Иштер ниетке жараша болот

حَدَّثَنَا الْحُمَيْدِيُّ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ الزُّبَيْرِ قَالَ حَدَّثَنَا سُفْيَانُ قَالَ حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ سَعِيدٍ الْأَنْصَارِيُّ قَالَ أَخْبَرَنِي مُحَمَّدُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ التَّيْمِيُّ أَنَّهُ سَمِعَ عَلْقَمَةَ بْنَ وَقَّاصٍ اللَّيْثِيَّ يَقُولُ سَمِعْتُ عُمَرَ بْنَ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَلَى الْمِنْبَرِ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: "إِنَّمَا الْأَعْمَالُ بِالنِّيَّاتِ وَإِنَّمَا لِكُلِّ امْرِئٍ مَا نَوَى فَمَنْ كَانَتْ هِجْرَتُهُ إِلَى دُنْيَا يُصِيبُهَا أَوْ إِلَى امْرَأَةٍ يَنْكِحُهَا فَهِجْرَتُهُ إِلَى مَا هَاجَرَ إِلَيْهِ".

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) минбарда кутпа окуп жатып: “Мен Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уккам деди: “Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгы ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин көчүүсү жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине көчкөн болуп эсептелет”.

Хадистин түшүндүрмөсү:

Имам Бухари (аны Аллах ырайымына бөлөсүн) ишенимдүү хадистер топтомун мына ушул хадис менен баштаган. Бир эле Имам Бухари (аны Аллах ырайымына бөлөсүн) эмес, ан-Навави (аны Аллах ырайымына бөлөсүн) сыяктуу башка бир катар хадис топтогон аалымдар да китептерин ушул хадис менен башташкан. Анткени бул хадисте иш-аракеттерди аткаруудагы ыкластуулуктун зарылдыгы белгиленген. Адамдын ниети – анын аткара турган ишинин тамыры же пайдубалы десек болот. Ошон үчүн Аллах Таала мурдагы пайгамбарларга да, Мухаммад пайгамбарга да (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыкыластын зарылдыгы тууралуу эскертип: “Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн аткарууга, андан башка динден жүз үйрүүгө буйрулушту”[1] деп аян кылган.

Мына ушул хадис диндин негизин, тагыраагы, диндин негизи болуп эсептелген ыкластуулукту даңазалаган хадис. Бул хадисти диндин жана шарияттын жарымы десек жаңылышпайбыз. Анткени адам пенденин ар бир аткарган ибадаты, ар бир иш-аракети анын ниетине байланган. Ниети түз болсо гана кылганы жемишин берет, болбосо кылганынан кыпындай пайда көрбөйт. Ошон үчүн аалымдар диндин тең жарымы ушул хадисте айтылган деп баа беришет. Ал эми диндин калган жарым бөлүгүн “Ким биздин динибизге бидат кошсо, ал кабыл алынбайт”[2] деген хадис толуктайт дешкен. Себеби бул хадис: ар бир аткарылчу ибадат шариятта көрсөтүлүүсү керектигин туюндурат. Эгер шариятта жок, мурда-кийин эч ким аткарбаган кайсы бир амалды жакшы ниет, чын ыкылас менен жасасаң да, ишиң майнапсыз. Анткени бул кылганың шариятта көрсөтүлбөгөн. Демек, аткарган амалың чоңбу-кичинеби, азбы-көппү, кабыл болуусу үчүн мына ушул эки хадистин талабы аткарылуусу керек. Биринчиси: түз ниет, бекем ыкылас, экинчиси, шариятта бар амалды гана аткаруу. “Бардык иш-аракеттер ниетке жараша” деген хадис жалгыз Аллахка чын ыкылас менен ибадат кылуу зарылдыгын билдирсе, “...жаңылык кошсо...” деген хадис ибадатты пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөндөй аткаруу зарылдыгын билдирет. Бул эки хадисте бирдей Аллахка жана пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон ишеним катылып жатат. Аллахка ишенип, пайгамбарга ишенбеген, же пайгамбарга ишенип Аллахка ишенбеген адам мусулман болуп эсептелбейт. 

