“Мага бир салават айткан кишиге Аллах он салават айтат”. (Имам Муслим).
Пайгамбарыбызга салаватты Аллах Таала айтат, периштелер айтат жана адамдар айтат. Бул тууралуу Куранда: “Чынында Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтат. О, ыйманга келгендер! Силер да ага салават жана салам айткыла!” – деп айтылган.
Аллах Тааланын пайгамбарга салават айтканы: аны мактап, периштелердин жанында аны эскерет деген сөз.
Периштелердин пайгамбарга салават айтканы: ага дуба кылып, кечирим тилегени.
Ал эми биздин, адамдардын салават айтканы: анын атын жогору кылып, периштелердин жанында аны эскер деп Аллахка дуба кылуу болуп эсептелет.
Бир жолу: “Аллахума солли аьла Мухаммад...” деп айтсак, Аллах Таала бизди он жолу мактап, эскерет.
Эртең менен, түштө жана кечинде тамак ичүүнү адат кылгандай, пайгамбарыбызга салават айтууну да адат кылыңыз!
Пайгамбарыбыз (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Мага эртең менен он жолу жана кечинде он жолу салават айткан адамды кыяматта шапааткылып, колдоймун” – деген.
Бир ооз сөздү эртең менен, түштө, кечинде он жолудан айтып, Аллахтын мактоосуна, периштелердин алкоосуна, пайгамбардын колдоосуна ээ болсоңуз жаманбы?
Келиңиз, азыр баштаңыз...