1. Аллах - ибадат кылууга татыктуу чыныгы Кудай. Басымдуу аалымдардын пикиринде Аллах Тааланын «Исм ал - Аъзам» эң улуу ысмы - Аллах. Хадисте: "Аллахтын эң улуу ысмы бар, ким ошол ысымды айтып дуба кылса кабыл болот" деп айтылган. Аллах Таалага ыйман келтирип, өзүн мусулманмын деп эсептеген адам, ибадатын жалгыз гана Аллахка аткаруусу керек. Аллахка жүрөгү менен байланып, Андан гана үмүт кылып, Андан гана коркуу милдет. Аллах деген ысым Куранда эч кандай мүчө уланбай жеке өзү 2395 жолу айтылган.