Экинчи хадис жөнүндө өз кезегинде кененирээк сөз кылабыз. Азыр болсо биринчи хадиске токтололу. “Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот” дегени, иш ниетсиз болбойт деген мааниде. Анткени адамга кайсы бир ишти аткарууга ниети түрткү болот. Бир эле ишти ар ким ар кандай ниетте аткаруусу мүмкүн. Бирөө акыреттеги сооп-сыйлыкты үмүт кылса, бирөө бул дүйнөдө көрчү пайдасын ниет кылат, дагы бирөө элге-журтка белгилүү болуу, таанылуу ниетинде аткаруусу мүмкүн. Натыйжада, кимиси кандай ниет менен аткарса, ошого жараша кайрымжысын алат. Ошондуктан бул хадис иш-аракеттердин ички сырынын таразасы катары бааланып, диндин жарымы деп эсептелет. Ал эми жогоруда Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген: “Ким биздин динибизге түпкүлүгү андан болбогон жаңылыкты кошсо, ал кабыл алынбайт” деген хадис иш-аракеттердин сырткы ачык көрүнүшүнүн таразасы. Кандай иш-аракет болбосун, эгер ал Аллах жана пайгамбар көрсөткөн жолго каршы, же андан ашыкча болсо, демек ал кабыл алынбайт. Жыйынтыктап айтканда, эгер иш-аракеттердин ички таразасы б.а. ниет бузулса, анда ал ширкке (көп кудайлуулукка) алып барат, ал эми сырткы таразасы бузулса, ал бидаатка (динде жок, жаңы пайда болгон иштер) алып барат. Натыйжада мындай иш-аракеттер турпатында аябай сооп-сыйлыктуу сыяктуу көрүнгөнү менен, аткарган адам анысына сооп-сый ала албайт, тескерисинче зыянын тартып калуусу толук ыктымал. Ушул эки хадистин маани-маңызы касиеттүү Куранда так-даана минтип айтылган: “Ким Жаратуучусуна (бактылуу) жолугууну кааласа, жакшы иш-аракеттерди аткарсын жана ибадат кылууда Жаратуучусуна башка эч нерсени шерик кылбасын”[3]. Аяттагы “жакшы иш-аракет-терди жасасын” дегени ибадатты пайгамбардын сүннөтүнө дал келе тургандай аткарсын, ал эми “ибадат кылууда Жаратуучусуна эч нерсени шерик кылбасын” дегени ибадатты чын ыкылас менен аткарсын дегенди туюндурат.

Хадистин “Чынында ар бир адам ниетиндегисине жетет”  деген уландысы, жакшыны ниет кылса да, жаманды ниет кылса да ниетиндегисин табат деген мааниде. Андан кийин хадистин уландысында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү ниетке, жакшы ниетке бир, жаман ниетке бир мисал келтирди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Кимдин көчүүсү дүнүйө үчүн болсо, же аялга үйлөнүү үчүн болсо” дегени, жаман ниетке мисал, “Ал эми кимдин көчүүсү Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын көчүүсү Аллахка жана Анын элчисине болот” дегени, жакшы ниетке мисал. Бирок, Имам Бухари (аны Аллах ырайымына бөлөсүн) “Ал эми кимдин көчүүсү Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын көчүүсү Аллах жана Анын элчиси үчүн болот” деген бөлүгүн жазып калтырган эмес.

Хадистеги “көчүү” деген сөз арап тилинде “хижра” деп айтылат. Ал эми хижра кылган кишини “Мухажир”, көптүк санда “Мухажируун” деп айтат, биз муну “Мухажирлер” деп да колдонуп жүрөбүз. Хижра – бул, каапырдык, көп кудайлуулук орун алган жерден Ислам орун-очок алган жерге көчүп чыгуу. Мусулмандар Меккени каратып алганга чейин, Меккеден жана анын ар тарабынан Мадинага көчүү важип болгон. Ким динди кабыл кылса, Мадинадагы мусулмандардын караанын көбөйтүү үчүн, анын Мадинга көчүп баруусу зарыл эле. Качан гана Мекке мусулмандардын колуна өткөндөн кийин, Мадинага көчүүнүн зарылдыгы жоюлду. Себеби эми Мекке да Ислам шаарына айланды жана мусулмандардын орун-очогу болуп калды. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо болсун): “Мекке алынгандан кийин көчүүнүн зарылдыгы жок”[4] деп айткан. Мекке мусулмандардын колуна өткөнгө чейин, андан Мадинага Аллахтын жана Анын элчисинин ыраазылыгына жетүү үчүн көчүп баргандар, ошол көчкөнү үчүн өтө чоң сооп-сыйга ээ болушту. Ошон үчүн: “Ал эми кимдин көчүүсү Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын көчүүсү Аллахка жана Анын элчисине болот” деп айтылган б.а. ага ушул иши жана ниети үчүн сооп-сыйлык жазылды.

