Орозодо эмнени аткарып, эмнеден тыйылабыз?

Орозо ашказан үчүн элеби?

 

Рамазан айы пенделери сооп-сыйын көбөйтүп алуусу үчүн аларга Алла Тааланын берген белеги. Шайтандар кишенделип, бейиштин эшиктери ачылган бул айда сооп-сыйы артык иштерди аткарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул айда эртеден-кечке жеп-ичүүдөн эле тыйылып коюу жетишсиз. Орозонун негизги максаты напсини тарбиялоо, такыбалыкка үйрөтүү. Төмөндө Рамазан айында кайдыгерлик кылбай сөзсүз аткаруу зарыл болгон беш ишти жана сөзсүз тыйылуу зарыл болгон беш ишти эсиңиздерге салам. Бул менин насаатым эмес, баарыбыз шапаат-колдоосунан үмүт кылган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насааты. Көңүл буруп окуп жана аткарууга бел байлаңыз. Эсиңизде болсун, бул жылкы орозо сизге берилген акыркы мүмкүнчүлүк болуусу мүмкүн!

 

1. Рамазан айында “Тараби” жана “тахажуд” намаздарын такыр калтыра көрбөңүз! Тараби намазы Рамазан айында гана б.а. бир жылда бир ай окулчу намаз. Рамазан айынын көркү Тараби намазында. Кечке дейре кармаган орозо Тараби намазы менен жыйынтыкталат. Орозо кармап, бирок Тараби окубай коюу, шорпосун ичин этин жебей койгондой эле кеп. Тарабиге сөзсүз келиңиз!

Ал эми тахажуд намазы мусулмандын ыйманын таразалаган намаз. Ыйманы өтө бекемдер гана жылуу төшөгүн оодара тээп, тахажудга тура алат. А орозо учурунда тахажудга орозо кармагандын баары турат. Анткени, саарлык учуру тахажуддун убагы. Саарлыкка он мүнөт эрте туруп, тамак ысып, чай кайнаганча, даарат алып эки ирекет намаз окуп койсоңуз, сиз жыл бою тура албай жүргөн тахажуд мына ошол. Он эле мүнөт, эки эле ирекет, өтө жеңил, өтө аз, бирок кыяматта дал ушул ишиңиз сизди бейишке жетелеп кириши ажеб эмес...

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кимде-ким Рамазан айында бекем  ишеним менен сооп-сыйды үмүт кылып намазга турса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет" – деген. Жыл бою жасаган эсепсиз майда күнөөлөрүбүздөн жуунуп тазалана турган ай турат босогобузда. Моюндагы кири бир карыш, тердеп, жүдөп, ошентсе да, эшигинин алдында отуз күн бою жагылып, буусу да, суусу да пайдалуу бекер мончого кирбеген, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган кишинин кейпин кийбейли...  

 

 

2. Рамазан айы - Куран түшүрүлгөн ай. Рамазанда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жебирейил периште экөө Куранды баштан аяк окуп чыгышчу. Курандын бир тамгасын окуган адамга он жакшылык жазылары белгилүү. А Рамазан айында сооптун саны андан да артат. Ошон үчүн бул айда Куран окуп, жан дүйнөңүздү тазалаңыз.

 

3. Рамазан айында орозо тутуунун негизги максаты напсини тарбиялап такыба болуу. Башкача айтканда, бул айда күнөөдөн оолак болуп, мындан кийин да күнөөдөн оолак жүрүүгө напсибизди тарбиялышыбыз керек. Рамазанга чейинки күнөө-каталардан да ушул айда кутулууга мүмкүнчүлүк бар. Эртели-кеч ибадат менен алек болуп, напси сынып, жүрөк жибип турганда өткөн-кеткен күнөө-каталарга тобо кылып калыңыз. Колуңуздан келсе ар бир күнөөңүздү эстеп “баланча күнү, баланча жердеги, баландай күнөөмдү кечир, эми экинчи кайталабайм” деп тобо кылыңыз. Тобо эшиги дайым ачык, айрыкча, Рамазан айында тобонун кабыл болуусуна шек жок.

