Рамазандын орозосу тууралуу токума, жалган жана ишеничсиз “хадистер”
Рамазан айында орозо кармоо мусулмандын моюнуна жүктөлгөн парз, милдет. Кармаган адам үчүн эч кандай сооп-сыйы, пайдасы жок болсо да, Аллахтын буйругун аткаруу үчүн орозо кармообуз керек. Бирок, мээр, ырайымы чексиз Аллах Таала буйруган ибадаттарынын баарын пенденин дүйнө жана акыретине пайдалуу кылган. Орозо кармаган адам орозодон дүйнө жашоосу үчүн да, акырети үчүн да үлкөн пайда алат. Бул тууралуу Куранда жана пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистеринде көп айтылган.
Ошону менен катар, орозо тууралуу сүннөттө айтылбаган “сөздөр” да эл арасына кеңири тарап кеткен. Мындай “сөздөрдүн” таралуусуна биринчи кезекте, динден адаштырууну максат кылган дин душмандарынын эмгеги зор. Экинчиден, түз ниети менен, адамдарды ибадатка кызыктырууну максат кылып, ибадаттын сооп-сыйын ашыкча ашырып, же ашыкча коркутуп жиберген “аалымдар” себепкер. Ушундай адамдар тарабынан жалган “хадистер” токулуп, пайгамбардын хадиси деп айтылып, жайылтылган. Тилекке каршы, учурда мындай “хадистердин” маани-маңызына, туура-туура эместигине көңүл бурбай элге жайылтып жаткандар да жок эмес.
Төмөндө ушундай “хадистердин” кээ бирине токтолобуз:
1. “Рамазан айында бейиш башынан аягына чейин кооздолот. Рамазандын биринчи күнү Арштын алдынан салкын жел жүрөт, бейиштин алгачкы бүчүрлөрү бүрдөйт. Үр кыздар буга суктанып: “Оо, Рабби, ушул айда пенделериңден бизге күйөөлөрдү бер, аларга биздин, бизге алардын көзү кубансын” – дешет. Ошондо Аллах Таала минтип айтат: “Пенделеримден Рамазанда бир күн орозо кармаганы акак таштар менен кооздолгон чатырда үр кыздарына үйлөнөт. Аларды Аллах “(Күн тийбеген) чатырда үр кыздар бар” (Рахман, 72-аят) деп сыпаттаган”. Ар бир аялдын жетимиш миң аял, жетимиш миң эркек кызматчысы болот. Ар бир кызматчынын колунда алтын табагы бар. Табактагы тамактын ар бир үзүмүнүн даамы мурдагы үзүмүнүн даамына окшобойт. Ар бир аялда кызыл жакуттан жасалган жетимиш керебет, ар бир керебетте жетимиш мамык төшөк, ар бир төшөктүн үстүндө жетимиш жаздык болот. Анын күйөөсүнө да ушунча керебет, ушунча төшөк беилет. Мунун баары Рамазанда бир күн орозо кармаганы үчүн, башка жакшы амалдары үчүн эмес”. (Ибн Хузайма, 3/190, 1886-хадис; Абу Йаъла, Абу Масуъд ал-Гифариден риваят кылган). Бул хадисти кээ бир аалымдар жалган, кээ бирлер өтө ишеничсиз деген.
2. “Муса пайгамбар Аллахка кайрылып: “Аллахым, менден башка да бирөөнү мени урматтагандай урматтайсыңбы?” – деп сурайт. Аллах айтат: “Эй, Муса, менин акыр заманда чыгара турган пенделерим бар, мен аларды Рамазан айы менен урматтаймын. Мен сага караганда аларга жакын боломун. Мен сени менен сүйлөшкөндө ортобузду жетимиш миң тосмо тосуп турат. Ал эми Мухаммаддын үммөтү орозо кармап, эриндери кеберсип, жүздөрү саргайса, ооз ачаарда Мен жанагы тосмолорду алып салам. Эй, Муса, Рамазанда ким чаңкап, курсагы ачса ага Бейиш болсун, Мен ага жолукмайынча ыраазы болбоймун”. (Рух ал-Баян тапсири, Исмайил ал-Хаки ал-Ханафи). Бул “хадисти” жалган, токума, кызыктыруу үчүн да айтууга болбойт дешкен.
