Сүннөттөн баш тартпа!

“Менин сүннөтүмдөн баш тарткан адам – менден эмес”. (Бухари жана Муслим).

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнөн баш тартуу эки түрдүү болот, биринчиси: жалкоолук же кайдыгерлик кылып аткарбоо. Мисалы: оң кол менен  тамактануу сүннөт, кайдыгерлик кылып сол кол менен тамактанган адам сүннөттү аткарбаган болот. Тамактанып бүткөндө дуба айтуу сүннөт. Жалкоолук кылып дуба айтпай туруп кеткен адам сүннөттү аткарбаган болот. Буларды аткарбаганы үчүн сооптон, берекеден куру калат.

Экинчиси: сүннөттү четке кагып, шылдыңдап, моюнуна албай аткарбоо. Мисалы: узун кийим кийүү сүннөт, сакал өстүрүү сүннөт (көп аалымдар важыб деген), эми кимдир-бирөө узун кийинген кишини көргөндө: “Сөмтүрөп, жүдөп сүннөттү аткарганча жөн эле койбойбу” десе, же сакал койгон кишини: “Сакалы сапсайып” деп шылдыңдаса, өзү аткарбаганына сооп-сыйдан куру калганы аз келгенсип, күнөөгө да батат.
Ошон үчүн пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөттөрүн колдон келишинче аткарышыбыз керек. Аткара албасак, аткаргандарга сын такпай, тилибизди тишибизге катышыбыз керек.