Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун)
Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасынын бир тууган агасынын уулу. Кийинчерээк пайгамбардын кызы Фатимага үйлөнүп, күйөө баласы болгон. Көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер. Исламдагы төртүнчү халиф. Аны Абу Хасан, Абу Тураб жана Хайдар деп аташкан. Пайгамбар аны Муртада (бейишке ылайык, жыргалга тандалган, Алланын ыраазычылыгына жеткен) деп атаган. Бир хадисте пайгамбар аны Маула (сүйүктүү, кожоюн) деп атаганы айтылат.
Али халифатчылык доорунда “Амир ал-муминин” (момундардын башчысы) деген лакапка ээ болгон. Атасы – Абу Талиб, энеси – Фатима бинт Асад, чоң атасы – Абдулмуталиб.
Жаш балдардын ичинен биринчи болуп 10 жаш курагында Исламды кабыл алган. Ал дайыма пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында болгон. Хижратка жакын меккеликтер пайгамбарды өлтүрүүгө аракет кылып, пайгамбардын үйүнө киргенде, Али өз өмүрүн тобокелге салып, пайгамбардын ордуна жатып калып, аларды алагды кылып калган.
Андан кийин Али да Мединага көчүп барган. Бадр согушунда мусулмандардын туусун көтөргөн. Меккелектердин баатыры Валид бин Мугийра менен жекеме-жеке чыгып, аны өлтүргөн. Ушул согуштан кийин Асадулла (Алланын арстаны) деген лакапка ээ болот. Пайгамбар ага Зулфукар деген кылычын белек катары тапшырган.
Бадр согушунан кийин пайгамбардын кызы Фатимага үйлөнүп, Хасан, Хусейн жана Мухсин аттуу 3 уул, Зайнаб, Умму Кулсум аттуу 2 кыздуу болгон.
Хижранын 3-жылында өткөн Ухуд салгылашуусунда, Али пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)душмандардан коргоп, жанынан жылбай жүргөн. Согуштан оор жаракат алган.
Хижранын 6-жылы Хайбар согушунда Алинин аскерлик кыраакылыгы жана баатырдыгы мусулмандарды жеңишке жеткирген.
Хижранын 8-жылы Меккени алуу үчүн болгон согушта Али мусулмандардын туусун желбиреткен. Мекке мусулмандардын колуна Өткөн соң Али пайгамбар менен бирге Каабадагы айкелдерди талкалаган.
Али пайгамбар менен анын өмүрүнүн акырына чейин бирге болгон. Пайгамбардын көзү өткөндө анын денесин жууп, жерге жашырган.
Абу Бакр Сыддыктын халифалык доорунда Али аны менен бирге динге көптөгөн пайда алып келген, дин үчүн кызмат өтөгөн.
Умардын халифалыгында Али казынын милдетин аткарган. Умар ар дайым Али менен кеңешип, өзү жок учурда ордуна Алини калтырып кетчү. Умар өзүнөн кийин халифа болууга татыктуу адамдар деп эсептеп, осуят кылып кеткен 6 адамдын бири – Али болгон.
Усмандын халифалыгында Али жогорку соттун кызматын аркалап турган. Ушул мезгилде мунафыктардын иш аракетинин негизинде өлкөдө толкундоо башталып, козголоңчулар Мединага келишет. Халифатты жана халифти сактап калуу максатында Али алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет жасайт. Бирок, Усман ортодо кан төгүлүүсүнөн чочулап, аны коргоо үчүн келген Али, Хасан, Хусайн ж.б. сахабаларды кайра кайтарып жиберет. Акырында козголоңчулар Усманды шейит кылышат да, өлкө башчысыз калат. Өлкөдө саясий абал курч бойдон калып, мунафыктар ислам динине ачык каршылык көрсөтө баштайт. Ошол убакта Алиге халифаттык (35 х\656 м) кызмат жүктөлөт. Алинин халифалык доорунда исламдан бөлүнүп чыккан Харижийлер күч алып, акыры Али ошолордун колунан хижранын 40-жылы (661-жылы) шейит болот.
Али кара тору, кең далылуу, орто бойлуу, денеси түктүү, коюу кара сакалы бар, келишимдүү киши болгон. Акылы тунук, чечен, адамгерчилиги бир башкача, мүнөзү жумшак, бирок ошол эле учурда кайраттуу, эр жүрөк, артка тартпаган, тайманбас эле.
Алайчы Сеитбеков