Чубак устазды эскерүү
- Ассаламу алайкум, устаз, мындан туура эки жыл мурда 11-июль түн ичинде ватсабыма сизден кат келгенде жүрөгүм дароо бир жамандыкты сезди. Анткени, ага чейин катары менен үч жолу “баланча өтүп кетиптир...” деген жаман кабарды сизден уккан элем. Дагы ким... дагы кайсы бир тууганыбыздан айрылдык экен... жүрөк заада болуп телефонду араң ачтым. “Чубак устазыңдан да айрылдык...” деген жерине чейин окудум... Ушул түн, ушул таң кыргыз эли үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй кайгы алып келди. Айла жок, Аллахтын тагдырына көндүк, Аллахка жаккан сөздү гана айттык... Андан бери эки жыл өттү. Сиз менен намазда бир сапта, тамакта бир дасторкондо, сапарда үзөңгүлөш, сизден башка жакын адам болбосо керек. Бүгүн сиз менен устазыбызды эскерип, бир аз барлашууну эп көрүп турам...
- Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Аллах Таалага эсепсиз көп мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбызга Аллах Тааланын салаваты, ырайымы жана тынчтыгы болсун.
Мен үчүн ыраматылык Чубак ажыны акыркы сапарга узатуу, коштошуу кандай оор болсо, а кишини эскерүү да ошондой эле оор. Бул кишинин илимий көрөңгөсүн, инсандык сапаттарын, дин таратуудагы илимий ыкмаларын ж.б. артыкчылыктарын “ыраматылык” дебей кеп кылып отурсаң өзүнчө ырахат болмок. Айла жок, Аллахтын тагдыры экен, жүз жылда бир жанчу асыл аалымыбыз бул дүйнөдөн эрте кетти. Аллах Таала ал жасаган жакшы иштерге эселеп сооп жазып, дин үчүн кылган мээнетинин дөөлөтүн акыретте көрүүнү насип кылсын.
- Сиз Чубак устазды качантан бери билесиз?
Чубак ажыны ал студент кезинен бери билем. Бирок, экөөбүздүн жакын мамилебиз, ал окууну бүтүп келип, дин таратуу, даават жолунда чогуу мээнет кыла баштаган учурдан башталды. Адамдагы адамдык сапаттын эң маанилүүсү – бул, мамиле. Чубак ажы ар бир адамга аны өзүнө тарта тургандай аяр мамиле жасачу. Ушул сапаты менен ал көп адамдын жүрөгүнөн орун таба алды. Табиятынан ачуусу чукул болгону менен анысын жумшактыгы жана сылыктыгы жууп кетчү. Мен ал киши менен көп жерде, эл арасында чогуу болдум. А кишини анча жактырбаган, анын кээ бир пикирлерине макул болбогон адамдар да аны менен бетме-бет отуруп сүйлөшкөндөн кийин сый-урматы артып, башкача карап калчу. Мына ушундан улам Чубак ажыны диний аалым катары эле эмес, мамилеси мыкты, адамгерчиликтүү адам катары да таанысак болот.
Ал эми Чубак ажынын дин таратуудагы ордуна келсек, анын Ислам динин элге жайылтуудагы, татаал маселелерди жеңил түшүндүрүүдөгү, элдин диний аң-сезимин өзгөртүүдөгү, агартуучулук өзгөчөлүктөрүн сөзсүз сөз кылышыбыз керек.
Диний маселелерди элге жеткирүүдө Чубак ажынын оюнун тунуктугу, сөзүн жалпак тил менен түшүндүрө билгени чоң рол ойноду. Азил аралашкан сөздөрү, суроонун мазмунуна жараша айтылган кыйкым жооптору элди өзүнө тартты. “Шыпыргыны тургузуп койсо эмне болот?” деген суроого “Алганга оңой болот” деген сыяктуу жооптору, анын чукугандай сөз тапкан сөзмөр экендигине далил.
Суроого сураган кишини канааттандыра ала тургандай жооп берүү ар бир эле аалымдын колунан келе бербейт. Араптардын “Имам Малик Мадинада турганда башкадан фатва суралбайт” деген сөзү кылымдар бою айтылып, макал сыяктуу накылга айланып калган. Кээде мага кайрылып, дамылла мобу суроого кантип жооп беришибиз керек деп сурап калса, жанагы накылды айтып, жообун өзүңүз бересиз деп койчумун. Чынында, Чубак ажы эл алдына чыккандан, кече көзү өтүп кеткенге чейин мен эч кимдин суроосуна жооп берген жокмун.
Сурого жооп берүүдө Чубак ажынын дагы бир артыкчылыгы, сыйга, урматка татый турган артыкчылыгы чындыкты айтуудан тайманбаганы эле. Динге каршы келген кандай маселе болбосун, чоңдорго, башчыларга, элге жакпасын билип турса да, шарияттагы өкүмүн тартынбай айтчу. Муфтиятта фатва бөлүмүндө иштеген учурда, муфтий болуп турган чагында, андан кийин да жумуштан айдалам, же башка кысымга тушугам деп коркпой чындыкты чыркырата айтып турду.
- Кээ бирөөлөр, устаздын атак-даңкка жетүүсүнө “суроо-жооп” ыкмасын тандап алганы себеп болду деп жүрүшөт. Чубак устаз өтүп кеткенден кийин ондогон устаздар ушул ыкмага өтүп, суроолорго жооп берип келишет. Бирок, бирөө да устаздын ордун баса албады. Демек, устаздын эл адамына айланышынын себеби башкада болсо керек...
- Чубак ажы эл арасында бир гана өзүнүн кадырын өстүрбөй, динге кызмат кылып жаткан жалпы молдолордун, имамдардын, дааватчылардын кадырын да көтөрдү. Элдин динчилдерге болгон көз карашын жакшы жагына өзгөрттү. Ар бир иш ниетке жараша... эл алдында аброй топтоо үчүн эмес, динге кызмат кылууну ниет кылганда гана, Аллах ал адамдын кадырын Өзү көтөрөт.
Дин таратууда заман талабынан артта калбай, “көзү ачыктык” кылып, учурдагы техникалык маалымат каражаттарын туура колдоно алганы Чубак ажынын элге бат жетүүсүнө себеп болду. Телевидение, радио, интернеттеги социалдык тармактар, гезит-журнал, айтор, маалымат таратуучу каражаттардын баарын колдонду. Ушунусу менен бир эле өлкөбүздөгү эмес, кошуна өлкөлөрдөгү мусулман бир туугандарыбыздын үйүнө кирди.
Коом менен дайыма аралаш болуп, күнүмдүк болуп жаткан ар бир ишке көңүл буруп тургандыктан, динге туура келбеген, же улуттук баалуулуктарыбызга шек келтирген кандай иш аркеттер болсо, кечиктирбей, ошол замат ага карата пикирин жазып же айтып чыкчу. Ушунусу менен бизге жат батыш маданиятын жайылтууну көздөгөндөрдүн көзүнө чыккан чыйкан болгон.
Дагы бир өзгөчөлүгү ислам дининин эреже-мыйзамдарын улуттук баалуулуктары менен салыштырып, аларды айкалыштыра чечмелеп бергени болду. Мындан анын кыргыз каада-салтын, үрп-адаттарын жана түрдүү жөрөлгөлөрүн мыкты билгендигин көрө алдык.
Ошону менен катар саясат, экономика, философия, психология ж.б. илимдеринен четте калбай, кээ бир диний маселелерди ушул илимдер менен байланыштырып түшүндүрүп, коомдогу түрдүү катмардагы адамдардын баарына жеткирүүгө жетишти.
Көркөм адабиятты көп окугандыгы, андагы каармандардын образдарын талдай билгени да Чубак ажынын өзгөчөлүктөрүнөн. Ал жөн эле дин таратуучу эмес, кыргыз элдик педогогикасын жайылтуучу катары да чоң эмгек жасады. Ар бир сөзүнө макал-лакаптарды, накыл сөздөрдү аралаштырып, эл арасында эбак айтылбай калган эски макалдарды таап чыгып, элдик педагогиканын салттарын байытты.
- Устаз менен сапарда дайыма чогуу болчусуз, а кишинин сапардагы, б.а. башкалар билбеген жактарынан кеп кылсаңыз.
- Адамдын кандай экенин билгиң келсе, эки иштин бирин кылгын: аны менен алыш-бериш кылгын же сапарга чыккын дейт. Чубак ажы менен сапарда эң көп бирге болгон мен болдум деп айтсам болот. Мындай жүргөндө учурашып, зарыл маселелерди эле сүйлөшүп калчубуз. Ал эми сапарда а киши менен кенен баарлашчумун. Жүрөк өйүгөн көп маселелерди талкуулайт элек. Жалаң эле дин жөнүндө эмес, көбүнчө өлкөнүн абалы, элдин келечеги жөнүндө сөз кылчубуз. Учурдагы мамлекеттин тышкы карызынан кутулуунун жолдорун талкуулаганыбыз, ошого аябай ойлонуп, толгонуп жүргөнү эсимде.
А киши менен кайда барбайын чөнтөгүндөгү болгон тыйынына китеп ала берет эле. Аеропортко келгенде “Азыр дамылланын китептери перегруз болот” деп тамашалап калчумун, айткандай эле жүктүн салмагы ашып кетчү. Аялдар менен базар араласаң, чыкмагың чоң түйшүк экени белгилүү. Чубак ажы менен китеп дүкөнгө кирсең чыкмагың азап. Эки жолу кофе ичип келсең да, дагы эле кыдырып жүрөт. Диний киептер эле эмес, гүлдү кантип өстүрүш керек, алманы кантип сугарыш керек деген сыяктуу китептерди барактап, кызыгып карай берет эле. Акыркы чыккан китеп, кайсы тематикада болбосун аны бир колуна алып, барактамайынча өтчү эмес.
