Курмандыкка жарактуу мал-жандыктар

Курмандык кылууга жарактуу мал-жандыктар: Аллах жолуна курмандык кылуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо жарым жашка толсо да курмандыкка жарай берет. Ал эми койдон башка жандыктар «саний» болууга тийиш. Эчки бир жылдыктан экинчи жылга өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө «саний» болуп эсептелет. Курмандыкка аталган жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болуусу керек. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, ылаңдаган ж.б.у.с. жандыктар курмандыкка жарабайт. Курмандык үчүн эң абзели – эки көзүнүн тегерегине жана буттарына кара түс аралашкан мүйүздүү ак кочкор.