Курмандык чалуу тууралуу жалган, токума жана ишеничсиз хадистер

Курмандык чалуу тууралуу жалган, токума жана ишеничсиз “хадистер”

 

Курман айт күнү курмандык чалуу мусулмандар үчүн чоң жана зарыл ибадат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдарга курмандык чалуу важыб жана курмандык чалган адам чоң сооп-сыйга ээ болору бышык. Курмандык чалуунун зарылдыгы, шарттары, тартиби, адеби, артыкчылыгы жана сооп-сыйы тууралуу Куран аяттарында жана ишенимдүү хадистерде айтылган. Ошону менен катар эл арасында пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтылганы анык эмес, айтып өткөрүүчүлөрдүн тизмек-чынжыры үзүлгөн ишеничсиз жана башка бирөөлөр тарабынан айтылган токума, жалган сөздөр да хадис деп жайылып кеткен. Төмөндө эл арасына кеңири тараган ушундай “хадистердин” кээ бирин тизмектейбиз:

1. “О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн курмандык чалабыз?” – деп сурады сахабалар. “Бул атаңар Ибрахимдин сүннөтү” – деди пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). “А бизге кандай сооп болот?” – дешти. “Ар бир талына жакшылык жазылат” – деди. “Жүнүнүн ар бир талынабы?” – деп сурады. “Жүнүнүн ар бир талына” – деп жооп берди. (Жалган “хадис”, Ибн Хаббан, “Китаб аз-Зуаъафа” 3/55; Кайсарани, “Захирот ал-Хуффаз” 3835).

2. “Эй, Фатима, тур, курмандыгыңа күбө бол. Андан аккан кандын ар бир тамчысына өткөн күнөөлөрүң кечирилет” – деди пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). “О, Аллахтын элчиси, бул бизге, ахл ал-байтка эле тиешелүүбү, же бизге да жалпы мусулмандарга да тиешелүүбү?” – деп сурады. “Бизге да, жалпы мусулмандарга да тиешелүү” – деп жооп берди. (Четке кагылган, токума “хадис”, Хайсам, “Мажмаъ аз-Завааид” 4/17; Мунзири, “Китаб ат-Таргиб ват-Тархиб” 2/99; Акилий, “Китаб аз-Зуаъафа ал-Кабир” 2/38). 

3. “Чоңураак малды курмандык кылгыла, анткени ал силерди кыл көпүрөдөн алып өтөт”. (Өтө ишеничсиз хадис, Ибн Туулун, “Китаб аш-Шазра фии ал-Ахаадис  ал-Муштахиро” 1/96; Аъжланий, “Китаб кашф ал-Хуфа”1794).

4. “Чалынган курмандыктын канча мүчөсү болсо, Аллах Таала курмандык чалган адамдын ошончо мүчөсүн тозоктон азат кылат”. (Негизи жок хадис, Хаафиз бин Хажар, “Китаб тахис ал-Хабир” 4/252; Ибн Мулкан, “Китаб хилоса ал-Бадр ал-Мунир” 2/386).

5. “Курмандык чалган адамга курмандыктын ар бир талына жакшылык жазылат”. (Жалган “хадис”, Акилий, “Китаб аз-Зуаъафа ал-Кабир” 2/42).

6. "О, Аллахтын элчиси, карыз алып курмандык чалса болобу?" - деп сурады Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун). "Ооба, анткени, бул акысы кайтарылган карыз" - деди пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

 

 

 

2022-07-04 09:10:00
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз