Орозо тутсаң билип ал

Орозо тутсаң билип ал

 

Орозонун парз болуусу:

Орозо - Исламдагы беш парздын бири. Рамазан айында, айдын жаңыруусуна карай жыйырма тогуз, же отуз күн кармалат.

Аллах Тааланын Курандагы: «О, ыйман келтирген пенделер! Силерден мурдагыларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды, такыба болууңар үчүн» - деген аяты менен парз болгон. (Бакара, 183-аят).

Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун)  кабарлаган хадисте пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун):

      “Ислам беш нерсе менен негизделген: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана орозо кармоо” – деп айткан. (Муслим).

 

Орозонун тилдеги жана шарияттагы мааниси:

Орозо - арабдын "савм" деген сөзүнөн алынган. “Савмдын” тилдеги мааниси - тыйылуу. Ал эми шарияттагы мааниси - таң аткандан күн батканча жегенден, ичкенден, жубайлар жыныстык катнашынан, орозо кармаймын деген ниет менен тыйылуу дегенди туюнтат.

 

Рамазан айынын башталуусу: 

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : «Жаңы айды көрүп орозону баштагыла жана жаңы айды көрүп оозуңарды ачкыла (орозону токтокула), эгер күн бүркөө болуп ай көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кылып толуктагыла (анан орозону баштагыла)» - деп айткан. Ошондуктан Шаьбандын жыйырма тогузунда жаңы айды кароо зарыл, эгер жаңы ай көрүнсө орозону баштайт, эгер көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кылып толуктап, анан орозону баштайт.

 Шаьбандын жыйырма тогузунда, бүркөө күнү, айды көрдүм деп бир адам күбөлүк берсе жана ал адилеттүү мусулман болсо анын аял-эркек, кул же азат экенине карабастан күбөлүгүнө ишенүүгө болот.

 

Орозонун өкүмү:

Мусулман, акыл-эстүү (жинди эмес), балакат жашына жеткен адамга орозо кармоо милдет.

Оорукчан жана сапарда жүргөн адамга орозону убактылуу кармабай турууга уруксат. Кийин орозо кармоого шарты табылганда тутпай калган орозосунун казасын тутуп берет.

Айызы (этек кир) жана нифасы (төрөттөн кийинки кан) келген аялдар да орозо кармабай турат, каза болгон орозосун таза болгондон кийин кармайт.

Жогорудагы шарттардын баары табылган адам эч себепсиз эле орозо кармабай койсо, чоң күнөөкөр болот.

  

Орозону буза турган иштер: 

Орозону буза турган иштердин кээ бирлери төмөнкүлөр. Бул учурларда орозо бузулат, ошол күндүн ордуна кийин каза деп орозо кармайт. Кафарат (жаза акы) төлөбөйт:

нокоттой болгон майда нерселерди жутуп алса;

• таң ата элек деген күмөн менен саарлык кылып тамак жеп алса;

• күн батты деген күмөн менен оозун ачып алса;

аялын өпкөндө же кармалаганда уруктук суусу чыгып кетсе.

 

Кафарат төлөтүүчү амалдар:

Кафарат – жаза акы, шарияттын кайсы бир талабын бузуп алганда, аны түзөтүү үчүн аткарыла турган жаза. Эгер орозо туткан киши атайлап, эч себепсиз эле озун ачып алып тамак жесе, же суусундук ичсе, же күндүзү аялы менен жакындык мамиле кылса, анда ошол күн үчүн кафарат төлөөгө милдеттүү болуп калат.

Кафараттын өлчөмү ар түрдүү. Эң негизгиси бир кулду азат кылуу. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, катары менен үзгүлтүксүз эки ай орозо кармоо. Эгер ага да мүмкүнчүлүгү болбосо, анда алтымыш жарды кишини тойгузуу.

 

Орозону бузбай турган амалдар:

Эгерде эсинен чыгарып жеп, ичип, же жыныстык байланыш кылып койсо орозо бузулбайт. Уктап калып түшүндө жунуб болсо, аялын караса уруктук суусу агып кетсе, аялын өпсө, бирок уруктугу түшпөсө, кан алдырса, сурма койсо, мурду канаса, кусса ж.б.у.с. орозо бузулбайт.

 

Орозонун казасы:

Орозонун казасын кармоого атайын дайындалган убакыт жок. Бирок, мүмкүн болушунча батыраак кармоо керек. Эгер бир канча күн каза кылган болсо, аны үзгүлтүксүз кармоо шарт эмес. Кааласа бөлүп-бөлүп кармаса да болот. Өткөн Рамазандан калган казасын кармап бергенче кийинки Рамазан келип калса, алгач келген Рамазандын орозосун кармай берет да, калган казасын кийин кармап берет. Бирок, каза орозону бир жылга чейин кечиктирүү жакшы эмес.   

Алайчы Сеитбеков

2022-03-30 06:28:56
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз