Ражаб айы чын эле ыйыкпы?
Бисмиллахир-Рохманир-Рохиим.
Оболу, Алла Таалага мактоо айтып, пайгамбарыбызга салам жана салават жолдойбуз.
Мусулман ай календары боюнча Ражаб айы башталып, бул айда башка айларга караганда көбүрөөк ибадат кылуу керек, орозо кармоо, зикир чалуу, Куран окуу, ж.б. ибадаттарды көбөйтүү зарыл, мындай ибадаттарга башка убакка караганда көп сооп-сый берилет деп, атүгүл, бул айдагы сооп-сыйды миллиондоп эсептеп, бул айда ибадат кылгандарга түз эле бейишке жолдомо убада кылган маалыматтар туш тараптан жаай баштады.
Чын эле Ражаб айы башка айлардан өзгөчөбү? Бул айдагы ибадаттын сооп-сыйы чын эле башка айлардан артыкпы? Жогоруда айтылган артыкчылыктар Куран же хадисте айтылганбы, же ара жолдон кошулган, ойдон чыгарылган нерсеби?
Анда Ражаб айы тууралуу айтылган хадистерге жана пикирлерге сарасеп салалы.
Ражаб айы «арам айлары» деп аталган, согушууга, кан төгүүгө, ж.б. жаман иштерди кылууга тыюу салынган төрт айдын бири. Бул айлар тууралуу Куранда: «Айлардын санагы Аллахтын алдында, асман-жерди жараткан күндөгү китеби боюнча он эки айдан турат. Анын ичинен төртөө арам айлары» деп айтылган (Тообо сүрөсү, 36-аят). Бул төрт ай - Зулкаада, Зулхиджа, Мухаррам жана Ражаб айы. Булардын ичинен Ражаб айы «жеке ай» деп аталат. Анткени берки үч ай катары менен келет. Ошондой эле Ражаб айын «Музар» деп да аташкан. Анткени, башка арап урууларынан айырмаланып «Музар» уруусу бул айды өзгөчө ыйыктап, урматтачу. Негизи эле Ражаб деген сөз Ружууб - ыйыктоо, урматтоо деген маанини туюндурат. Бул төрт ай тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Убакыт Алла Таала асман жерди жараткан учурдагыдай эле айланып жатат. Жылда он эки ай бар. Анын төртөө арам айлары, үчөөсү - Зулкаада, Зулхиджа, Мухаррам катар келет. Ал эми Ражаб айы «Музар» ал Жумада айы менен Шаьбандын арасында келет» (Имам Бухари менен Имам Муслим, белгилүү сахаба Абу Бакратадан ривая кылып жазып калтырган).
Аты айтып тургандай Ражаб айын Исламга чейинки доордо ыйык санашкан. Бул айдын урматына кан чыгарып мал сойгон адат болгон. Пайгамбарыбыз кийин буга тыюу салган. «Исламда «фараь» да, «аьтира» да жок» - деген ал. «Фараь» дегени, ошол доордогу ырым-жырымдардын бири, тагыраагы, кимдин ингени биринчи жолу тууса, ошол ботону курмандык чалган, же кимдин төөлөрүнүн саны жүзгө жетсе, бир төөнү курмандыкка чалган. Ал эми «аьтира» дегени, биз сөз кылып жаткан Ражаб айынын урматына чалынчу курмандык. Булардын экөөн тең пайгамбарыбыз жокко чыгарып, тыюу салган.
Эми Ражаб айы тууралуу эл арасында кеңири тараган хадистерге токтололу.
1. «Бейиште бир дарыя бар, анын аты Ражаб. Ал сүттөн ак, балдан таттуу, ким Ражаб айында бир күн орозо кармаса, Алла Таала ага ошол дарыядан ичирет» (Фазааил ал-Авкат, Байхаки). Ишеничсиз хадис, айтып, таратууга болбойт.
2. “Аллахым, бизге Ражаб менен Шаъбанда береке бер жана Рамазанга (аман-эсен) жеткир”. (Ат-Таарих, Ибн Асакир). Ишеничсиз хадис, айтып таратууга болбойт.
3. “Ражаб айынын башка айлардан артыкчылыгы - Курандын башка сөздөрдөн артычалыгындай. Шаьбан айынын башка айлардан артыкчылыгы – менин башка пайгамбарлардан артыкчалыгымдай. Рамазан айынын башка айлардан артыкчалыгы – Аллахтын башка пенделерден артыкчалыгындай”. Жалган, токума сөз. Амал кылууга да, таратууга да болбойт.
