Шайтанга эшик ачпагын!

“Кандайдыр бир жамандыкка кабылсаң: “Эгер мындай кылбаганымда, тигиндей болбойт эле” дебегин. Минтсең шайтанга эшик ачасың. Андан көрө: “Аллахтын тагдыры, Ал каалаганын аткарды” деп айткын”. (Имам Муслим).

Адам баласынын башына келген жамандык анын өзүнүн кылган ишине, пейилине, тилине, ниетине жараша болот. Ошол эле учурда муну Аллахтын ырайымы деп билүү керек. Анткени, Аллах эч кимге жамандык каалабайт, болгону эскертет жана ошол аркылуу күнөөлөрүн кечирет. Ошондой эле бизге жамандык сыяктуу сезилген иштердин көбүнүн артында жакшылык жашынып жатат. Мисалы: жумушка шашып жөнөдүңүз, аялдамага жетейин дегениңизде сиз тушчү автобус жылып кетти. Бул сизге жамандай сезилет. “Эгер байпагымды эртерээк таап бир мүнөт эрте чыкканымда жетишет элем” деп, байпагыңызды дайындап койбогон аялыңызга ачууланып, маанайыңыз түшөт. Кийинки автобус менен бара жатып, жанараак сиз жетишпей калган автобус жол кырсыгына кабылып, андагы адамдарды тез жардамга салып жатканын көрсөңүз “ырас эле жетишпей калган экенмин” дейсиз. Бул жөнөкөй мисал. Жамандыктын артында жашынган эчен жакшылыктарды, көбүнчө, биз билбей кала беребиз.

Чөнтөгүңүздөн 50 сом түшүрүп алсаңыз, өкүнөсүз, бирок эми этият болуп акчаңызды бек сактайсыз. Бул эскертүү болбогондо бир күнү 500, же 5000 сом жоготмоксуз.

            Ооруп калсаңыз сабыр кылып, эч нааразы сөз сүйлөбөңүз. Жакын арада өзүңүз билип, же билбей жасап алган кайсы бир күнөөңүз кечирилип жатат деп эсептеңиз. Чыпалагыңызга тикен сайылса, демек ошончолук бир күнөөңүз кечирилди деп билиңиз.