Ашура күнү тууралуу ишенимдүү жана ишеничсиз хадистер

Мухаррам айы жана Ашура күнү тууралуу сөздөр, ишенимдүү жана ишеничсиз хадистер

Мухаррам айы – ай календарында жылдын биринчи айы. Арам айлары[1] деп аталаган төрт айдын бири.

Ушул айдын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. 2022-жылы бул күн 8-августка туш келет.

Ушул күнү орозо кармоо жакшы, сооптуу иш.

Андан бир күн мурдагы күндү, б.а. Мухаррамдын тогузунчу күнүн кошуп кармаса да болот.

Кээ бир аалымдар тогузунчу, онунчу жана он биринчи күндү, б.а. үч күндү катары менен кармаса да болот дешкен.

 Бул үч түрдүү пикирди айткан аалымдардын баарынын өзүнө тиешелүү далилдери бар. Аларды кийинки, хадистер айтылган бөлүмдөн байкайсыздар.

Мындан сырткары Ашура күнү намаз окуунун, садага берүүнүн, үй-бүлөсүнө көп напака берүүнүн, жуунуп-тарануунун ж.б. иштерди кылуунун артыкчылыгы, сооп-сыйы тууралуу айтылган сөздөр бар. Бирок булардын бири да ишенимдүү хадистерде келген эмес.  Болгону үй-бүлөсүнө берешен болуп, напака берүү мустахаб, жакшы иш экенин аалымдардын басымдуу бөлүгү айткан. Ханафи жана Ханабали мазхабындагы кээ бир аалымдар буга макул эмес, б.а. бул күнү үй-бүлөсүнө напака кылуу шариятка тиешелүү иш эмес деп айткан.

Кыскасын айтканда, шариятта бул күнү орозо кармоодон башка эч кайсы иштин артыкчылыгы жок. Ал эми орозо кармоонун тартиби жогоруда айтылды.

Өкүнүчтүүсү, көп мечит минбарларында жалган жана токума “хадистер” айтылып, элди шариятта жок иш-амалдарга кызыктырып, үндөөлөр дагы эле уланууда. Ушуну эске алып, төмөндө Мухаррам айы жана Ашура күнү тууралуу айтылган ишенимдүү хадистерди жана эл арасына кеңири тараган, бирок айрымы ишеничсиз, айрымы жалган, токума болгон “хадистерди” тизмектеймин.[2]

Биринчи: ишенимдүү хадистер

1. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келгенде яхудилердин Ашура күндөрү орозо кармаганын көрөт. Алардан эмне үчүн орозо кармарын сурашса, ушул күнү Муса пайгамбар менен Исраил урпактары Фираундан кутулганын айтышат. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Буларга караганда Мусага биз жакынбыз” – деп, бул күнү өзү да орозо кармады, башкаларды да орозо кармоого буйруду.

2. “Арафат күнү орозо кармоо эки жылга кафарат болот: өткөн жана келерки жылга. Ал эми Ашура күнү орозо кармоо өткөн жылга кафарат болот”. (Кафарат болот дегени, майда күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деген маани).

3. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ашура күнү орозо кармап, башкаларды да орозо кармоого буйруганда, сахбалардан бирөөлөр: “О, Аллахтын элчиси, бул күндү яхудилер менен христиандар ыйык санашат эле...?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллах кааласа, келерки жылы аман болсок тогузунчу күнү кармайбыз” – деди. Бирок, кийинки жылга чейин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өтүп кетти.

4. “Бул Ашура күнү. Аллах силерге бул күнү орозо кармоону буйруган эмес. Бирок мен орозомун. Ким кааласа орозо кармасын, ким кааласа орозо кармабасын”.

5. Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Курайштар Исламдан мурда Ашура күнү орозо кармачу. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да бул күнү орозо кармачу. Мадинага көчүп келгенден кийин да бул күнү орозо кармап, башкаларды да кармоого буйруп жүрдү. Качан гана Рамазандын орозосу парз болгондо: “(Ашуранын орозосун) ким кааласа кармасын, каалабагандар кармабай эле койсун” – деди.

6. Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында Ашура күнүнүн орозосу тууралуу сөз болду эле, ал: “Исламдан мурдагы доордогулар ушул күндөрү орозо кармачу. Силер да кимиңер кааласаңар орозо кармагыла, каалабасаңар кармабай эле койгула” – деди. 

7. “Убакыт Аллах Таала асман-жерди жараткандан бери эле бирдей уланып келе жатат. Бир жылда он эки ай бар, анын төртөө - арам айлары. Үчөө катар келет: Зулкаада, Зулхиджа, Мухаррам. Ал эми Ражаб айы Жумадалахир менен Шаъбандын ортосунда”.