4. “Ким Ражаб айында бир күн орозо кармаса жана төрт ирекет намаз окуп, анын биринчи ирекетинде “Аят ал-Курсини” жүз жолу окуса, экинчи ирекетинде “Кул хуваллааху ахадды” жүз жолу окуса, бейиштеги ордун көрмөйүнчө дүйнөдөн өтпөйт”. Жалган, токума сөз. Амал кылууга да, таратууга да болбойт.
5. “Ражаб айынын биринчи күнүндөгү орозо үч жылдык күнөөнү жууйт. Экинчи күнүндөгү орозо эки жылдык күнөөнү жууйт. Үчүнчү күнүндөгү орозо бир жылдык күнөөнү жууйт. Калган күндөрүнүн ар бири бир айлык күнөөнү жууйт”. Жалган, токума сөз. Айтууга да, таратууга да болбойт.
6. “Беш түн бар, бул түндөрдөгү дубалар артка кайтарылбайт: Ражаб айынын биринчи түнү, Шаьбан айынын тең жарымындагы түнү, Жума күнүнүн түнү, Орозо айт күнүнүн түнү жана Курман айт күнүнүн түнү”. Жалган, токума сөз. Айтууга да, таратууга болбойт.
7. “Ражаб – Аллахтын айы, Шаьбан – менин айым, Рамазан – менин үммөтүмдүн айы”. Жалган, токума сөз. Айтып таратууга болбойт.
8. “Ким Ражаб айынын түнү он төрт ирекет намаз окуп, ар бир ирекетинде “Алхамдуну” бир жолу, “Кул хуваллааху ахадды” жыйырма жолу, “Кул ауузу бироббил фалакты” үч жолу, “Кул ауузу бироббин-наасти” үч жолу окуса, намазын окуп бүткөндөн кийин мага он жолу салават айтса, анан Аллахка отуз жолудан тасбих (аруулоо), тамхид (мактоо), такбир (улуктоо), тахлил (келиме) айтса, Алла Таала ага миң периштени жиберет. Алар ага жакшылыктарды жазып, фирдаус бейишине бак тигет. Ошондой эле ушул түнгө чейинки бардык күнөөлөрүн өчүрөт. Бул намазында окуган ар бир тамгасы үчүн жети жүз сооп жазат. Ар бир үрүкү жана саждасы үчүн бейиште он ак сарай салат...” Жалган, токума сөз. Айтууга да, таратууга да болбойт.
Мындан башка дагы ушул сыяктуу бир канча жалган “хадистер” бар. Булардын баары амал кылууга болбой турган, башкаларга таратпай турган сөздөр. Тилекке каршы, булардын кээ бири учурда чоң-чоң мечиттерде имамдын минбарында жума күндөрү жаңырып жатат.
Белгилүү аалым Ибн Хажар ал-Аскалани (Аллах ага ырайым кылсын): “Ражаб айынын артыкчылыгы, андагы орозо, деги эле андагы ашыкча ибадат тууралуу бир да ишеничтүү хадис айтылган эмес” – деген. Имам Навави (Аллах ага ырайым кылсын) да: “Ражаб айы тууралуу пайгамбар айтты деген хадистердин баары ишеничсиз жана жалган” – деген.
Ошону менен катар аалымдардын басымдуу бөлүгү бул айда орозо тутуудан тыйган эмес. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир айдын он үчүнчү, он төртүнчү, он бешинчи күндөрү орозо кармаган жана орозо кармоого үндөгөн. Мындан сырткары аптанын бейшемби жана дүйшөмбү күндөрү орозо кармаган. Демек, Ражаб айында деле ушул күндөрү орозо кармоого болот. Болгону, бул орозонун башка айлардагы орозодон эч кандай айырмасы жок экенин билишибиз керек. Ошондой эле, Куран окуу, зикир чалуу, түнкү намаздарга туруу сыяктуу ибадаттарды да башка айлар сыяктуу эле бул айда да аткара беребиз.
Болгону, жалган маалыматтарды таратууда бир аз абайлап, анын чын-төгүнүн аныктап, сооп-күнөө, бейиш-тозок тууралуу сөз кылганда этият болгонубуз жакшы. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Менин атымдан атайлап жалган айткан адам өзүнө тозоктон орун камдай берсин” – деген хадисин эсибизге бек түйүп алалы.
Алайчы Сеитбеков.