Жарым миллион евро таап алган мусулман акчаны ээсине кайтарды.
Кантип дебейсизби?
Таң каларлык бул окуя Германиянын Монгейм шаарында болду.Турциядан келген мигрант Хусейн Русай өзү түптөгөн үйлөрдү жыйнап-тазалоочу ишканасында иштейт. Хусейн бир үйдү тазалап жатып, үч уктаса түшүнө кирбеген нерсени таап алды. Ал эси дүйнөдөн өтүп кеткен үйдү иретке келтирип жатып, шкафтагы эски буюмдардын арасынан акча салынган баштыкты таап алган.
"Мен көргөн көзүмө ишенген жокмун, булар жасалма акчалар го деп ойлодум.Үйгө алып баргандан кийин гана алар чыныгы акча экенине көзүм жетти. Менин алдымда 557 миң евро жана 2700 швейцария франкы жатты" - дейт ал.
Мусулман түрк дароо өтүп кеткен адамдын кызына байланышып, болгон акчаны ага өткөрүп берген. Көзү өткөн адамдын туугандары да ал үйдө анчалык көп акча, баалуу буюмдар калганын билишкен эмес экен. Бул жөнүндө уккан кызы аябай таң калды.
"Ал аманатты ээсине кайтарып бергенимде өзүмдүн жеңилдеп калганымды сездим. Өзүнө тиешелүү болбогон нерсени менчиктеп алуудан Аллах сактасын" – дейт, өз ишине сыймыктанган Хусейн Русай.
Хусейн Германияга 1999-жылы келген. 17 жыл фабрикада иштеген. Андан соң өзүнүн ишканасын ачкан. Азыр 45 жаштагы мусулман өзү түптөгөн ишканасында эмгектенет. Ал үйлөрдү, офистерди жыйнап-тазалоо менен алектенет.
Табылган акчалар жөнүндөгү окуя аны чыныгы каарманга айландырды. Өлкөнүн булуң-бурчундагы адамдар анын чынчыл, таза ,үлгүлүү мусулмандыгына суктанышууда.Телеканалдарда ал жөнүндө көрсөтүүлөрдү берип жатышат. А, Хусейн болсо, катардагы жөнөкөй мусулман экенин жана Исламдагы жөнөкөй буйрукту аткаргандыгын айтат.