3. Пайгамбарыбыздан Рамазандагы Тараби намазынын артыкчылыгы тууралуу суралды эле, ал минтип айтты:
“Ыймандуу адам биринчи түнү тараби окуса, энесинен жаңы төрөлгөндөй күнөөдөн тазаланат.
Экинчи түнү окуса, анын да, ата-энесинин да күнөөсү кечирилет, эгер алар ыймандуу болсо.
Үчүнчү түнү окуса, Арштын алдынан бир периште: “Амалыңды уланта бер, сенин өткөн күнөөлөрүң кечирилди” дейт.
Төртүнчү түнү окуса, ага Тооротту, Инжилди, Забурду жана Куранды окугандай сооп берилет.
Бешинчи түнү окуса, Аллах ага Харам, Набави жана Акса мечиттеринде намаз окугандай сооп берет.
Алтынчы түнү окуса, Байт ал-Мамурду тооп кылгандай сооп берет жана ага таш-топурактын баары кечирим тилейт.
Жетинчи түнү окуса, Муса пайгамбар Фираунду жана Хааманды жеңгендей сыйга жетет.
Сегизинчи түнү окуса, Аллах Таала Ибрахим пайгамбарга бергендей сооп берет.
Тогузунчу түнү окуса, пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ибадатына берилгендей сооп болот.
Онунчу түнү окуса, аны дүйнө жана акыреттин жакшылыктары менен ырыскыландырат.
Он биринчи түнү окуса, дүйнөдөн өтсө энеден жаңы төрөлгөндөй таза өтөт.
Он экинчи түнү окуса, кыямат күнү жүзү толгон айдай жаркырап келет.
Он үчүнчү түнү окуса, кыямат күнү бүт жамандыктан аман болуп, корголуп келет.
Он төртүнчү түнү окуса, периштелер ага тараби окуду деп күбө өтөт, аны кыяматта Аллах Таала эсеп-кысап кылбайт.
Он бешинчи түнү окуса, ага Арш, Курсини көтөрүп турган ж.б. периштелер салават айтат.
Он алтынчы түнү окуса, Аллах аны тозоктон кутулду, бейишке ылайык болду деп жазат.
Он жетинчи түнү окуса, бардык пайгамбарларга бергендей сооп берет.
Он сегизинчи түнү окуса, периште: “Аллах сага жана ата-энеңе ыраазы болду” деп жар салат.
Он тогузунчу түнү окуса, Аллах анын даражасын Фирдаус бейишине көтөрөт.
Жыйырманчы түнү окуса, салих жана шейиттердин сообун берет.
Жыйырма биринчи түнү окуса, Аллах ага бейишке нурдан үй курат.
Жыйырма экинчи түнү окуса, кыямат күнү эч кандай кам-пикири жок келет.
Жыйырма үчүнчү түнү окуса, Аллах ага бейишке шаар салат.
Жыйырма төртүнчү түнү окуса, жыйырма төрт дубасын кабыл кылат.
Жыйырма бешинчи түнү окуса, Аллах аны кабыр азабынан сактайт.
Жыйырма алтынчы түнү окуса, Аллах ага кырк жылдык сооп берет.
Жыйырма жетинчи түнү окуса, кыяматта кыл көпүрөдөн чагылгандай өтөт.
Жыйырма сегизинчи түнү окуса, Аллах анын бейиштеги даражасын миң мертебе көтөрөт .
Жыйырма тогузунчу түнү окуса, миң кабыл болгон ажылыктын сообун берет.
Отузунчу түнү окуса, Аллах Таала: “Эй, пендем, бейиштин мөмөлөрүнөн жегин, Салсабил суусуна жуунгун, Кавсар булагынан ичкин. Мен сенин Раббиңмин, сен менин кулумсуң” – деп айтат”. ( Азирети Алиден (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган деп тараган). Бул “хадисти” жалган, токума, кызыктыруу үчүн да айтууга болбойт дешкен.
4. “Орозо кармаган кишинин уйкусу – ибадат, унчукпай отурганы – тасбих, амалдары – эселенген, дубасы – кабыл, күнөөсү – кечирилген” (Ибн Мандах; Ал-Байхаки). Бул хадисти көп аалымдар ишеничсиз дешкен.
5. “Ким Рамазанда бир күн себепиз жана оорубастан эле оозун ачып алса, кийин жыл бою орозо кармаса да ордун толтура албайт” (Тирмизи; Абу Дауд). Бул хадисти да ишеничсиз хадис дешкен.
6. “Мадина шаарында кармалган Рамазан орозосу башка жердеги орозодон миң мертебе сооптуу, Мадинада окулган жума намазы башка жерде окулган намаздан миң мертебе сооптуу”. Бул хадисти да ишеничсиз дешкен.
7. “Эгер Рамазанда эмне берилерин билишкенде, менин үммөтүм жыл бою Рамазан болсо деп самамак”. Бул хадисти жалган деп айтышкан.
8. “Орозо битир берилмейинче, Рамазан айы асман жердин ортосунда илинип турат”. Бул хадисти да ишеничсиз дешкен.
9. “Рамазанда жана Шаъбанда түндүн жарымында жүз ирекет намаз окуп, анда “Кул хуваллааху ахад” сүрөсүн миң жолу окуса, бейишке кирери сүйүнчүлөнмөйүнчө өлбөйт” (Ибн Абу ад-Дунуя). Бул хадисти жалган, токума хадис деп айтышкан.
10. “Рамазан айынын биринчи түнү болгондо, Аллах калктын үстүнөн карайт. Кимге Аллахтын назары түшсө, аны азаптабайт. Аллах Таала күн сайын миңдеген адамдарды тозоктон азат кылат. Ал эми жыйырма тогузунчу күнү буга чейин канча адамды азат кылса, ошончо адамды азат кылат”. Бул хадисти да ишеничсиз деп айтышкан.
11. “Ким Рамазан айында адал ырыскы менен ооз ачырса, периштелер ага Рамазан айы чыккыча салават айтат жана Кадыр кечесинде Жебирейил перише аны кучактайт. Жебирейил кимди кучактаса, анын жүрөгү жумшарат, көз жашы көбөйөт”. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай дегенде, бирөө: “О, Аллахтын элчиси, эмне менен ооз ачырса?” – деп сурады. “Бир аз тамак менен” – деп жооп берди. “Эгер тамак жок болсочу?” – деди тиги. “Бир үзүм нан да жарайт” – деди. “Наны да жок болсучу?” – деди. “Бир уурттам сүт мене ачырсын” – деди. “Аны да таба албасачы?” – деди. “Анда бир уурттам суу менен ачырсын” – деп жооп берди (Ибн Адий; Ибн Хиббан). Бул хадисти да өтө ишеничсиз деп айтышкан.
12. “Силерге берекелүү ай келе жатат, бул айда ким ыктыярдуу амалды аткарса, башка айларда парзды аткаргандай сооп болот. Ал эми бул айда парз амалды аткарса, башка айларда жетимиш парзды аткаргандай сооп болот. Бул айдын башталышы – ырайым, ортосу – кечирим, акыры – тозоктон азат кылуу. Бул айда ким орозо кармаган бирөөнү ооз ачырса, күнөөлөрү кечирилет, тозоктон азат болот, ага тиги орозо кармаган киши ээ боло тургандай сооп берилет, бирок тиги кишинин сообунан эч нерсе кемип калбайт” (Ал-Байхаки, Ибн Аъдий, Ат-Табарани, ж.б. Салман Фарсиден риваят кылышкан). Бул хадисти да ишеничсиз хадис дешкен.
13. “Рамазандын акыркы он күнүндө этикафка отурган киши эки ажы, эки умра аткаргандай соопко ээ болот” (Ал-Байхаки). Бул хадисти жалган деп айтышкан.
Рамазан айына тиешелүү мындан башка дагы көптөгөн ишеничсиз, жалган, токума “хадистер” көп, бирок алар биздин элге кеңири тарабагандыктан, аларга токтолбодум. Бул хадистердин арасында адамдарды ибадатка кызыктыруу үчүн же күнөөдөн коркутуу үчүн айтууга уруксат берилгендери да бар. Бирок, ишенимдүү хадистер айтканга жетиштүү болуп турганда, күмөндүү хадисти айтуунун кажети деле жок го. Жакшысы, динди сүйлөгөн адам пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Атайын менин атымдан жалган сүйлөгөн адам – тозоктон өзүнө орун камдай берсин” – деген сөзүн эсинен чыгарбаганы эп.
Алайчы Сеитбеков