 8. “Рамазандын орозосунан кийинки жакшы орозо Мухаррам айындагы орозо. Парз намазынан кийинки жакшы намаз – Тахажуд намазы”.

9. Абдуллах бин Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күндөрдүн арасынан артыкчылыгын баса белгилеген Ашура күнүн гана көрдүм. Ал эми айлардын арасынан артыкчылыгын баса белгилеген Рамазан айын гана көрдүм”.

Экинчи: ишеничсиз жана токума, жалган “хадистер”

1. “Айлардын төрөсү – Мухаррам, күндөрдүн төрөсү – Жума”. (Жалган хадис).

2. “Эгер Рамазандан башка айда дагы орозо кармагың келсе, анда Мухаррам айында карма. Ал - Аллахтын айы. Ал айда Аллах Таала бир коомдун тобосун кабыл кылган күн бар, ошондой эле дагы бир коомдун тобосун кабыл кыла турган күн бар”. (Ишеничсиз хадис).

3. “Ким Мухаррам айынан орозо кармаса, анын ар бир күнүнө отуз жакшылык жазылат”. (Жалган хадис). 

4. “Ашура күнү орозо кармагыла, бул күн пайгамбарлар орозо кармаган күн”. (Ишеничсиз хадис).

5. “Ашура силерден мурдагы коомдордун пайгамбарлары орозо кармаган күн, бул күнү силер да орозо кармагыла” (Ишеничсиз хадис).

6. “Ашура - Исраил урпагына деңиз жарылган күн”. (Жалган хадис).

7. “Ким Ашура күнү көзүнө сурма койсо, жыл боюу көзү шишибейт. Ким Ашура күнү тазаланып жуунса, жыл бою оорубайт”. (Жалган хадис, айтууга болбойт).

8. “Ким Ашура күнү үй-бүлөсүнө берешендик кылса, Аллах ага жыл бою берешендик кылат”. (Ишеничсиз хадис).

9. “Ашура күнү орозо кармагыла, бирок яхудилерге окшобогула: андан бир күн мурдагы жана кийинки күндү кошо кармагыла”. (Ишеничсиз хадис).

10. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ашура күнүн ыйык санайт эле. Ал күнү кызы Фатиманын эмчектеги неберелерин алып, шилекейи менен оозандырып: “Буларды эми кечке чейин эмизбегин, курсагы ачпайт” – деди. (Ишеничсиз хадис).

11. “Ашура күнү орозо кармаган адамга Аллах Таала алтымыш жыл орозо кармады жана түнү намаз окуду деп жазат. Ашура күнү орозо кармаган адамга миң периштенин сообу берилет. Ашура күнү орозо кармаган адамга миң ажы жана умра кылуучунун сообу берилет. Ашура күнү орозо кармаган адамга миң шейиттин сообу берилет. Ашура күнү орозо кармаган адамга жети кабат асманда жашагандардын сообу берилет. Ашура күнү орозо кармаган кишинин оозун ачтырган адамга, Мухаммаддын бүт үммөтүнүн оозун ачыргандай сооп берилет. Ашура күнү бир адамдын курсагын тойгузган кишиге, Мухаммаддын үммөтүндөгү бүт жарды-жармачтардын курсагын тойгузгандай сооп берилет. Ашура күнү бир жетимдин чачынан сылаган адамдын даражасы ошол жетимдин канча тал чачы болсо ошончо жогорулайт”. Умар (ага Аллах ыраазы болсун) : “О, Аллахтын элчиси, Аллах Таала Ашура күнүнүн даражасын ушундай көтөргөнбү?” – деп сурайт. “Ооба, анткени, Аллах Таала асман-жерди Ашура күнү жараткан. Тоолорду жана жылдыздарды Ашура күнү жараткан. Калемди жана тактайды Ашура күнү жараткан. Жебиреилди жана башка периштелерди Ашура күну жараткан. Адамды Ашура күнү жараткан. Ибрахим пайгамбар Ашура күнү туулган жана ушул күнү оттон куткарылган...”.  (Жалган, токума сөз. Муну хадис деп айткан адам жалганчы, күнөөкөр болот).  

12. “Ашура күнү эки ирекет намаз окуп, биринчи ирекетинде “баланча”, экинчи ирекетинде “ түкөнчө” сүрөнү окуса, ага жетимиш пайгамбардын сообу берилет”. (Жалган токума сөз. Айтканга болбойт).

  Алайчы Сеитбеков



[1] Өз учурунда согушууга, кан төгүүгө ж.б. иштерге тыюу салынган айлар.

[2] Мындай “хадистер” өтө көп, бул жерде биздин элдин арасында айтылып жүргөндөрү гана жазылды.

2022-08-05 10:06:36
Алайчы Сеитбеков
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз