Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы...
Ушундай темада мындан беш жыл мурда “Бейиш” гезитине макала жазган экенмин. Анда кыштын оор башталганы, көмүрдүн кымбаттыгы, светтин өчүп калып жатканы тууралуу бирдемелерди жазып келип акырында кыштын жалаң эле жаман жагын эмес, жакшы жагын да көрүп пайдаланалы деп, кыштын биздин дүйнө жашообузга жана акырет жашообузга тийгизе турган пайдаларына токтолуптурмун. Бул жерде ошол макаланын кыштын биздин акыретибиз үчүн кандай пайдасы бар деген бөлүгүн кайра көчүрүп койдум. А эгер макаланы толук окуймун десеңиз murasmedia.kg сайтынын гезиттер бөлүмүнө кирип “Бейиш” гезитинин архивинен окуп алсаңыз болот.
Элибизде "Жаманын жашырып, жакшысын айт" деген алтындай сөзү бар. Каардуу кыш көпчүлүккө жакпаса да, анын жакшы жактары бар. Болгондо да, биздин жан дүйнөбүзгө жарык берүүчү пайдалары көп.
Бир күнү белгилүү сахаба Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) жолдошторуна кайрылып:
- Силерге кыштын артыкчылыгын айтып берейинби? – деп сурайт.
- Айтыңыз, - деп өтүнүшөт жанындагылар. Ошондо ал:
- Кыштын эн негизги артыкчылыгы – анда орозо кармоо жеңил болот. Андыктан, кышында орозо кармагыла, - деп жооп берет.
Ошондой эле улуу сахабалардын бири Ибн Масьуд (ага Аллах ыраазы болсун) кыш жакындап калган учурда: "Берекелүү кыш келди, анын узун түндөрүндө намаз окуйбуз, кыска күндөрүндө орозо кармайбыз" – деп кубанчу экен жарыктык киши. Айтса-айтпаса, кыш түнү узун болорун баарыбыз жакшы билебиз. Эрте жатып алсаң, ары оодарылып, бери оодарылып, жамбаш талып таңдын атмагы азап. Канча көп жатпайлы жаман төшөк баары бир ыраазы болбойт. Андан көрө келиңиз ыргып туруп, даарат алалы да, жок эле дегенде эки ирекет намаз окуп алалы. "Куда да ыраазы, кудагый да ыраазы", Аллахты ыраазы кыласыз, өзүңүзгө да жакшы, ден-соолук чың болот дегендей... Ал эми түнкү намаздын сообу тууралуу азыр айтпай эле коё туралы.
Анан кыштын күнү орозо кармоого аракет кылалы. Кышында таңдын атмагынан кечтин киргени бат. Ашып кетсе сегиз, тогуз саат орозо кармалат. Жайдын күнү эртең мененки тамактан, түшкү тамакка чейин ушунча убакыт жүрүп жатпайбызбы? Демек, кыштын күнүн бекер өткөрбөйлү. Жайында тутулбай калган каза орозолорду кармап берели. Жума сайын тутулуучу б.а. Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү орозо тутууну адатка айландыралы. Ай сайын, ай толгондо тутулуучу орозолорду кармайлы. Ансыз да кышында көпчүлүк бекер болот. Талаада жумуш жок. Ал эми чаңкоо деген нерсе таптакыр болбойт. Ошондуктан Умар (ага Аллах ыраазы болсун): "Кыш – ыймандуулар үчүн жеңил олжо" – деп айткан. Чындап эле, кыш жеңил олжо. Ибн Ражаб (Аллах аны ырайымына бөлөсүн): "Кыш – ыймандуулар үчүн жаздын ордунда турат. Анткени, ыймандуу адам кышында ибадаттын эгинин эгип, акыреттин багын отургузат" – деген экен.
Келиңиздер, Аллахтын мээри менен келген кышты, колду ушалап, бутту тепкилеп эле өткөрүп жибербей, акыретибиз үчүн пайдаланып калалы. Ал үчүн бизге жаркыраган светтин же жалындуу көмүрдүн деле кереги жок. Болгону, бул күндөрдүн да өтүп кетерин жана эч качан кайрылып келбестигин унутпашыбыз керек. Балким, бул кыш биздин өмүрүбүздөгү акыркы кыш чыгар. Аны бир гана Жараткан Аллах билбесе, эч ким билбейт. Ошондуктан, биз үчүн "жеңил олжо" болуп келген кышты пайдаланып калалы.
