2. Ар - Рахман - Ырайымдуу, мээримдүү бул дуйнөдө бардык жаратылган макулукатка ырайым кылат. Ошон үчүн бул дүйнө жашоосунда ыймандуу, ыймансыз, жакшы , жаман деп болбостон баарына бирдей ырайым кылып, жашоо, ырыскы, бакыт, ырахат тартуулайт. Жашоодо кандай жакшылык болсо, анын баары Ар - Рохман Аллахтын ырайымы деп билишибиз керек. Куранда "Бисмиллахтан" тышкары 57 жолу айтылган.