Зулхиджа айынын башкы он күнү
Зулхиджа айы мусулман ай календарындагы акыркы ай. Ага чейин Зулкаада айы келет, андан кийин жылдын башталышы Мухаррам айы менен башалат.
Зулхиджа айынын башка айлардан өзгөчөлүгү бул айда ажы амалы аткарылат жана курман айт майрамы белгиленет. Курман айт майрамы Зулхиджа айынын онунчу күнү болот. Ушул күнгө бир күн калганда, б.а. Зулхиджанын тогузунчу күнү ажыга баргандар Арафат өрөөнүндө турушат. Ошол себептен бул күн арафа күнү деп аталат. Бизде бул күндү арапа дейбиз. Демек арапа деген сөз курман айтка тиешелүү, орозонун башталышына жана орозо айтка бул сөздүн тиешеси жок. Тагыраак айтканда, бизде орозо башталардан мурдагы күндү да, орозо айттан мурдагы күндү да “арапа” деп айткан учурлар болот. Бул туура эмес.
Зулхиджа айынын артыкчылыктары:
1. Бул айдын алгачкы он күнүн атап Аллах Таала Куранда ант ичкен. Аллах Таала кайсы нерсени атап ант ичсе, демек Аллах үчүн анын мааниси чоң. Фажр сүрөсүндө Аллах Таала: “Таңга ант. Он түнгө ант...” – деп ант ичүү менен баштаган.[1] Ибн Аббас, Ибн Зубайр, Мужахид ж.б. айтымында аяттагы “он түн” Зулхиджа айынын башкы он күнү. Ибн Касир да тапсиринде ушуну туура деген.[2]
2. Бул күндөрү аткарыла турган ибадаттардын сооп-сыйы артык болот. Бул тууралуу Абдуллах бин Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) угуп айткан хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аткарылган иш-амалдар Аллахка жагымдуу болгон ушул он күндөн өткөн башка күн жок”, – дейт. Аллах жолунда жихадга чыгуу да ага жетпейби? – деп сурайт сахабалар. “Аллах жолунда жихадга чыгуу да ага жетпейт, бирок мал-жаны менен жихадга чыгып, андан кайтпай калган адамдын сообу гана жетет”, – дейт пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).
3. Бул күндөрү сооп-сыйы мол, башка эч кайсы убакта аткарылбай турган ажы ибдаты аткарылат.
4. Бул он күндүн ичинде Аллах Таала динди толук кылганын кабар берген, бир күндүк орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болгон, айтылган дуба-тилектер кайтарылбай турган Арафа күнү бар.
5. Бул күндөрдүн ичинде тээ Ибрахим пайгамбардан бери келе жаткан, мусулмандардын негизги майрамдарынын бири курмандык чалуу күнү, б.а. курман айт майрамы бар.
Бул күндөрү кандай ибадаттарды аткаруу керек:
1. Зулхиджанын башкы тогуз күнү орозо кармоо жакшы. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын бири айтып өткөргөн хадисте ал: Аллахтын элчиси Зулхиджанын тогуз күнү, Ашура күндөрү жана ар айда үч күндөн орозо кармачу, – деп айткан.[3]
2. Ажыга барбагандар үчүн Арафа күнү орозо кармаган жакшы. Абу Катада ал-Ансаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Арафа күнүндөгү орозо тууралуу сурашты эле ал: “Арафанын орозосу ага чейинки жана андан кийинки жылга каффарат болот” – деди. Тактап айтканда Арафа күнү орозо кармоо ушул жана андан кийинки жылдагы майда күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот, эгер чоң күнөөлөрдөн алыс болсо.
3. Аллах Тааланы улуктап, аруулап, такбир, тасбих, тахлилди көбүрөөк айтуу керек. Аллах Талаа Куранда минтип айткан: “... анан белгилүү күндөрдө ырыскы кылып берген чарба жандыктарын (курмандыкка чалуу менен) Аллахтын атын эскеришсин...”.[4] Абдуллах бин Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) аяттагы “белгилүү күндөр” ушул он күндүк деп айткан. Аллахтын атын эскерүү дегени, Аллахка мактоо айтып, улуктап, аруулап Аны зикир кылуу деген маани.
Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аткарылган иш-амалдары сооптуу жана Аллахка жагымдуу болгон ушул он күндөн өткөн күн жок. Ошон үчүн келме айтууну, улуктоону жана алкыш-мактоону көбөйткүлө”, – деген.[5]
Абу Хурайра жана Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) ушул күндөрү базарга барып такбир айтып, андагы адамдарга такбир айтууну эскертип турганы айтылган.
Бул күндөрү айтыла турган такбирдин, б.а. Аллахты улуктоо сөздөрүнүн түрү көп. Алардын ичинен кеңири тараганы ушул: “Аллаху акбар, Аллаху акбар, лаа илааха иллаллооху валлооху акбар, ва лиллаахил хамд”.
4. Ибадаттын бардык түрүн көбөйтүү жакшы. Жогорудагы хадисте бул күндөрү аткарылган ибадаттардын сообу көп болору айтылды. Ошон үчүн намаз окуу, Куран окуу, садага берүү, дуба кылуу, ата-эне, тууган урукту зыярат кылуу, истигфар айтып, тобо кылуу, ж.б. жакшы иштерди көбөйтүү керек.
5. Он күндүктүн акыркы күнү, тагыраагы курмандык күнү, эгер жетишпей калса андан кийинки эки күндө курмандык чалуу зарыл.
6. Онунчу күнү курман айт намазын окуу керек.
Аллах Таала баарбыздын кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын!
Алайчы Сеитбеков
[1] Фажр сүрөсү, 1-2-аяттар.
[2] Тафсир Ибн Касир, 8/423.
[3] Абу Дауд, 4/205.
[4] Хаж сүрөсү, 28-аят.
[5] Имам Ахмад, 7/224.