Орозодо кандай тамактанып, кандай эс алуу керек?
Дарыгердин кеңеши
Рамазан айы босогобузда. Жыл сайын бул айдын жакындашы менен биздин бейтаптарыбыз орозо тутуу боюнча көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Тилеке каршы, бул суроо мусулмандар жашап жаткан жердеги дарыгерлердин аябай орчундуу бир көйгөйү болуп эсептелет. Себеби азыркы күндө мындай изилдөөлөрдүн аздыгы, оорулуу адамдарга кайсы шарттарда орозо кармоого уруксат берүү биз, дарыгерлер үчүн да жооптуу жагдай.
Экинчи жагынан азыркы статистика боюнча дүйнө жүзүндө жүрөк кан-тамыр оорууларынын эпидемиясы, рак, өпкө ооруусу ж.б. илдеттерден жылына миллиондогон адамдар каза болуп жатат. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген терс таасири – стресс, жакырчылык... Ушундай татаал заманда, биз дарыгерлер да оорууларды айыктыруунун мындайча айтканда “арзан” жолун издейбиз. Мисалы, ушул күнгө чейинки изилдөөлөргө таянсак, чылым чегүүнү таштоо, спирт ичимдиктерине тыюу салуу, салмакты таштоо жана кыймыл аракетти көбөйтүү менен жүрөк кан-тамыр ооруулардан таблеткасыз эле 70-80% чейин кутулууга болот экен.
Эми бизге организмдеги иммунитетти көтөрүүбүзгө, аз тамактанууга, организмди бир жылда бир жолу шлактардан, топтолуп калган илдеттерден тазалоонун ыкмасы керек болууда. Бул ыкма болсо мындан 1400 жыл мурда Ыйык Куранда жазылган бир жылда бир ай кармалуучу Рамазан айындагы орозо экендиги кɵпчүлүк окумуштуулар тарабынан бүгүнкү күндө тастыкталып турат.
Ыйык Куранда айтылган: “Силерден ким ушул айга күбө болсо орозо тутсун! Эгерде бирɵɵ ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге женилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт” (Бакара сүрөсү, 185-аят). Сүйүктүү пайгамбарыбыздын: “Орозо кармагыла – айыгасыңар” деген сөзү бизге бүгүнкү күндө акысыз дарылануунун дагы бир чоң ыкмасы болуп калышына шексиз ишенем.
Сиздер окуй турган мен даярдаган бул маалыматтар – азыркы күнгө чейин бүткүл дүйнөлүк окумуштуулардын жана врачтардын изилдөөсүнүн жыйынтыктары гана болуп эсептелет. Дагы эскерте кетейин бул бардык бейтаптар үчүн “Баш ийип аткарылуучу жолдомо эмес!”
Азыркы күнгө чейин көпчүлүк адамдар орозону арыктоо үчүн, же болбосо диета катары кармашат. Бул туура эмес. Бүгүнкү күндө интернетте, газета-журналдарда арыктоонун жүздөгөн түрүн табасыз (Поль Брегг – “Чудо голодания”, Герберт Шелтондун, Малаховдун ж.б. методдору). Бирок бул методдордун баарынын орозо мене эч кандай байланышы жок.
Орозо – бул, тамак жактан гана чектелүү болуп калбай, моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу болуп саналат. Бир жылдын ичинде организмде топтолгон ар түрдүү илдеттерден, эски ооруулардан да кутуулууга эбегейсиз чоң салымын кошот.
Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча ар бир айдын башында, биринчи күнү (дуйшөмбү күнү) бир күн орозо туткан (ачка жүргөн) адам жүрөк кан-тамыр ооруусуна чалдыгуунусун 40%га чейин азайтуусуна, астма пристубунун тɵмɵндɵшүнɵ, рак оорууларын алдын алууга жана организмдеги иммунитеттин көтөрүлүшүнө жардам берет экен. Алардын айтуусу боюнча бир күн ачка жүргөн организмдеги “жеңил стресс” ушул ооруулардын алдын алууга чоң салымын кошот. Демек, биздин улуу пайгамбарыбыз сүннөт кылып жана ɵзү туткан “дүйшөмбү жан бейшемби” күндөрдөргү тутулчу орозонун артында чоң бир сыр бар экендиги да такталууда!
Орозонун организм үчүн чоң пайдалуулугун азыркы күндөгү изилдөөлөр мындайча тастыктап жатат:
• Рамазан айы бул организмдеги процесстердин калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет, б.а. адамдагы “биоритм” - организмди алдыдагы бир жылга токтоосуз иштөөсүнө программа түзүп берет. Япониялык окумуштуулар далилдегендей “тамактануу” болсо биоритмди башкаруучу чоң фактор болуп эсептелет. Ошондуктан адамдар бир континенттен экинчи бир континентке (8-12саат учуп) барганда алардагы тамактын сиңиши, уйку режимдин бузулушу байкалат. Бул кɵрүнүш кээ бир адамдарда бир жумага же андан да көп убакытка чейин созулат. Анын ичинде эң коркунучтуусу - жаңы режимге үйрөнүү эмес, ага өтүү этабы болуп саналат. Бул организм үчүн чоң стресс. Япондук окумуштуулар болсо өздөрүнүн учкучтарына башка континетке барганда япон убактысы менен тамактанууну сунуштаган. Ошондо аларда ашказандан да, уйкудан да эч кандай көйгөй болбогондугуна күбө болушкан, б.а. япондук окумуштуулар бул изилдөөлөрү менен орозонун сырын ачкан. Бул күндүзгү тамактануудан түнкү тамактанууга өтүүсү. Эртеден кечке чейин тамактанбай жүрүү менен биз биоритмди бир жылга толугу менен калыбына келүүсүнɵ шарт түзүп берет экенбиз. Орозо орагнизмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт;
• Аш-казанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетин б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалануу функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14саат – бул тамактын ооздон кирип жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелеп, ушул убакыттын ичинде аш-казан, ичегилер толугу менен эс алат. Аш-казандагы кислотанын азайышынын натыйжасында жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азайат;
• Орозо убагында боордун иштеши он эсеге көбөйүп организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мисалы, орозо убагында организмден аммиактын чыгуусу 100 эсеге көбөйөт;
• Тамактын жоктугунан организм өзүндөгү ашыкча майларын жоготууга, ар түрдүү илдеттерди, эми башталып келе жаткан рак илдетин да жоготуп салууга күчү жетет;
• 20-35 жаштагы аялдарда болсо орозо убагында кандагы пролактин гормону 80% азайган! Ошондуктан окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюнда болбой жүргөн аялдарга болсо пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат. Себеби төрөбөгөн аялдардын канында пролактиндин аябагандай ɵсүп кетүүсү байкалган;
• Эркектердин жыныстык абалына токтолсок: орозонун башында бул функция бир азга төмөндөйт, а орозо бүткөн соң орозого чейинки абалынан да жакшыраак иштеп кетиши далилденген;
• Кош-бойлуулук бул медициналык оорууга кирбейт. Бирок шариятта: “Балалуу жана кош-бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби Алла жаш-баланын же эненин ичиндеги наристени кыйналышын каалабайт” деп айтылат;
• Адамдын терисиндеги майда оорулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана чоң тери ооруулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген;
• Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби аллерголог дарыгерлер өздөрүнүн бейтаптарына оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды диетага олтургузушат;
• Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна тосколдук кылат, себеби орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин көбөйүшүнө, натрий менен калийдин азайышына шарт түзүп берет;
• Сɵɵк-муун оорулары менен оорууган бейтаптарга орозо жана андагы тарави намазын окуу чоң пайдасын тийгизет . Орозо бүткɵн соң мындай ооруулар бир жылга чейин стационарга жатуу муктаждыктарынан кутулушат экен.
Эн чоң маселе бул кант диабети
Мындан 5-6 жыл мурда кант диабети менен оорууган бейтаптарды орозо тутуусуна дарыгерлер тарабынан катуу тыюу салынган. Акыркы изилдөөлөр болсо кант диабети менен ооруган оорууларга эгер орозо тутууну кааласа өздөрүнүн баалуу кеңештерин беришүүдө. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, орозо кандагы канттын бир аз гана төмөндөшүнө, боордун көрсөткүчтөрүн, холестериндин составын жакшы жака өзгөргөнүн тастыктайт. Окумуштуулардын айтымына караганда инсулинге көз карандысыз диабет менен ооруган ашыкча салмактуу адамдарга орозо кармоо аябагандай пайдалуу. Ал эми инсулин алып жаткан ооруулардын эгерде орозо кармагысы келсе алар сөзсүз түрдө өзүнүн дарыгери менен кеңешүүсү зарыл.
Мындай оорууларга Рамазандын 3 принцибин кеңеш беребиз:
1. Дары-дармектерди так жана убагында колдонуу;
2. Диетаны бекем сактоо;
3. Кыймыл аракетти кɵбɵйтүү.
Жогорудагы 3 принципти катуу сактаган бейтаптарга орозо кармоого уруксат берилет.
Кайсы диабет оорууларга орозо кармоого тыюу салынат:
· Инсулин алып жаткан (I типтеги) абалы оор бейтаптар;
· Канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү ооруулар;
· Дарыгердин кеңештерин аткарбаган бейтаптар;
· Канттын артынан кан басымы жогору жана бөйрөктөрү начар иштеген ооруулар;
· Кетоацидоз (ооруулардын комага тушуп калуусу) болгон бейтаптар;
· Диабет менен оорууган кары адамдар;
· Рамазан убагында канты кескин түшүп же которүлүп кеткен ооруулар.
Инсулин алып жаткан жана кантты түшүрө турган таблетка ичип жаткан бейтаптар орозо убагында, албетте өзүнүн дарыгери менен кеңешип, эртең мененки жана кечки дарылардын дозасын азайтып жана тактап алуусу зарыл! Орозо убагында да, албетте дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ болуусу керек.
Дагы кайсы оорууларга Орозо кармоого тыюу салынат:
Жүрөк кан-тамыр, гипертония ж.б. өнөкөт ооруулар орозонун алдында албетте өзүнүн дарыгери менен кеңешип, ичип жаткан дары-дармектердин убактысын жана дозасын (көбүнчө азайтылат) тактап алуусу катуу сунушталат!
Орозо туткан адам кандай иштерди аткарбашы керек?
Орозо убагында чоң күч сарп кыла турган жумуштардан сактаныңыз, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш, баня, сауна ж.б.,) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, башка жеңил калпак же шапке кийип жүрүү жакшы. Эртең менен саарлыктан кийин жатып алуу жакшы эмес, себеби жеген тамак кайра кызыл өңгөчкө өтүп ашказан жана кызыл өңгөч оорууларын (гастроэзофагиальная рефлюксная болезнь) пайда кылат. Көпчүлүк адамдар орозо убагында жумуштан отпуск алышат, бирок шартка байланыштуу көпчүлүгү орозону жумушта ɵткɵрүшɵт. Ошондуктан ысык абада сыртта азыраак болууга аракет кылуу керек. Бейтаптар көпчүлүк убактысын кондиционер бар жерлерде ɵткөрүшсүн. Бирок, шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин астында көп убакытка чейин болуу мүмкүн эмес. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн – 17.00ге чейинки аралыкта 40-60минутага чейин уктап эс алуу да пайдалуу.
Орозо убагында кантип жана эмне менен тамактануу керек?
Эртеден кечке чейин ачка жүргɵн адам ооз ачкан убакта (ифтарда) бир олтурганда эле көп тамак жеп алуусу сунушталбайт. Бул аш-казан үчүн да, бүт организм үчүн да чоң зыянын тийгизет. Тамакты бул айда канчалык аз жесе организм үчүн ошончо көп пайдасы тиет. Ифтарды суу менен же 3 даана курма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздын сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу бонча курманын курамында 60-65% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт, 3 даана курма тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, компот жана сүттү көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы 2,5-3,0 литрге жакын болуусу зарыл. 15-20 минутадан соң эгер тамак жегиңер келсе, биринчи же экинчи тамактан жесе болот, жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында көбүрөөк колдонгула. Аларды саарлыкта (сухурга) жегенге сунушталбайт. Сарлыкка жумуртка, каша, балык, кургак жер жемиштер, нан сунушталат. Куурулган жана майлуу тамактарды саалыкта жеп болбойт, себеби кечке чейин организм сууну талап кылат. Саарлыкка көк чай ичкен да жакшы. Эгерде кечке чейин суусабай жакшы жүргүңүз келсе бир стакан газдалбаган сууга кичине чай кашыктын төрттөн бир бɵлүгүндɵгү тузду кошуп саарлыкта ичип алыңыз. Газдалган ичимдиктер, өтө суук жана таттуу ичимдиктер да сунушталбайт. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Бул ифтар убагында болгону жакшы. Себеби, окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак ифтарда жакшы тамактангандан соң 1,5-2 сааттан кийин кандагы канттын көлөмү эң чоң даражага чейин кɵтɵрүлɵт, а бул убакыт болсо “тараби” намазына туура келип, ал намазды окуп бүткөн соң жеген тамак да сиңип канттын кандагы көлөмү да ɵз нормасына келип калуусу лабораториялык жактан такталган. Ушинтип, мындан 1400 жыл мурда жазылган орозо, тарави намаздарынын организмге пайдалуулугун окумуштууларыбыз азыркы күндө тастыктап жатышат.
Урматтуу окурмандар мен бул баянымда Улуу Рамазан айынын бир гана - ден-соолука тийгизген пайда-зыяндарына кыскача токтолдум. Орозонун мындан башка дагы көптөгөн пайдалуу жактары бар, бирок анын баарына бул жерде токтолууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Ниет кылып туткан орозолорубузду Аллах кабыл кылсын. Ушул Улуу айларда Кудайымдан тилерибиз Кыргызыстаныбызга жакшылыктарды, берекетти, ыйманды, сабырдуулукту, элибизге байлык жана ден-соолук берсин.
Халматов Абдимиталип, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог.