Орозо кармоонун 5 пайдасы

Орозо кармоонун 5 пайдасы

1. Орозо кыямат күнү далил болот

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Орозо – бул, далил. Орозо кармаган адам адебин сактасын, талашып-тартышпасын, жаман сөз сүйлөбөсүн. Кимдир бирөө ага тил тийгизип, урушмакчы болсо: "Мен орозо туткан кишимин” деп эскертсин.

Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо тутуучунун оозунан чыккан жыт Аллахка мисктин жытынан да жагымдуу. Орозо тутуучу эки убакта кубанычка батат: ооз ачкан убакта жана Аллахтын алдына барган убакта».  (Муслим, 1151).

2. Орозо кармаан кишинин мурдагы (майда) күнөөлөрү кечирилет

Пайгамбарыбыз (ага Аллахт тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Рамазан айында бекем ишеними менен сооп-сыйды үмүт кылып орозо кармаган адамдын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». (Муслим, 760).

 3. Орозо кармаган адамга эсепсиз сооп берилет

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Аллах Таала: "Адам баласы бардык амалын өзү үчүн аткарат. Ал эми орозосу  - Мен үчүн. Анын сооп-сыйын Мен Өзүм билем...” - деген” (Бухари,1904).

4. Орозо кармаган адамдын бейишке кирүүсүнө себеп болот

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Бейиште орозо кармоочулар гана кирүүчү «Ар-Раян» деген эшик бар. Андан орозо кармагандардан башка эч ким кирбейт. Кыямат күнү: «Орозо кармоочулар кайда жүрөт, Ар-Раяндан кирбейсиңерби?» деп жар салынат. Орозо кармагандар киргенден кийин эшик жабылып, башка эч ким киргизилбейт» (Бухари,1896).

5. Орозо кармаган адам тозоктон оолак болот

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:  Аллах жолунда (жүрүп) бир күн орозо кармаган адамды Аллах Таала тозоктон жетимиш жылдык аралыкка оолак кылат” (Муслим, 2/808).

Алайчы Сеитбеков

2022-03-29 13:15:05
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз