Тозоктон орун камдаба!

“Менин атымдан атайын жалган сүйлөгөн адам – өзүнө тозоктон орун камдаптыр”. (Бухари жана Муслим).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтпаган сөздү “хадис” деп айтуу өтө чоң күнөө. Мейли ал “хадисте” пайдалуу, жакшы сөздөр айтылсын баары бир аны пайгамбар айткан деп айтууга болбойт.

Адамдарды туура жолго салуу үчүн, күнөөдөн тыюу үчүн, бейишке кызыктыруу үчүн, тозоктон коркутуу үчүн таасирдүү, мааниси терең сөздөрдү ойлоп таап жазып, же айтып, муну пайгамбарыбыз айткан деген адамдар болгон. Алардын ниети түз, калыс болгон, эч кандай жаман ишти максат кылган эмес. Бирок, ошого карабай аалымдар бир ооздон мындай адамдарды күнөөкөр деп эсептеп, жогорудагы хадисте айтылгандарга кирет деп эсептешкен.

Ошондой эле айтылган сөздүн хадис эмес экенин билип туруп, хадис деп айтып, тараткандар да ушундай күнөөкөр болот.

Сүйлөгөн ар бир сөзүбүзгө жооп берчү күн келет, тилибизге этият бололу...