Эмне себептен Меккеден Мадинага көчүп барса эле үлкөн соопко ээ болот деген суроо туулуусу мүмкүн. Биринчиден, туулган жердин топурагы алтын экени баарыбызга белгилүү. Өтө олуттуу себеп болгондо гана адамдар туулган жеринен башка тарапка оойт. Меккелик мусулмандар дагы туулган жерин, тууган-уругун таштап көчүп кетишкен. Алардын мындай кылуусуна динди сактап калуу зарылчылыгы түрткү болгон. Алар динин сактоо максатында, Аллахтын сөзүн ишке ашыруу үчүн көчүп чыгышкан. Экинчиден, көчүү дегенде биз бардык жүгүн артынып, мал-жандыгын айдап эч нерсесин калтырбай алып кетүүнү түшүнөбүз. Бирок Меккеден көчүү мындай болгон эмес. Сахабалар шаардан мал-мүлкүн алып чыгып кетүүсүн бутпарастар каалаган эмес. Ошондуктан көчкөндөрдүн көбү мал-мүлкү мындай турсун, өз кара жанын араң алып чыгып кетишкен. Ал тургай кээ бирлеринин али динге кире элек кайын журту аялдарын, балдарын алып калган учурлар да болгон. Көчкөндөрдүн көбү, малын, короо-жайын, курма бактарын бутпарастарга калтырып, керт башын эле алып чыгып кетишкен. Мындай кылуу, албетте жеңил эмес. Бирок, алардын жүрөгүндө динди сактоо зарылдыгы тургандыктан, ушинтип көчүүгө ыраазы болушкан. Мына ошондуктан көчмөндөрдүн кадыры да, сыйы да жогору болуп, аларга чоң-чоң сооп-сыйлыктар убада кылынган. Касиеттүү Куранда Аллах Таала көчмөндөрдүн ыкыласын, сабырын, чынчылдыгын, үмүтүн, такыбалыгын ж.б. сапаттарын кошо мактап, даңктаган. Мисалы, алардын ыкыласы, чынчылдыгы жана динге жардам көрсөткөнү тууралуу: “(Бул олжолор) журттарынан жана мал-келинен куулуп чыгарылган кембагал мухажирлерге. Алар (хижратта) Аллахтын пазилетин, ыраазылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллахтын (динине), пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер”[5] деп айтылган. Мухажирлердин сабыры тууралуу: (Бутпарастар тарабынан) залым чеккен соң, Аллах жолунда хижрат кылган адамдарга (бул дүйнөдө) эле жакшылык даярдап коёбуз. Бирок, эгер билишсе, акырет сыйлыгы үлкөн. Анткени алар сабыр кылган жана Жаратканга тобокелчи адамдар”[6] деп айтылган. Мухажирлердин үмүткөрлүгү тууралуу минтип айтылат: “Ал эми, ыйман келтирген, журтунан хижра кылган жана Аллах жолунда казатка чыккан адамдар, мына ошолор Аллахтын ырайымын үмүт кылышат”.[7] Кыйынчылыкта пайгамбарды (ага Аллах ыраазы болсун) ээрчип, жанында эш болушканы тууралуу минтип айтылган: “Аллах пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тобосун кабыл кылды. Алар араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда пайгамбарды ээрчиген эле. Кийин Аллах алардын тобосун кабыл кылды. Чынында Аллах аларга Ырайымдуу, Боорукер”.[8] Алардын акыреттеги абалы тууралуу минтип айтылган: “Ыйман келтирген, хижра кылган жана Аллахтын жолунда мал-жанын аябай казат кылган адамдардын даражасы Аллахтын алдында көп эсе жогору. Жаратканы аларды Өзүнүн ырайымы, ыраазылыгы жана түгөнгүс нээматтары бар Бейиштер менен кубандырат. Алар анда түбөлүк калышат. Чынында Аллахтын алдында үлкөн сооптор бар”.[9] Мындан сырткары да мухажирлердин артыкчылыгы тууралуу көптөгөн аяттар жана хадистер бар.

Ал эми кайра хадиске кайрылып, анын айтылуу себебине токтолсок, окуя мындайча болгон. Бир киши көчмөндөрдүн катарында Меккеден Мадинага келет. Бирок, анын ниети көчүү эмес, ошол Мадинадагы бир аялга үйлөнүү болгон. Айтымда, тиги аял, ага жуучу келген тиги кишиге эгер Мадинага келсең, сага турмушка чыгам деген экен. Анын сөзүн эки кыла албай тиги киши Мадинага келет. Аялды Умму Кайс  (Кайстын энеси) деп аташчу, кийин ага үйлөнүү үчүн келген кишини Мухажир Умму Кайс (Умму Кайска көчүп келүүчү) деп атап алышкан. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Кимдин көчүүсү жетчү дүнүйө үчүн же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине көчкөн болуп эсептелет” дегени ушул киши тууралуу айтылган. Тагыраак айтканда, ким аялга үйлөнүү үчүн көчүп келсе, ага эч кандай сооп жок, болгону ошол аялга үйлөнөт, ким башка бир дүнүйө максатында келсе, ал да ошол максатына жетүүсү мүмкүн, ал эми ким Аллах ыраазылыгы үчүн көчүп келсе, ага жараша сооп-сыйга ээ болот.



[1] “Баййина” сүрөсү, 5-аят.

[2] Имам Ахмад, 6\240; Имам Бухари, 2697; Имам Муслим, 1718.

[3] “Кахф” сүрөсү, 110-аят.

[4] Имам Ахмад, 1\226; Имам Бухари, 2783; Имам Муслим, 1864.

[5] “Хашр” сүрөсү, 8-аят.

[6] “Нахл” сүрөсү, 41-42- аяттар.

[7] “Бакара” сүрөсү, 218-аят.

[8] “Тобо” сүрөсү, 117-аят.

[9] “Тобо” сүрөсү, 20-22-аяттар.