 

4. Рамазан айы – берешендиктин айы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаралышы берешен, айкөл жан эле. А Рамазан айы келгенде берешендиги кокту-колотту сыдыра соккон желдей жайылчу. Анын берешендигинен пайда көрбөгөн киши калчу эмес. Рамазанда сиз да чеңгелиңизди ачыңыз, садаганы көбөйтүңүз. Ана берем, мына берем деп жүргөн зекетиңизди ушул айда бериңиз. Ушул айда сизге эсепсиз сооп алып келе турган байлыгыңыз бар. Бир чөйчөк суу менен ооз ачырыңыз. Бир тиштем курма менен тозоктун отунан сактаныңыз!

 

5. Рамазан айында дуба-тилектер кабыл болот. Орозо кармаган адамдын дубасы кабыл. Ошон үчүн отуз күндүк орозону бекер кетирбей, дуба-тилек кылып, каалаган мүдөө-максатыңызга жетиңиз. Эртең менен ооз бекитерде, кечинде ооз ачарда, күндүзү, түнү, айтор, кайсы убак болбосун дуба кыла бериңиз! Дубаңыз кабыл болот.

 

Эми Рамазан айында тыйыла турган иштерге назар салалы. Бул жерде кеп орозодо сөзсүз тыйылуу керек болгон тамак, же суусундук жөнүндө эмес. Кеп араң туткан орозонун ойронун чыгарып, сооп-сыйын жок кылып жибере турган иштер жөнүндө.  

1. Рамазан айында ашказандан да зарылыраак сактай турган нерсе – тил. Ашказандын орозосуна эптеп чыдайбыз, бирок тилдин орозосуна чыдоо кыйын. Кылган күнөөбүздүн тең жарымы эле тилдин айынан. Пендени тозокко тумшугу менен сая турган күнөөнүн баары тилде. Эми жок дегенде отуз күн орозодо тилибизди тишибизге катып, тил күнөөсүн азайтпасак качан азайтабыз?!  Тилибиз кычышса зикир чалалы, келме келтирели, Куран окуйлу, дуба кылалы, мындан башкага кирип кетүүгө тилге мүмкүнчүлүк бербейли.

2. Рамазанда орозо кармай турган дагы бир мүчө – көз. Ашказанга кирген нерсе, айланып-айланып чыгып кетет. Көздөн кирген нерсе түптүз барып жүрөккө сайылат. Жүрөк карарат, анан күнөө эмне, жаза эмне, иши болбой калат. Орозодо ашказанды эле эмес, жүрөктү да  тазалап алалы.

 

3. Рамазанда кашыктап чогулткан соопту чөмүчтөп чача турган иштердин бири - бирөөгө зыян тийгизип, залым кылуу. Орозо туткан киши койдой жоош болгону жөн. Бирөө-жарым тил тийгизип, каныңызды кайнатса да, өзүңүздү басып: "мен орозомун” деп басып кетиңиз. Утуш сиздики болот.

 

4. Рамазан айында убакытты текке кетирбеңиз. Орозо эртеден-кечке уктоо үчүн кармалбайт. Же кечке телевизор көрсүн деген жери да жок. Ар бир саатты, ар бир мүнөттү пайдаланып кала турган ай орозо. Орозону уктап өткөрсөң, сообун түшүндө көрөсүң деп туура айтышкан. Болбогон иштерге алагды болуп сооп-сыйдан куру калбайлы.

 

5. Рамазандын өтө чоң пайдасы, адамды жаман адаттардан арылтканы. Арак, тамеки, насыбай ж.б. жаман адаттардан арыла албай арманда жүргөндөр орозону пайдаланып калышы керек. Орозо жөн жерден бир ай болгон эмес. Организмин кайсы бир нерсеге көндүрүүгө аракет кылган адам бир айда көндүрө алат, андан азы аз. Бир ай тамеки тартпасаңыз, болду, андан кийин оозуңузга салып койсо да түкүрүп таштаганга эркиңиз жетет. Кутула албаган жаман адатыңызды таштаңыз жана ушул адаттан куткара көр деп Аллахка жалбарыңыз...

                                                                                  Алайчы Сеитбеков 

2022-03-29 12:03:17
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз