рабия бинт Хабиб бинт Абду Шамс.

Усман динди алгачкылардан болуп кабыл алган. Исламга чейинки доордо Усманды «Абу Амир» деп аташчу. Ал эми исламда «Абу Абдулла» деп аталган. Себеби аялы Рукуя уул төрөп, аны Абдулла деп аташкан болчу. Бирок, Абдулла 6 айында эле чарчап калат. Ошондой эле Усманды "Зуннуурайн" (эки нурдун ээси) деп да аташкан. Анткени ал, пайгамбарыбыздын эки кызына үйлөнгөн.

Ал алгач пайгамбарыбыздын кызы Рукуяга үйлөнөт. Бадр согушу болуп жаткан учурда Рукуя каза болот. Дал ушул убакта аялы оорулуу болуп, Усман Бадр согушуна катыша албай калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага, аялына кам көрүп, аны карагандыгы үчүн жихадга катышкандай соопко ээ болгондугун айткан. Ошондон кийин пайгамбарыбыздын дагы бир кызы Умму Кулсумга үйлөнөт. Умму Кулсум да пайгамбарыбыздын көзү барында каза болот.

            Усман 575-жылы Таиф шаарында төрөлгөн. Орто бойлуу, кең далылуу, нур жүздүү адам болгон. Денеси түктүү, сакалдары абдан коюу эле.

            Атасы Аффан бай соодагер болчу. Ал Шам тарапта соода кылып жүрүп каза болот. Баласына көп байлык мурас калат. Ата кесибин улантып, ал дагы соода менен шугулданат. Тапкан кирешесинин көбүн кедей-кембагалдарга бөлүштүрүп бергендиктен, адамдар аны абдан жакшы көрчү. Уруу ичинде гана эмес, жалпы курайштар арасында кадыр-барктуу адам  болгон. 

            Усман 34 жаш курагында, пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алгачкы вахи келе баштаган. Бир күнү ага таэжеси Сууба бинт Кариз келип, пайгамбарыбыздын Исламга чакырып жаткандыгы жөнүндө айтат. Анын сөзүнө таасирленген Усман Абу Бакрга барып, аны менен дин туурасында сүйлөшөт. Абу Бакр аны динге чакырып, даават кылат. Усман ага макул болот. Дал ушул учурда Алини ээрчитип, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтүп калат. Абу Бакр пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулагына шыбырап, Усман тууралуу айтат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "О, Усман! Алланын бейишке чакыруусуна жооп бер! Мен чындап эле сага жана бүткүл адамзатка жиберилген элчи-пайгамбармын" – дейт. Усман ошол жерде динди кабыл кылат. Анын динге кирүүсү курайштарга чоң таасир берет. Анткени ал уруудагы кадыр-барктуу адам эле. Аны динден кайтарууга көптөгөн аракеттерди жасашат. Атасынын иниси Хакам бин Абул Аас, энеси катуу каршы чыгат. Бирок, ыйман даамын татып, чындыкты түшүнүп калган Усман туура жолдон кайра тартпайт.

Усман Эфиопияга биринчилерден болуп хижрат кылган. Ал жерде жергиликтүү тургундар аларды жакшы тосуп алышат. Бирок, Мекке каапырлары динге кирип, мусулмандарга каршылык көрсөтүлбөй калды деген сөз угулуп, Меккеге кайра келет. Бул жалган сөз болот. Ошентип, Усман аялы Урукуя менен экинчи жолу кайра Эфиопияга кетүүгө аргасыз болот. Кийин мусулмандар Мединага көчүшкөндө да, Усман менен аялы биринчилерден болуп жолго чыгышат.

Усман ар дайым пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болгон. Аны менен бирге бир канча согуштарга катышкан. Коштошуу ажылыгында да ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болгон.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, Абу Бакр жана Умардын халифалыгында Усман Исламдын жана ислам мамлекетинин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Хижранын жыйырма үчүнчү жылы (644-жылы) Умарга кол салуу болуп, ал катуу жаракат алганда, өзүнөн кийин халифалыкка ылайыктуу 6 адамды атап кетет. Алар: Усман ибн Аффан, Али ибн Абу Талиб, Талха ибн Убайдулла, Зубайр ибн Аввам, Абдурахман ибн Ауф, Саад ибн Абу Ваккас. Буларга 3 күндүн ичинде халифаны дайындоо сунушталган. Алар бир ооздон Усман ибн Аффанды колдоп, халифалыкка көрсөтүшкөн.

Усмандын халифалык доорунда өлкөнүн аймагы бир топ кеңейген. Мусулмандар Түндүк Африка, Сирия, Кипр аралын каратып алышкан. Византиянын армиясы мусулмандардан бир канча жолу жеңилүүгө аргасыз болгон. Бирок Усмандын халифлыгын акыркы айларында өлкөнүн ички саясий абалы оорлоп кеткен. Атайын мусулмандарын ынтымагын бузуу жана Усмандын халифалыгын кыйратуу максатында дин душмандары тарабынан ар түрдүү иш аракеттер жүргүзүлө баштаган. Мунафык эки жүздүүлөр көтөрүлүш чыгарып, натыйжада хижранын отуз бешинчи жылы (656-жылы)  Усманды (ага Аллах ыраазы болсун) шейит болгон.

Алайчы Сеитбеков

2022-03-08 12:15:22
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз