Эски мечиттеги эки ооз сөз...

Эски мечиттеги эки ооз сөз...

Меккенин чет жагындагы эски мечиттин жанынан өтүп бара жатып, мечиттин алды жагында турган машинаны көзүм чалып, убактысы кирип калган дигер намазын окуй кетейин деп мен да токтодум.

Мечит эбак эле колдонуудан калганы сыртынан эле көрүнүп турат, мени таң калтырганы анын жанында машинанын токтоп турганы болду. Анын сынып талкаланган терезесине жакын келип ичинде бирөө уккулуктуу үнү менен Куран окуп жатканы уктум.   Тыңшап "Ар-Рахман" сүрөсүн окуп жатканын да боолгодум. Мечитте андан башка эч ким жок экен. Салам айтсам, таң калгансып алик алды.

- Дигер окуп алайын деп кирдим” – дедим, анын таң калганына мен да таң калып. Жигит:

- Мен да окуй элекмин, чогуу окуйлу” – деди. Анан кыбылага карап: "Кубансаң болот, кайрадан жамаат менен намаз окулуп жатат” – деди. Мен анын кимге сүйлөп жатканын түшүнбөй калдым. Экөөбүз жамаат менен намаз окудук. Намаз окуп бүткөндөн кийин жанараак ал кимге сүйлөгөнүн сурадым.

- Мечитке, – деди ал.

- Анан ал сага жооп кайтардыбы? – дедим.

- Кыштан тургузулган дубал эмне деп жооп бермек эле? – деп жылмайды ал. Анан сөзүн улап:

- Мен мечиттерди аябай жакшы көрөм, айрыкча, эскирип, колдонуудан калган мечитти көрсөм, аны кыя өтпөйм. Ага кирип эки ирекет намаз окуйм, эки-үч бет Куран окуйм. Ибадаты жок томсоруп турган мечитти ушинтип нурдантып турууну жакшы көрөм. Мурдагы ичи толо эле болгон учурду сагынган ээн мечиттерге кирип, ушунтип сагынычын таркатам, – деп кошумчалады.   

Анын бекем ыйманына ичим жылып, айткан сөздөрү көзүмо жаш айландырды. Чыгып баратып:

- Ушундай мечиттерге кирип намаз окуганыңдан кийин дуба кылсаң, мени да дубаңа кошуп кой, – деп сурандым. Жигит бир аз күлүмсүрөп:

- Ооба, мындай жерде сөзсүз дуба кылам. “Аллахым, эгер мен ушул мечиттин намаз окуган адамды күткөн сагынычын жаза алган болсом, Сен дагы кабырда менин дубамды күтүп, сагынып жаткан ата-энемдин сагынычын жазып, менин дубамды жеткир. Алардын жаткан жерин бейиштин бакчасы кылгын” деп дуба кылам, – деди.

Мен ансыз да араң турган жашым жаак ылдый агып кеткенин байкабай калыпмын. Жашымды ага көрсөтпөй тетири бурулуп, жарым-жартылай коштошуп чыгып кеттим...

Аттиң десең, мен деле ата-энеме күн сайын дуба кылам, бирок Аллахка жага турган ииш кылып, анан ошол ишити ортого салып дуба кылуу такыр оюма келбептир... Ата-энебиз биз үчүн эмне деген күндөрдү көрбөдү. Жаштыгын, күч-кубатын, мал-мүлкүн, ден соолугун, бүтүндөй өмүрүн биз үчүн берди го... А биз эмне кылдык. Оюбузга келгенде алакан көтөрүп дуба кылымыш болобуз... Келгиле, колубуздан келе турган жакшы иштер өтө көп, ошол жакшы иштерди аткарып, анан ошонун сооп-сыйын ата-энебизге арнап, багыштап дуба кылалы... Балдарыбызды да ушуга тарбиялайлы...

Которгон: Нуржамал Төлөнбаева 

Редакциялаган: Алайчы Сеитбеков.

2022-10-19 11:09:11
Нуржамал Төлөнбаева
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн ысымыңыз менен кириңиз же катталыңыз