Кышка тиешелүү дагы кээ бир маселелер:
1. Тозок азабы, биз ойлогондой жалаң гана ысык менен болбойт. Тозокто тоңдуруучу да азап бар. Аллах Таала бейишти сыпаттап мындай деген: "Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт". (Инсан, 13-аят). Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде, минтип айткан: "Тозок Раббисине: "О, Раббим! Мен өзүмдү өзүм күйгүзүп жок кылып жатам" – деп арызданат. Ошондо Раббаса ага эки нафс (жан) берди: бири суук, бири ысык. Анын ысыгы силер көрүп турган ысыктан алда канча ысык. Анын суугу силер көрүп жүргөн сууктан алда канча суук". (Бухарий, Муслим ж.б.).
2. Кышында дааратты толук алуу керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Силерге, күнөөлөрдү өчүрүп, даражаларды көтөрүүчү амалдарды айтып берейинби? Алар: дааратты толук алуу, мечитке көп каттоо жана намаздан кийинки намазды күтүү. Мына ушул иштерге көңүл бургула" – деп айткан. (Муслим). Мына ушул хадистеги дааратты толук алуу маселесин көпчүлүк аалымдар кышка тиешелүү деп айтышкан. Күн канчалык суук болсо да дааратты толук алуу керек б.а. сүннөт амалдарын да калтырбоо керек. Ибн Ражаб минтип айткан: "Кыштын суугу, тозоктун суугун эске салат. Тозоктун суугунан кутулуу үчүн суунун суугун сезүү керек".
Кышкы суукта сууну ысытып даарат алууга шарият тыюу салбайт. Ибн Мунзир минтип айткан: "Ибадат кылууда күчтүү болуу үчүн, ден-соолукту сактоо үчүн сууну ысытып даарат алуу – анын сообун кемитип койбойт". Айрыкча кыштын күнү эшикте даарат алууга туура келген учурда жылуу суу менен даарат алуу жакшы. Анткени, Ислам дини эч кимге зыяндуу ишти буйрубайт.
3. Шамал, бороон болгон учурда аны сөгүүгө болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Шамал Аллахтыкы, ал же ырайым же азап алып келет. Эгерде аны көрсөңөр жаман айтпагыла. Аллахтан анын (шамалдын) жакшылыгын сурап, жамандыгынан коргоо тилегиле". (Абу Дауд).
4. Жамгыр жана кар жааган мезгилде дуба кылуу керек. Айша (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айтат: Аллахтын элчиси топтолуп калган булутту көргөндө: "Аллахым анын жамандыгынан сакта" деп айтчу, ал эми жамгыр жаап келгенде: "Аллахым аны бизге пайдалуу кылгын" –деп дуба кылчу. (Абу Дауд). Ошондой эле дагы бир хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Эки түрдүү дуба жоопсуз калбайт: азан учурундагы жана жамгыр учурундагы" – деп айткан. (Хаким).
5. Кечинде отту жана чыракты өчүрүп жатуу зарыл. Айрыкча көмүрдүн иси чыгуу коркунучу болсо, аны өчүрүп жатуу керек. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Бир жолу Мадинада бирөөнүн үйү өрттөнүп кетти. Аны көргөн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "От силерге - жоо. Уктаарда отуңарды өчүрүп жаткыла" – деп айтты. (Бухарий, Муслим).
6. Сууктан улам көбөйгөн сасык тумоого акаарат айтпоо керек. Жаабир (ага Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз Умму Саибанын үйүнө барса, ал титирип отурган экен. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан: "Сага эмне болду, эмне себептен титиреп жатасың?" – деп сурады. "О, Аллахтын элчиси, тумоо, Аллах аны курутсун" – деди. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Тумоону сөкпөгүн, анткени, ал уксус темирдин датын кетиргендей адамдын күнөөсүн өчүрөт" - деди. (Муслим).
Алайчы Сеитбеков