Самолетто баратып эле төрт-беш саатын ичинде бир китепти окуп салчу. Китеп окуганда, колунда дайыма калемсабы кошо, айрыкча, адабий китептерди жөн эле окуп кете бербей, барактын четине бир нерселерди жазып, улам белгилеп турчу.
- Сиз окуудан жаңы келгенде минбарда кутпа айтуунун өзгөчө бир түрүн көрсөттүңүз эле. Ага чейин фыкх китептеринен намаз кандай окулат, даарат кандай алынат деген маселелер менен эле чектелип, эл ушуну кутпа деп түшүнөт эле да. Сиз кутпа кылгандан кийин, “ээ, ушундай кутпа кылса да болот турбайбы” деп эл ойгонду. Кутпанын сүрөтү өзгөрдү. Чубак устаз дагы дин таратуунун өзгөчө формасын жаратып кетти. Келечекте элибизге дагы жаңылык тартуулай ала турган бирөөлөр көрүнөбү?
- Уучубуз кур эмес, шайтан эле үмүтсүз болот. Аллах кааласа, далай илимдүү аалымдар чыгат. Ал эми Чубак ажыга кайтсак, Чубак ажынын Чубак ажы болушуна анын илими, чукугандай сөз тапкан сөзмөрдүгү, алдын көрө билген даанышмандыгы эмес, күнү-түнү талыкпаган мээнеткечтиги себеп болду деп айтсак болот. Ал күн сайын китеп окуйт эле, гезит-журналдарга макала жазат эле, телевидениеге, радиого барып суроолорго жооп берет эле, эркектерге, аялдарга өз-өзүнчө сабак өтөт эле, журналисттерге ой бөлүшөт эле, жер-жерлерди кыдырып айыл эли менен жолугушат эле, чет өлкөдөгү мекендештерибиз менен байма-бай жолугушуп турат эле. Мына ушунун баарына жетишүү үчүн адамда кажыбаган кайрат, өзүнө бекем ишеним жана тынымсыз эмгек керек.
- Чубак ажыны кадырлай алдыкпы?
Аллахтын тагдыры экен Чубак ажынын өмүрү кыска болду. Дин үчүн, элдин жаркын келечеги үчүн алдыга койгон көп максат, мүдөөлөрү ишке ашпай калды. Ошентсе да, аз бирок саз жашап, динге эбегейсиз зор кызмат кылып кетти.
Кайсы бир деңгээлде элинен, өлкөсүнөн өзүнө ылайык сыйын, урматын көрдү. Ошентсе да, кээ бир коңушу өлкөлөрдөгү аалымдарга карата жасалган сый-урматты көрүп, биз Чубак ажыны жеткиликтүү сыйлабай, баркын билбей өткөрүп жибериппиз деп ойлоп калам. Ошол кошуналар сыйлаган аалымдарынын көбү Чубак ажы окуган китептерди окумак тургай ал китептердин атын да билбегени чындык.
- Чубак устаз өтүп кеткенден кийин анын атын жеке кызыкчылык үчүн пиар кылуу чоң модага айланганы жашыруун эмес, бардык жаатта, “Чубак ажынын шакирти”, “Чубак ажынын досу”, “Чубак ажынын ...” айтор мындай сөздөрдү күндө угуп жатабыз. Анан да кээде “Чубак ажы тирүү болсо минтмек...” “Чубак ажынын жоктугу...” ж.б. тагдырга ыйман келтирүүгө туура келбеген сөздөр байма-бай айтылып жүрөт. Чубак ажынын ыкласмандарына, шакирттерине, жалпы эле элине ушул жаатта кандай насаат айтасыз.
- Аалым дүйнөдөн өткөндөн кийин артындагылар эки нерсеге көңүл бурушу керек: биринчиси, анын айтканына амал кылуу, экинчиси, ага дуба кылып, жакшы иштерди жасап сооп-сыйын ага арноо. Мындан башка биз эч нерсе кыла албайбыз. Мазхаб башчылардын баары бири-бирин сыйлаган, бири-биринин сөзүн баалаган. Кийин арадан убакыт өтүп, алардын шакирттери, ыкласмандары бири-бири менен согушууга чейин барган. Эмне үчүн? Устазды жакшы көрүүнү билбегени үчүн. Жакшы көрүү - анын айтканын аткаруу менен болот. Ал үчүн өлүмгө даяр болсоң, бирок анын бир насаатын аткарбасаң, демек сен анын ыкласманы эмессиң. Чубак ажы күн-түнү сабактарды өттү. Биздин милдет анын айткандарын аткаруу. Ага дуба кылуу.
- Ырахмат, устаз, Аллах Таала устаздын акыретин абад кылсын. Аллахым сизге узун өмүр, кажыбас кайрат берсин.
- Чубак ажынын кылган жакшы иштеринин сооп-сыйын Аллах Таала акыретте эселеп берсин. Билип-билбестен кылган күнөөлөрүн кечирсин. Кабырын нурдуу, акыретин абад кылсын. Кыяматта жеңил эсеп менен бейишке киргизсин.
Маектешкен: Алайчы Сеитбеков.